ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Көрүлдү: 810

ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Программалык аккредитация - 2023

  1. Киришүү

№1 гимназия-жатак интернаты 1995-жылы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде эксперименталдык гимназия  класстары катары уюштурулуп, 1997-жылы өзүнчө №1 гимназия-мектеби катары түзүлгөн. Учурда гимназияда районубуздун 9 айыл өкмөтүнөн, Исфана шаардык мэриясынан, Сүлүктү шаарынан  илим-билимге умтулган шыктуу, таланттуу, зээндүү балдар-кыздар  окушат.

Аккредитациялануучу билим берүү программаларынын тизмеси:

-Негизги жалпы билим берүү программалары;

-Орто жалпы билим берүү программалары;

№1 гимназия-жатак интернатынын миссиясы:

Коомчулук, ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп, теориялык билимдерге жана практикалык көндүмдөргө ээ, социумдун өзгөрүп туруучу шарттарына оңой адаптацияланган, прогрессивдүү дүйнө таанымга ээ болгон, билимкөй, интеллектуалдык деңгээли жогору, маданияттуу, гумандуу, жеке көз карашка, позицияга ээ, азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоодо өз ордун таба билген, ар тараптуу өнүккөн инсанды тарбиялоо. 

№1 гимназия-жатак интернатынын жетекчиси жөнүндө маалымат: Директор - Тагаева Айнура Иманалиевна, телефону - 0772606975, электрондук дареги - tagaeva-1975@mail.ru;

№1 гимназия-жатак интернаты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 2-майындагы № 348/1 буйругу менен негиз жалпы жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча аккредитациялоодон өткөн жана № VS200000336 номерлүү сертификат берилген.

№1 гимназия-жатак интернатынын буга чейинки аккредитациясы жөнүндө маалымат:

Кезектеги аккредитациялоо (буга чейин аккредитацияланган программалар үчүн)

 №1 гимназия-жатак интернаты Лейлек РМАнын Ыраазычылык каттары, Ардак грамоталары, КРдин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак Грамотасы (2019-жыл), КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ыраазычылык каты ж.б. сыйлыктар менен сыйланган. Ардак грамота, диплом, сертификаттар: https://drive.google.com/drive/folders/1_dYlZXL-JeW4DRykZOVmT9Fm5CUj0lZA?usp=share_link Ыраазычылык каттар: https://drive.google.com/drive/folders/1WefPP4dZODKhxZFp0eSC5p12aXseYjpo?usp=share_link Окуучулардын сыйлыктары: https://drive.google.com/drive/folders/1itVx3jha1SkCg052lxVCDn33bpl6fs2l?usp=sharing

Дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Лейлек району, Раззаков шаары, М.Жалилов көчөсү, № 11, телефон номери - 0772606975, e-mail: ginternat@mail.ru;  

1. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ

1.1. Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү

№1 гимназия-жатак интернатынын окуу планы КРдин Билим берүү  жана илим министрлигинин 2022-жылдын 05-августундагы  № 1529/1  буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 2022-2023-окуу жылы үчүн түзүлгөн Базистик окуу планынын №4 тиркемесинин негизинде кыргыз тилинде окутуучу гимназияларга тиешелүү өзгөчөлүктөр эске алынып, кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык түзүлдү. Ар бир класстагы сааттардын жалпы саны бардыгы тиешелүү нормада сакталып, КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кыргыз тилинде окутуучу гимназиялар үчүн бекитилген жалпы норманын чегинде, ошол эле учурда гимназиянын вариантына айрым предметтердин сааттарына тереңдетип окутуу үчүн тандоо предмети компонентинин эсебинен кошулду. КРдин  Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 2-августундагы №585/1 буйругу менен бекитилген мектеп-гимназия жөнүндөгү Жобонун негизинде гимназия мектептери гуманитардык багытта иш жүргүзөт.

Тастыктоочу база

1. 1.1-1 №1 гимназия-жатак интернатынын 2022-2023-окуу жылы үчүн окуу планы
Окуу планы 2022-2023-окуу жылы үчүн.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1bB7pp6og7zmkwCegim59B6ZS40YkfRtn?usp=sharing

2. 1.1-2 КРдин Билим берүү стандарты
http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/96691?cl=ky-kg

3. 1.1-3 Стандарттар жана окуу программалары
https://kao.kg/%d0%bf%d1%80%d0%b5%d0%b4%d0%bc%d0%b5%d1%82%d0%bd%d1%8b%d0%b5-%d1%81%d1%82%d0%b0%d0%bd%d0%b4%d0%b0%d1%80%d1%82%d1%8b/

4. 1.1-5 Мугалимдердин календарлык-тематикалык пландары
https://drive.google.com/drive/folders/1rBhpWkgqo7QJf_MgmALNX8i3d3kHq5ST?usp=sharing

5. 1.1-4 Сабактар жана ийримдер жадыбалы
Сабактар жана ийримдер жадыбалы.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1BORqKu5MIg1tFmz4PE8G-18UgLHUYuRH?usp=sharing

6. 1.1-6 Регламент
https://drive.google.com/drive/folders/160aW5Giy1aKlUYM-a_l2x9n82lUd_4Ux?usp=sharing

7. 1.1-7 Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо
http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/95238

8. 1.1-8 Мектептин жылдык иш планы
https://drive.google.com/drive/folders/1pYzLKklfbJz4s9Z4TcPa80EOL4iJSODr?usp=sharing

9. 1.1-9 Окуу бөлүмүнүн иш пландары
https://drive.google.com/drive/folders/1cqf4d1zL_ZVv-CledGRn_qINHYGWT9NY?usp=sharing

10. 1.1-10 Тарбия бөлүмүнүн иш пландары
https://drive.google.com/drive/folders/1SV4qAkOXNNJIVxksOZ1x2En67wfy-3Dw?usp=sharing

11. 1.1-11 Чарбалык бөлүмдүн иш пландары
https://drive.google.com/drive/folders/1sRGuqZhNn7N2g7n9vZyNvjN7zvr7f9sy?usp=sharing

12. 1.1-12 Соцпедагогдун иш пландары
https://drive.google.com/drive/folders/1N2Oppn3hgmLQXTB0fZ60HUP5ZBtpZhDR?usp=sharing

13. 1.1-13 Тарбиячылардын жылдык иш пландары
https://drive.google.com/drive/folders/1S3pK1RKai8Vx9wV5ljXQjhpyZux1XGi6?usp=sharing

     1.2. Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү

№1 гимназия-жатак интернатында окуу-методикалык камсыздоо билим берүү стандартынын жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келет. Китеп фондунда 5297 китеп бар, анын ичинен 4252 предметтик окуу китептери, 969 даана көркөм адабий китеп, 176 даана методикалык китептер бар. 5 жыл ичинде китеп фондунун көрсөткүчү өскөн. 2022-2023-окуу жылында 5-9-класстардын 189 окуучусуна 2449 китеп бар болуп, китеп менен камсыздоо 85 % болду, 10-11-класстардын 47 окуучусуна 543 китеп бар болуп, китеп менен камсыздоо 79 %ды түздү, жалпы 5-11-класстардын 236 окуучусу үчүн 2992 китеп бар болуп, китеп менен камсыздоо 86,5 % ды көрсөттү. Ал эми окуу методикалык колдонмолордун саны - 176. 969 даана көркөм адабий китептерди окуучулар тынбай алып окушат. 5 жыл ичинде китеп фондунун көрсөткүчү өскөн. (5 жылдык китеп фондунун диаграммасы); 

Тастыктоочу база

1. 1.2-1 Китепканачынын Д-10 отчету, 5 жылдык
https://drive.google.com/drive/folders/14RiZJ-3tEuoVwkFBhGwAyE7Nwc40_G3C?usp=sharing

2. 1.2-2 Китепканачынын 5 жылдык китеп фонду боюнча диаграммасы жана анализи
https://drive.google.com/drive/folders/1X7SIzUfGYIL5atsuZw4o1XB9Kr42gcrF?usp=sharing

3. 1.2-3 Китепканага демөөрчүлөрдөн, түрдүү фонддордон келген китептер жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1CAp0Y1c30PGGyXA_-TMNEAJLqD8ODC_o?usp=sharing

4. 1.2-4 КРдин Билим берүү стандарты
http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/96691?cl=ky-kg

5. 1.2-6 КРдин ББИМдин буйруктары, сунуштары
https://drive.google.com/drive/folders/18Pu6-Gdm9L3KUdamsViGXeESzasqfbfY?usp=sharing

6. 1.2-5 Окуучулардын китеп менен камсыз болушу боюнча маалымат, 2022-2023-окуу жылы
https://drive.google.com/drive/folders/1WkTGDJ0rxD5dIUiu1BfnTKQgoGruIfn1?usp=sharing

7. 1.2-6 Китепкана, сүрөттөр
Китепкана, сүрөттөр.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/12zaklodvX9aU_EfYzxBgsg3kC9Du8eWu?usp=sharing

8. 1.2-7 Китепканачынын иш кагаздары
https://drive.google.com/drive/folders/1SPdRLfcoqPGYm3b8H5m0hz35mDMOtmJw?usp=share_link

1.3. Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу – методикалык адабияттардын фонду) болушу

Мектепте окуучулардын саны 236/116. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Окуучулар үчүн окуу китептери жетиштүү. Китепкананын жалпы фонду 5297 даана, анын ичинен окуу китеби 4252 даана, усулдук китептер 176 даана. Мектеп боюнча окуучулардын китеп менен камсыз болушу 86,5 %ды түзөт. Китептерди сактоодо атайын эрежелер колдонулат, аларды берүү жана кайтарып алуу журналдары бекитилген. Китепканачыга 0,5 ставкада эмгек акы төлөнөт. Анын пландары түзүлүп, бекитилген. Мектеп боюнча окуу-методикалык каражаттар менен камсыздалышы - 64 %. Окуучулар кыргыз, орус, англис тилиндеги китептерден пайдаланышат. Мектептеги маалыматтык ресурстар: 1. Жалпы окуу методикалык адабияттар: 5-11-класстар үчүн - 543; 2. Педагогикалык басылмалар (“Кут билим”, “КБ сабак” ж.б.); 3. internet; 4. Мектептин усулдук кенеши тарабынан иштелген усулдук сунуштар; 

Тастыктоочу база

1. 1.3-2 Китепканачынын 5 жылдык китеп фонду боюнча диаграммасы жана анализи
https://drive.google.com/drive/folders/1X7SIzUfGYIL5atsuZw4o1XB9Kr42gcrF?usp=sharing

2. 1.3-1 Китепканачынын Д-10 отчету, 5 жылдык
https://drive.google.com/drive/folders/14RiZJ-3tEuoVwkFBhGwAyE7Nwc40_G3C?usp=sharing

3. 1.3-3 Китепканага демөөрчүлөрдөн, түрдүү фонддордон келген китептер жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1CAp0Y1c30PGGyXA_-TMNEAJLqD8ODC_o?usp=sharing

4. 1.3-4 Китепкананын материалдык отчету
https://drive.google.com/drive/folders/1BaL_O_1leMGBiWXMYbyCqfs-9oPUdn-f?usp=sharing

5. 1.3-5 Китепкана боюнча маалыматтар, сүрөттөр
https://drive.google.com/drive/folders/1Y5fkEAO8LQ2ukEsnkaXQ5bDUQhmSkaQ7?usp=sharing

6. 1.3-6 Окуу китеп менен камсыз болуу экраны
https://drive.google.com/drive/folders/1qABJj4OcnIOqQZa0-IfJuNoULfXBW1e-?usp=sharing

1.4. Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу

Мектепти өнуктүрүү план программасынын негизинде билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу үчүн окуучулардын окуу программаларын өздөштүрүү деңгээлине жараша дифференцацияланган метод менен иш алып барат. Жөндөмдүү окуучулар менен жекече иш алып баруу колго алынган. Предметтик олимпиадаларда жана ЖРТда алдыңкы орундарды камсыздайт. Райондук, областтык олимпиадалардан жеңүүчүлөрүн чыгарууга аракет жасалат. Кесипке багыт берүү, тилдерди үйрөнүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлөт.  Кызыкдар тараптардан жана ата-энелерден сурамжылоо (анкета, интервью) окуу жылынын жүрүшүндө алынат. Бүтүүчүлөрдүн жалпы жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы боюнча жобонун негизинде бүтүрүүчүлөргө негизги жалпы билими тууралуу күбөлүк  жана орто жалпы билими тууралуу аттестаты берилип турат. 2018-2019-окуу жылында 38 күбөлүк, 29 аттестат, 2019-2020- окуу жылында 24 күбөлүк, 25 аттестат, 2020-2021- окуу жылында 39 күбөлүк, 27 аттестат, 2021-2022-окуу жылында 39 күбөлүк, 22 аттестат берилген.

Тастыктоочу база

1. 1.4-1 Стратегиялык план
https://drive.google.com/drive/folders/1YWUDL47WU_fKxcCNqQX9WykvC4J9eqeF?usp=sharing

2. 1.4-5 Бүтүрүүчүлөрдүн окуган окуу жайлары жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1HUJZQVuNcydE3X0aHfiq8v8_1Ilg92-8?usp=sharing

3. 1.4-8 "Жаш дебатчы" ийриминин катышуучуларынын ийгиликтери жөнүндө маалымат
http://bilim.edu.gov.kg/organizations/5107/

4. 1.4-3 Предметтик олимпиадалардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1-5b-BJUw2NTS5ImUc1xEqukWARNtO485?usp=sharing

5. 1.4-7 Гимназиянын медиа бурчу, "Жаш журналисттер" ийриминин катышуучуларынын ийгиликтери жөнүндө маалымат
Медиа бурч - 2023.pdf

http://bilim.edu.gov.kg/organizations/5107/

6. 1.4-2 Олимпиадалык топтордун пландары
https://drive.google.com/drive/folders/1dvXKSqGQQI7XDOL3F-90RRhU-BYd5Aia?usp=sharing

7. 1.4-4 ЖРТнын жыйынтыктары боюнча анализ
ЖРТ, 5 жылдык анализ.pdf

https://drive.google.com/drive/folders/1EhLUep5E7sR1QmuvNr9_sVW1dp2RoGrc?usp=sharing

8. 1.4-9 Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борборунун сынактарына катышкан окуучулардын ийгиликтери жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1MBfvblznu3Ff4RLI00qJHd5xm1ZCeuVh?usp=sharing

9. 1.4-6 Эл аралык "FLEX" программасынын жеңүүчүлөрү жөнүндө маалымат
http://bilim.edu.gov.kg/organizations/5107/

10. 1.4-10 Ата-энелер комитетинин иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1FHQdeu6-c7FA1eQIAhmFVAozR3ypmiLy?usp=sharing

11. 1.4-11 Класстан тышкаркы тарбиялык иштер
https://drive.google.com/drive/folders/1OuQJKs8nToe3YH3qlODZLtzEKcWXAks6?usp=sharing

2. КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО

2.1. Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу

Окутуунун максаттары мектептин методикалык кеңешинде жана методикалык бирикмелеринде, класстан тышкары иш алып баруу пландарында каралган, мамлекеттик билим берүү стандартына шайкеш келет. Максаттар окуучулардын компетенттүүлүгүн өнүктүүгө багытталган. Сабактардын максаттарын коюуда мугалимдин жана окуучунун иш аракети айкалышып, күтүүлүүчү натыйжа компетенттүү окутуунун  жыйынтыгына басым жасалат. Диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоонун негизинде окутуунун пландаштырылган максаттары ишке ашат. Сабактын максаты 3 негизги бөлүктөн турат.: билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк. Сабактын максатына жетишүү үчүн көрсөткүчтөрү тизмектелет. Негизги жана предметтик компетенттүүлуктөрдүн мамлекеттик стандартка дал келүүчүлүгү  каралат. №1 гимназия-жатак интернатынын бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликтери, окуучуларынын ЖРТда, олимпиадаларда, республикалык, эл аралык, спорттук  сынактарда ж.б. жараткан ийгиликтери окутуунун туура, максаттуу пландаштырылышынын жыйынтыгы. 

Тастыктоочу база

1. 2.1-1 Улуттук тестирлөө борборунун жыйынтыктары.
https://drive.google.com/drive/folders/1eNeeNl6fJXMZCEr_QZnhL5r4vY05nfus?usp=sharing

2. 2.1-2 Предметтик олимпиаданын жыйынтыктары
https://drive.google.com/drive/folders/1-5b-BJUw2NTS5ImUc1xEqukWARNtO485?usp=sharing

3. 2.1-3 ЖРТ жыйынтыктарына 5 жылдык анализ
https://drive.google.com/drive/folders/1ILMAR--GSwFLZYEw6vrmMLwBNTptfxyi?usp=sharing

4. 2.1-4 Эл аралык "FLEX" сынагы жөнүндө маалымат
http://bilim.edu.gov.kg/organizations/5107/

5. 2.1-6 Дебат жеңүүчүлөрү жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1DF8yU9KKxJBj-BeiZqJYmVLVcMb_nnP1?usp=sharing

6. 2.1-7 Республикалык сырттан өтүүчү сынактын жеңүүчүлөрү жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1SRNDq1OVbah4eix2jtRnVrEMpDy569D7?usp=sharing

7. 2.1-8 "Илим, техника жана ойлоп табуу" сынагынын жеңүүчүлөрү
http://bilim.edu.gov.kg/organizations/5107/

8. 2.1-5 Спорттук мелдештерде жеңишке жетишкен окуучулар жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1DF8yU9KKxJBj-BeiZqJYmVLVcMb_nnP1?usp=sharing

9. 2.1-9 Маданий-массалык иш-чаралардын жеңүүчүлөрү жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1g40l7x7NbKjS02q6_DIbIdaJ_RYIesyH?usp=sharing

10. 2.1-13 Директор алдындагы кеңешменин иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1iy1-uEYqxPniPZd2S3_ZsuOhezAq-3w5?usp=sharing

11. 2.1-10 Усулдук кеңештин пландуу, максаттуу иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1N2km73Jz_jt4iJAvK2cQ-X7HnvCGouNN?usp=sharing

12. 2.1-11 Усулдук бирикмелердин пландуу, максаттуу иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1WtsBXblkpLkBH1JMog887SMJviM3MOQ-?usp=sharing

13. 2.1-12 Педкеңешменин иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1jxNk-iaRE5QLfo3xY2Y-tRUkcCjf4n4f?usp=sharing

14. 2.1-15 Окуу бөлүмүнүн иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1cWuuUdFE-xCKIsuQpOcCs_6ACQD-_0Y2?usp=sharing

15. 2.1-16 Тарбиячылардын жатаканадагы окуучулар менен жүргүзгөн иштери
https://drive.google.com/drive/folders/13GtwlcsT6LDcxUnJNJvSvdBkcYEuzaZK?usp=sharing

16. 2.1-14 Тарбия бөлүмүнүн иштери
https://drive.google.com/drive/folders/13GtwlcsT6LDcxUnJNJvSvdBkcYEuzaZK?usp=sharing

2.2. Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу

Мектептеги мугалимдер компьтердик курстарда кошумча окушуп, сертификаттарды алышкан. Окутууда инновациялык ыкмаларды колдонуу көндүмдөрүнө ээ. Инновациялык технологияларды колдонуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Көпчүлук учурда интернат чубалгылары үзүлүп ыңгайсыздык жаратат. Мектепте 2 даана проектор, 18 даана компьютер, 8 даана телевизордун алтоосу смарт телевизор, 1 даана интерактивдүү доска бар. Мугалимдер сабакка керектүү материалдарды  интернет булактарынан алганга аракет кылышат. Санариптик байланышты өнүктүрүү колго алынган. Мектепте 23 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 12 мугалим компьютердик технология боюнча  2022-жылы “АЯН” окуу борборунан окушуп, сертификатка ээ болушкан, мугалимдердин өзүнүн ноутбуктары бар жана слайд, тесстерди түзүп сабактарына пайдаланышат. PISA даярдыгы боюнча тесстердин электрондук варианттары окуучулардан алынып жатат. Ар бир мугалимдин жеке ютуб каналдарында өздөрү даярдаган видео сабактары бар, түрдүү платформаларда окуучулар менен иштей алышат. 

Тастыктоочу база

1. 2.2-3 Ачык сабактардын иштелмелери
https://drive.google.com/drive/folders/1dxCtYZIktmez-WxmW6kQsqoj7UaRoCO-?usp=sharing

2. 2.2-5 Мугалимдердин электрондук даректери, ютуб каналдары жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/166UMFDct-FLdptO89AT--yo63OppUctx?usp=sharing

3. 2.2-1 Мугалимдердин курстан өткөндүгү боюнча маалыматтар, сертификаттары
https://drive.google.com/drive/folders/1tc-IL1_hFaGej_jmcc2FUgEJOavvRaQe?usp=sharing

4. 2.2-2 Санарип мугалимдер
https://drive.google.com/drive/folders/1Nz6XzdILFSmwqf0jDMbPsuyyqG_lgKTO?usp=sharing

5. 2.2-4 Алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1FWS_UDxbKFVky7PxkFGAA8XX2Dk4jpD9?usp=sharing

6. 2.2-6 Сабактар, видео
https://drive.google.com/drive/folders/1J-2lkD1Mk8aK6r9J0JZJMOofsSVSFENA?usp=sharing

2.3. Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу

Билим берүүнүн стандарттык талабына ылайык баалоодо жана корректировкалоодо баалоонун түрлөрү колдонулат: сырткы баа берүү, ички баа берүү, мониторинг,  байкоо жүргүзүү, маектешүү, өзүнө баа берүү, маалыматтарды чогултуу. Мектеп админстрациясы предметтер боюнча чейрек алдында жана аягында мониторинг жүргүзүп турат. Ар чейректин жыйынтыгында ар бир класста ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, окуучулардын билим сапаты жана жетишкендиктери боюнча маалыматтар класс жетекчи тарабынан берилет. Билим сапаты боюнча 30 % дан төмөн көрсөткөн предметтер боюнча иш жүргүзүлөт жана тажрыйбалуу мугалимдер тарабынан усулдук жардам көрсөтүлөт. Жылдын аягында жыйынтыгы чыгарылып, өткөн жылдагы жыйынтык менен салыштырылып баа берилет. Окуучулар тестирлөөгө активдүү катышып турушат. 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү ЖМАга толугу менен кирип, ийгиликтүү тапшырып, тиешелүү документтерге ээ болуп жатышат. Окуучулардан жана ата-энелерден сурамжылоо, анкеттөө, өз оюн жазып калтыруу ж.б. түрүндө кайтарым байланыш алуунун процесси уюштурулган. Педагогдордун ишинин ыкмаларын жана технологияларын корректировкалоо максатында окутуунун натыйжаларын жана сабактарды талдоо, ошондой эле өзүн-өзү талдоо иши туруктуу жүргүзүлөт.

Тастыктоочу база

1. 2.3-1 Билим сапаты боюнча 5 жылдык анализ
https://drive.google.com/drive/folders/1_gRq1DyVaVZTMewOdB3TrmyQRqQrvtbI?usp=sharing

2. 2.3-2 Ички мониторингдин жыйынтыктары
https://drive.google.com/drive/folders/192Oy_w7Jv3WJ8pNM46SIL8kzr2-5CyQT?usp=sharing

3. 2.3-3 2022-2023-окуу жылындагы 1-чейрек боюнча жетишүү, катышуу маалыматы
https://drive.google.com/drive/folders/1eflRNaH5dB3D9ImWEfwA3185QThyG8p2?usp=sharing

4. 2.3-4 2022-2023-окуу жылындагы 2-чейрек боюнча катышуу, жетишүү маалыматы
https://drive.google.com/drive/folders/1n1kD7YTBAUZvxB_WLH1GmXsgkxQ0J_gV?usp=sharing

5. 2.3-5 2022-2023-о.ж. 1 жарым жылдыгынын жыйынтыгы
https://drive.google.com/drive/folders/1n7OBE_htupLslGilpLF23reHDAQIIr15?usp=sharing

6. 2.3-6 Сырткы мониторингдин жыйынтыктары
https://drive.google.com/drive/folders/1mK3T5yf1JcM9JA4ZwIb8XzXh32coO0Ov?usp=sharing

2.4. Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу

Окуучулардын компетенттүүлүктөрүн, жетишүүсүн, билим сапатын баалоодо текшерүүнүн түрдүү формаларынан пайдаланылат: диктант, контролдук иш, эссе, тест, Kahoot программасы жардамында онлайн тест, телеграмдын жардамында онлайн тест ж.б. Окуучуларга, ата-энелерге окуу жылынын башында баалоонун эрежелери тааныштырылат. Ар бир класста окуучулардын жетишкендиктери диаграмма менен чагылдырылат. Окуунун мыктылары аныкталып, тизмеленип, сүрөттөрү жана алган сыйлыктары мектептин атайын бурчунда илинген. Окуучулардын жетишкендиктерин (жазуу иш, лабораториялык, практикалык иштерин, долбоорлорду ж.б.) баалоо үчүн ченемдер жана баалоо критерийлери бекитилген жана колдонулат. Предметтер жана класстар боюнча жетишкендиктерди туруктуу мониторингдөө жана баалоо жүргүзүлөт. Мектепте окуучулардын жетишкендиктерин баалоо системасы: класстык журнал, окуучунун күндөлүгү, өздөштүрүү экраны, мониторинг, сынамык тест, онлайн тест ж.б. Чейрек жыйынтыгында ата-энелерге окуучунун баалары боюнча маалымат берилет. Мектептеги ар бир класста окуучулардын жетишкендиктери диаграмма менен чагылдырылат.

Тастыктоочу база

1. 2.4-1 Окутуудагы жетишкендиктерди баалоонун системасы жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1L_o0fTX8F5vWKSEjAIzIsG7AtQbwDX3A?usp=sharing

2. 2.4-2 Баалоо боюнча жоболор
https://drive.google.com/drive/folders/17UBDezErtVrLghgnu3LbTyhZRRbSqM0L?usp=sharing

3. 2.4-3 Окуучуларды шыктандыруу максатындагы стипендиялар жөнүндө маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1g3FAfNiyj7BeXOQoe_bv1LftIiqlaRLV?usp=sharing

4. 2.4-4 Ички баалоо жыйынтыктары
https://drive.google.com/drive/folders/16SXXHlkDCV5euBBvqArOTiWhae97F881?usp=sharing

5. 2.4-5 Сырткы баалоо жыйынтыктары
https://drive.google.com/drive/folders/1mZdKE1cL7tpfkW7e-3UksvRLYR-PZIiv?usp=sharing

6. 2.4-6 Сабактар боюнча текшерүү иш, лабораториялык, практикалык иштердин, дил баян, жат жазуу, тесттердин ж.б. баалоо критерийлери
https://drive.google.com/drive/folders/1OE2Kp2TnOc1iI_ZiF5kXDjTSspmpn-KO?usp=sharing

7. 2.4-7 Окуучулардын жетишкендиктери боюнча диаграммалар
https://drive.google.com/drive/folders/10ELqTinjllNUXzcYQ1DoMQP0N8gh3HO6?usp=sharing

2.5. Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу

Окуу жылынын башында окуучуларга жана ата-энелерге баалоонун эрежелери, жол-жоболору, кайра кароо процедурасы тууралуу маалыматтар тааныштырылат. Бул маалыматтар ар бир класстын атайын бурчунда илинет. Билим берүү стандартынын негизинде  мектепте колдонулуучу баалоо критерийлери: Окуучулардын жазуу иштерин баалоо критерийлери; Окуучулардын оозеки жоопторун баалоо критерийлери; Текшерүү, лабораториялык, практикалык иштерди баалоо критерийлери; Тесттик тапшырмаларды баалоо критерийлери; Окуучуларды шыктандыруучу баалоо критерийлери. Предметтик мугалимдер тарабынан да окуучуларга баалоонун критерийлери боюнча сабактарда системдүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп барат. Чейрек сайын ата-энелер чогулуштары өтүлүп, окуучунун жетишкендиктери, баалары жөнүндө маалымат класс жетекчилер тарабынан берилип турат. Окуучунун күндөлүгүнө да баалар өз убагында коюлуп, жума сайын ата-энелер тарабынан текшерилип, кол коюлуп, класс жетекчи менен ата-эненин ортосунда диалог жүрөт.

Тастыктоочу база

1. 2.5-5 ЖМАны өткөрүү жөнүндө жобо
https://drive.google.com/drive/folders/1yDBr5o_b-Yx09aqEJw_4NtEDDuiZU8Fd?usp=sharing

2. 2.5-6 Дептерлерди текшерүү жөнүндө жобо
Дептер текшерүү ЖОБОСУ.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1nG4lfHCNmZxtr8VAAXTQSa9s6x_0u9en?usp=sharing

3. 2.5-1 Баалоо боюнча жоболор
https://drive.google.com/drive/folders/1nsM29AjlTMivKS8jZA81jvXyrFuyeJbd?usp=sharing

4. 2.5-7 Күндөлүк жүргүзүү жөнүндө жобо
Күндөлүк жобосу.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/101nXZNwdyHbJAJmCR36ZqEmQqD27igyT?usp=sharing

5. 2.5-2 Баалоо усулдары, түрлөрүнүн системалуу колдонулушу
https://drive.google.com/drive/folders/1Ccs8fvBkNcubwvXrD7N3BNyfDrixJdJ-?usp=sharing

2.6. Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу

Мектепте балдарды окутууда физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрө түзүлгөн. Класс жетекчилер тарбиялык сааттарды өтүп, окуучулардын психологиялык туруктуулугуна кам көрүшөт. Психологиялык ыңгайлуулуктарды түзүү жана ден соолукту чыңдоо максатында предметтик, маданий-массалык жана спорттук ийримдер бар. Мектептин антитеррордук коопсуздугу боюнча паспорту, жарандык коргонуу иш планы түзүлгөн, эвакуация планы иштелип чыккан. Кридордо 2, мектеп короосунда 2 видеокөзөмөл бар. Жылына 2 жолу жалпы ата-энелер, чейрек сайын окуучулар арасында мониторинг, сурамжылоо алынат. Жыл сайын массалык ден соолукту чыңдоочу, комплекстүү мелдештердин планы түзүлүп, иш алып барылат. Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү, райондук билим берүү бөлүмү жана мектеп менен биргеликте иш-чара түзүлгөн. Райондук балдар менен иштөө инспекциясы мектепке келип, окуучуларга таалим-тарбия боюнча докладдарды окуп, балдардын укуктары, милдеттери жөнүндө маалымат беришет.  

Тастыктоочу база

1. 2.6-5 Коопсуздук эрежелери
https://drive.google.com/drive/folders/1drQWbPgEQDc49ub-2gXfJShSJn4RnSS3?usp=sharing

2. 2.6-2 Кылмыштуулуктун алдын алуу иштери
03-18 Мектептеги кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1QLj99gh793bwXiTU6vOXEwTEkYHckvkQ?usp=sharing

3. 2.6-3 Коопсуз чөйрөнү түзүү жөнүндө жобо
Коопсуздук чөйрө жөнүндө Жобо.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1pKUmSNSiLtCnZaKFDez_tYPrDI_zeob0?usp=sharing

4. 2.6-1 Жарандык коргонуу
Жарандык коргонуу.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1iCHpOIp3g6E8EBFz7lnQU5JDdbWPGsiS?usp=sharing

5. 2.6-4 Класс жетекчилердин иш пландары, тарбиялык сааттардын пландары
Класс жетекчилик боюнча жылдык иш план.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1G6iZx1J7QUcYzcEKRtnJ_IK2tieXH6Ah?usp=sharing

6. 2.6-6 Ийримдер жөнүндө анализ
Ийримдердин анализи.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1IQ8ZkMtqbe8YLfy3rtksH5djUtlr02fC?usp=sharing

7. 2.6-7 Эвакуация планы
Эвакуация планы.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1Lp5yDuAgvW4-EI44DyUJqdhhDHO7A2-U?usp=sharing

8. 2.6-8 Ийримдер иштери боюнча жетишкендиктер
http://bilim.edu.gov.kg/organizations/5107/

2.7. Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы

2017-2018-окуу жылын  231/112  окуучу аяктады.Алардын “эң жакшы“ баага окугандары 24/21 , “жакшы” баага окугандары 119/68 , “аралаш” баага окуган окуучулар 88/23. 5-класс 51%, 6-класс 80%, 7-класс 69%, 9-класс 41,5%, 10-класс 82%, 11-класс 68% көрсөткүчкө ээ болуп, 2017-2018- окуу жылынын жыйынтыгы менен билим сапаты 62,6%ды түздү.

2018-2019-окуу жылын 238/116 окуучу аяктады. ”Эң жакшы” баага окуган окуучулар 24/19, ”жакшы” баага окугандары 119/67, ”аралаш” баага окугандары 95/30. 5-класс 59%,6-класс 54%, 7-класс 59%, 8-класс 46%, 9- класс 55%,10-класс 56%,11-класс 79% көрсөткүчкө ээ болуп, 2018-2019- окуу жылынын жыйынтыгы менен билим сапаты  60%ды көрсөттү. Жыйынтыгында  2017-2018- окуу жылына салыштырмалуу 2,6%га билим сапаты төмөндөгөн.

2019-2020-окуу жылын 253/123 окуучу аяктады. “Эң жакшы” баага окугандар 40/31,”жакшы”баага окугандар 144/78, “аралаш” баага  окугандар 69/14. 5-класс 84%,6-класс 80%,7-класс 61%,8-класс 72%, 9-класс 58%,10-класс 73%,11-класс 72% көрсөткүчкө ээ болуп, 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен билим сапаты  72%ды көрсөттү.

Жыйынтыгында 2018-2019- окуу жылына салыштырмалуу 12%га өсүү болгон.

2020-2021-окуу жылын 269/137 окуучу аяктады. ”Эң жакшы” баага окугандар 36/30, ”жакшы” баага окугандар 134/74, “аралаш баага” окугандар 99/33. 5-класс 70,5%, 6-класс 65%, 7-класс 58,5%,8-класс 46%, 9-класс 81,5%, 10-класс 67%, 11-класс 41% көрсөткүчкө ээ болуп, 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен билим сапаты 63%ды көрсөттү.

Жыйынтыгында 2019-2020-окуу жылына салыштырмалуу 9%төмөндөө болгон.

2021-2022- окуу жылын 229/114 окуучу аяктады.”Эң жакшы” баага окугандар 50/39, “жакшы” баага окугандар 114/53%, ”аралаш” баага окугандар 65/23.5- класс 81%, 6-класс 64%, 7-класс 76%, 8-класс 72%,9- класс 42%,10-класс 90%,11-класс 72% көрсөткүчкө ээ болуп, 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен билим сапаты 65% болду.

Жыйынтыгында 2020-2021-окуу жылына салыштырмалуу 2%га өсүү болгон.

5 жылдык жыйынтык боюнча 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгына караганда 2021-2022-окуу жыл аралыгында билим сапаты 2,4%га өскөн. 

2017-2022-жылдар аралыгындагы 5 окуу жылында  №1 гимназия-жатак интернатынын бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТ көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы:

2017-2018-окуу жылында ЖРТ боюнча орток упай - 151,19 упай;

2018-2019-окуу жылында ЖРТ боюнча орток упай - 152,41 упай;

2019-2020-окуу жылында ЖРТ боюнча орток упай -160,08 упай;

2020-2021-окуу жылында ЖРТ боюнча орток упай -154,25 упай;

2021-2022-окуу жылында ЖРТ боюнча орток упай -153,45 упай;

Тастыктоочу база

1. 2.7-2 Билим сапатына мониторинг, 2022-2023-о.ж..pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1vQedmVshN3VzrJddbeOds9i_tVi9kdwu?usp=sharing

2. 2.7-1 Билим сапатына 5 жылдык анализ
Билим сапаты, 5 жылдык анализ.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1Y5fkEAO8LQ2ukEsnkaXQ5bDUQhmSkaQ7?usp=sharing

3. 2.7-3 ЖРТ жыйынтыктары боюнча 5 жылдык анализ
https://drive.google.com/drive/folders/1nmaRuhLx0YOsGW79yTuBw33EzJQaYCx9?usp=sharing

4. 2.7-4 Эл аралык "FLEX" программасынын жеңүүчүлөрү
http://bilim.edu.gov.kg/organizations/5107/

5. 2.7-5 Сыйлыктар, №1 гимназия-жатак интернаты
Ардак грамота, диплом, №1 гимназия.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1F0dEvF_kRbzoGLxDr4ztaV57zYk4XLLl?usp=sharing

6. 2.7-6 Окуучулардын сыйлыктары, жетишкендиктери
Сыйлыктар окуучулар.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1ApEPTedpJOGzX_K8Ec7WTQNYNQPkahTm?usp=sharing

7. 2.7-7 Бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар
https://drive.google.com/drive/folders/1wiXu_NWdwFduoNvhgcWBZwsLbu3Herpf?usp=sharing

2.8. Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу

Кызыктар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболору бар. №1 гимназия-жатак интернатынын окуу бөлүгүндө, жатаканада, ашканада сунуштар жана сын-пикирлер китеби, кайрылуулар жана арыздарды каттоо китеби уюштурулган. Ишеним телефону иштейт. Окуучулар үчүн ишеним кутусу аркылуу келген кайрылуулар, арыздар жана сын-пикирлер мазмунуна карай мектеп администрациясынын, этика комиссиясынын, чыр-чатактардын алдын алуу комиссиясынын, профсоюз уюмунун, жашы жете электер менен иштөө комиссиясынын, ата-энелер комитетинин, айылдык аксакалдар кеңешинин, аялдар кеңешинин, жаштар уюмунун кароосуна жөнөтүлөт жана жообу мектеп директоруна берилет. Мектепте ишеним кутучасы жөнүндө окуучуларга маалымат берилип турат. Ишеним кутучага окуучулар анонимдүү түрдө мектептеги иш-чаралар, мугалимдердин сабак өтүүсү, мамилеси ж.б.көйгөйлөрдү жазып турушат. Ата-энелерден мектеп иши жөнүндө көз карандысыз суроо-жооптор алынат.

Тастыктоочу база

1. 2.8-5 Түстүү сүрөттөр
https://drive.google.com/drive/folders/1bTi_-NqadYuML6uoTlrwNk1LtLLvnpG7?usp=sharing

2. 2.8-1 Ишеним кутусу жөнүндө жобо
https://drive.google.com/drive/folders/128Dp0Qb18fYVrWAYtv0SKqIcLl0GnCVF?usp=sharing

3. 2.8-2 "Ишеним кутусу" боюнча жүргүзүлгөн иштер
https://drive.google.com/drive/folders/1SjmaM_re3dORL284q-DD-HL0jAvfDpvB?usp=sharing

4. 2.8-3 Ата-энелерден алынган сурамжылоо, анкетирлөө иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1nYn-l2BsCbSKreoXmisULDv6urysHnBq?usp=sharing

5. 2.8-4 Окуучулардан алынган сурамжылоо, анкетирлөө иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1Da9YEVv_m2D4F6M4uH2hdcd0gCyBMv2C?usp=sharing

3. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

3.1. Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү

Мектеп педагогикалык кадрлар менен 100 % камсыз болгон. Жалпы мугалимдердин саны - 23. Мугалимдердин баары жогорку билимдүү. Педагогикалык курам квалификацияларга жана билимдерге (анын ичинде адистигине шайкеш келүү) карата коюлуучу талаптарга ылайык комплекттелген, 95, 5 % мугалим өз адистиги боюнча сабак берет.

1. 3.1-3 Курстун сертификаттары
Курстун сертификаттары - 2023, жалпы мугалимдер.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/14SZDbijKwV7iRGjHvDTFiCQ8KHV2EsPu?usp=sharing

2. 3.1-1 Сапаттык курам
Сапаттык курам 18.02.2023.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1GVRKjeVW0r9N22MvMQ8R7ZN_A7X0vUUv?usp=sharing

3. 3.1-2 Мугалимдердин дипломдору
https://drive.google.com/drive/folders/1YtDdFYe3GiGiMP4lsF-iXtCTxC-IeXX4?usp=sharing

4. 1. 3.1-4 КРдин Эмгек кодекси
https://instagram.com/gymnasium1.media?igshid=NDk5N2NlZjQ=

5. 3.1-5 Мугалимдердин тарификациясы
Тарификациялык тизме 2022-2023.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1GimQTTv4Q8uO_6epzs_aL_AX_a9U3MBo?usp=sharing

3.2. Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу

Балдарды окутууда физикалык, психологиялык коопсуз чөйрө түзүлгөн. Класс жетекчилер тарбиялык сааттарды өтүп, окуучулардын психологиялык туруктуулугуна кам көрүшөт. Психологиялык ынгайлуулуктарды түзүү жана ден соолукту чыңдоо максатында предметтик, маданий-массалык жана спорттук ийримдер бар. Антитеррордук коопсуздук боюнча паспорт, жарандык коргонуу иш планы түзүлгөн. Эвакуация планы иштелип чыккан. Коридордо 2, короосунда 2 видео көзөмөл бар. Мектепте эмгектенген кадрлар үчүн физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү түзүүдө эмгекти коргоо, эмгек тартибин сактоо иш-чаралары, эмгекти калыс баалоо, эмгек жамаатынын ортосундагы моралдык-психологиялык климатты, алардын ынтымагын жана биримдигин чыңдоо аркылуу бир максатка умтулуу, кызматкерлердин өз укук, милдеттерин так билүүсү боюнча педагогикалык, директор алдындагы кеңешмелерде, кесиптик бирликтин иш пландарында маселелер каралган. Иш пландар түзүлгөн, тиешелүү буйруктар чыккан. Эскертүүчү белгилер, ишеним телефондор илинген. Жылына 2 жолу ата-энелер, чейрек сайын окуучулар арасында мониторинг алынат. Жыл сайын массалык ден соолукту чыңдоочу, комплекстүү мелдештердин календардык планы түзүлүп, иш алынып барылат. Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү, райондук билим берүү бөлүмү жана мектеп менен биргеликте иш-чара түзүлгөн. Райондук балдар менен иштөө инспекциясы мектепке келип,таалим-тарбия боюнча докладдарды окуп, балдардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат беришет.

Тастыктоочу база

1. 3.2-2 Коопсуздук боюнча инструкциялар
https://drive.google.com/drive/folders/1kXOgvk4kZv7PN8ZOAmdA1yJ__rxd3JWR?usp=sharing

2. 3.2-3 Тарбиялык сааттардын пландары жана иш-чаралар
тарбиялык сааттардын планы.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1sXlcK9fIJrM8fpnPSbCH5slojgfFRQ3k?usp=sharing

3. 3.2-4 Соцпедагогдун иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1xQnrRsYxcWDBxedloIcgsB7Casc5SC6t?usp=sharing

4. 3.2-8 Мугалимдик кызматкердин этикасы жөнүндө жобо
этика жөнүндө ЖОБО.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1qgBASl2uH_5yiQOYdHuvBZPQcAPYOCm9?usp=sharing

5. 3.2-9 Окуучулардын жүрүм-турум эрежелеринин этикалык-ченемдик нускамасы
Жүрүм-турум эрежелери (1).pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1yyqI68s6qa-QsVEwjlJA1MO8c4HaR8_B?usp=sharing

6. 3.2-1 Санитардык-гигиеналык эрежелер
https://drive.google.com/drive/folders/1qGrnx5376alf8xzPukRw9z34eibv24tl?usp=sharing

7. 3.2-5 Өрт коопсуздук эрежелери
https://drive.google.com/drive/folders/1B2CYOziZs6ZSS8zPOK0fADjwUetL8WAn?usp=sharing

8. 3.2-6 Эмгекти коргоо боюнча иштер
https://drive.google.com/drive/folders/1xjZJTKYRpPz6WowQGWeTqUPcbP-ms0oB?usp=sharing

9. 3.2-7 Коопсуздук талаптарын сактоо боюнча буйруктар
Коопсуздук сактоо буйруктары.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1VpQAd5vV36BWisTjYkB8Om-LVK3p0KSe?usp=sharing

10. 3.2-10 Келишимдер (Ата-эне, окуучу, класс жетекчинин ортосунда түзүлгөн)
https://drive.google.com/drive/folders/10RIDXlTQwA3-N8WTdLuRAP7nCdqNLI_i?usp=sharing

11. 3.2-11 Этика комиссиясынын иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1B1Vrm9Ec--Dkz_133Xb8yZ9b7EFpB7bD?usp=sharing

12. 3.2-12 Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү түзүү жөнүндө жобо
Коопсуздук чөйрө жөнүндө Жобо.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1f7DqD0UUJGGN5oznDSCbgb5bvD0y6UNO?usp=sharing

13. 3.2-13 Медайымдын жылдык иш планы, жасаган иштери жөнүндө маалыматтар, сүрөттөр
https://drive.google.com/drive/folders/136Q4fu8AYOq3J1uxxONkldn0itW9r62T?usp=sharing

14. 3.2-14 Жатаканадагы тарбиячылардын иш пландары, тарбиялык сабактар планы, жатаканадагы тартип эрежелери, сүрөттөр, видеолор
https://drive.google.com/drive/folders/1lg-rjla2U4anoGIQ2uZNjKbmW6qb80zJ?usp=sharing

3.3. Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу

№1 гимназия-жатак интернатында эмгектенген 23 мугалим 100 %  квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн, заман талабына жараша үзгүлтүксүз өз билимин өстүрүүнүн үстүндө иштеп келишет. Педагогдордун квалификациялык деңгээли КРдин Билим берүү мыйзамынын талаптарына шайкеш келет. Мектеп администрациясы тарабынан бул багытта иш пландар, курстан өтүүнүн графиктери, усулдук окуулардын пландары түзүлүп, ар жуманын дүйшөмбү күнү  окуу, семинар, тренингдер өткөрүлүп турат. Кесиптик өнүгүү планы ар жылдын жыйынтыгын анализдөө менен түзүлөт, мектептин стратегиялык планына киргизилген. Ар бир мугалим кесиптик өнүгүүсүнүн өздүк индивидуалдуу планын иштеп чыгат. Усулдук бирикмелер натыйжалуу иштейт. Насаатчылык системасы бекитилген жана колдонулат. Мугалимдердин эмгеги, ийгиликтери  өз убагында мектеп администрациясы тарабынан бааланып, шыктандыруучу сыйлыктарга көрсөтүлүп, шаардык, райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги Ардак грамоталар, төш белгилер менен сыйланышкан.

Тастыктоочу база

1. 3.3-1 Мугалимдердин курстан өтүү планы, графиги
https://drive.google.com/drive/folders/1cQRN8MreIwviEiKR6a56gVx34QW9EXKy?usp=sharing

2. 3.3-2 Мугалимдердин курстан өткөндүгү тууралуу сертификаттары
Курстун сертификаттары - 2023, жалпы мугалимдер.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1Pek-ancjhvIzOpzeqMn8f_GM3O3nfxu9?usp=sharing

3. 3.3-5 Мугалимдерди сыйлоо, мотивациялоо боюнча иштер
https://drive.google.com/drive/folders/1MnFUj2e6qDaDhzz6Ir_nEnRbiZ4wMu5Z?usp=sharing

4. 3.3-6 Мугалимдердин сыйлыктары
https://drive.google.com/drive/folders/1e1ns7La9DzQbJG_8WO-1tP-_r10KIUmf?usp=sharing

5. 3.3-4 Усулдук бирикмелердин иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1mXWaKyckvSVWEtivnDJLzF_Bm5tihV2V?usp=sharing

6. 3.3-3 Усулдук кеңештин иштери
https://drive.google.com/drive/folders/1YbMLGQmSr58Q03N06W8Jrc4itpu7khpF?usp=sharing

7. 3.3-7 Сапаттык курам
Сапаттык курам 18.02.2023.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1zRbp2kMnVuQUp9FUceaZyvyrd9JUM3wU?usp=sharing

4. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

4.1. Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу

№1 гимназия-жатак интернатынын имараты 1972-жылы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин жатаканасы катары курулган. 1999-жылы ыңгайлаштырылып, №1 гимназия-жатак интернатына пайдаланылууга берилген. Имарат 2 кабаттуу, 200 орундуу. Жалпы аянты - 5560 м2. Мектепте 11 класстык бөлмө, 1 усулкана, 1 китепкана, 1 компьютердик класс, 1 салтанаттар залы, 1 лаборатория, 1 медайымдын бөлмөсү бар. Жатакана 72 окуучуга ыңгайлаштырылган, анда 12 бөлмө, 1 тарбиячылардын бөлмөсү, 1 эс алуу каанасы, 1 ашкана, 1 от жагуучу каана   Жылытуу системасы котел көмүр менен иштейт.  №1 гимназия-жатак интернатында 18 компьютер, 1 ноутбук, 3 көп функциялуу принтер, 1 түстүү принтер, 2 проектор, 1 интерактивдүү доска, 2 ак доска бар. Информатика каанасында 10 компьютерди окуучу колдонот. Спорт зал жок, окуучулар коңшу мектептин спорт залында сабак өтүшөт. Чакан көлөмдөгү салтанаттар залы бар. Лаборатория каанасы бар, бирок сабактарга керектүү реактивдер, элементтер жетиштүү эмес, кээ бирлери жокЖылытуу системасы борборлоштурулган, көмүр менен иштейт. Мектепте 18 компьютер, 1 ноутбук, 4 көп функциялуу принтер, 1 түстүү принтер,  2 проектор, 1 интерактивдүү доска, 2 ак доска, жалпы 8 телевизор бар. 

Тастыктоочу база

1. 4.1-1 Мектептин техпаспорту
Техпаспорт, №1 гимназия.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1G1rTTA_pPq55G-10ITATdCKHawZkWoKd?usp=sharing

2. 4.1-2 Мектептин, кааналардын ж.б.сүрөттөрү
https://drive.google.com/drive/folders/1JPnt-ozCXIBtwMrVAJI9kJ_yVAJ56y-A?usp=sharing

3. 4.1-3 Мектептин материалдык-техникалык жабдылышы боюнча маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1DCwyGZb4ORAhTX2yLQ8eu-3x5mk-MAtw?usp=sharing

4. 4.1-4 Кааналардын паспорттору
https://drive.google.com/drive/folders/1mlURQzPPYGYNQGLvsg1mBq2uI6CLDMcy?usp=sharing

5. 4.1-5 Лаборатория боюнча маалыматтар
https://drive.google.com/drive/folders/1kzBzCK5viJlHaKU6xnglGzQMo4tlMxBd?usp=sharing

6. 4.1-6 Окуучулардын социалдык паспорту
социалдык паспорт.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1ULj9ANCmiVXfujoyJL3JqHIgbKM_GY-s?usp=sharing

4.2. Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)

Мектепте билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери) жолго коюлган. Мектептин эвакуациялык планы түзүлүп,бекитилген. Өзгөчө кырдаалдар учурунда эвакуация  планы боюнча машыгуулар өткөрүлүп турат. Өрткө каршы шаймандар: 6 огнетущель, кум, суу, лом, ж.б. бар. Техникалык коопсуздук боюнча киришүү инструктажы, кадрлар боюнча инспектордун кызматтык инструкциясы, директордун административдик, чарба бөлүгү боюнча орун басары үчүн эмгекти коргоо кызматтык инструкциялары бар. Мектептин айланасын жашылдандыруу үчүн тал-теректер, карагай, арча, мөмөлүү дарактар, роза гүлдөрү отургузулган. Жатаканадагы окуучулар үчүн республикалык бюджет жана Раззаков шаардык мэриясынын салымы менен заманбап шарттарда мончо, душ, кол жуугуч жай курулган. Медайым, класс жетекчилер окуучулардын коопсуздугун коргоо иш-чараларын өтүлүп турушат.

Тастыктоочу база

1. 4.2-5 Эмгекти коргоо боюнча маалыматтар, буйруктар, эрежелер, нускамалар
https://drive.google.com/drive/folders/1NBBDEbjE5fKYWlMd2mCHalL7K7pKr5Sy?usp=sharing

2. 4.2-1 СЭСтин корутундусу
АКТ СЭС, №1 гимназия.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/1VWzsPRkQFAhjdGE9r6kTGrVVFVW7Lufa?usp=sharing

3. 4.2-3 Таза суу боюнча лабораториялык корутунду
https://drive.google.com/drive/folders/1nuGHALlSX99r55TEYN33q1VU-MiLmdvz?usp=sharing

4. 4.2-4 Электр чыңалуусун жер менен туташтыруу протоколу
https://drive.google.com/drive/folders/1OCjtv2N-z0Q1saKkgpOJwFxDMvUM8UTy?usp=sharing

5. 4.2-2 Өрт коопсуздук талаптары боюнча корутунду
Өрт коопсуздук талабы.pdf
https://drive.google.com/drive/folders/126ourskaJeF5-_cpiPwZLBfekKTo63f6?usp=sharing

6. 4.2-6 Көрктөндүрүү иштери боюнча маалыматтар, сүрөттөр
https://drive.google.com/drive/folders/1k61mjzFmAIrjt1KaAYIXmdBpxmQ7Oq9L?usp=sharing

7. 4.2-7 Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча эрежелер, жоболор, ченемдер
https://drive.google.com/drive/folders/1_ZMEHbn5B-48CuL8hjE78_UaxoDi-8Fm?usp=sharing

4.3. Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу

Материалдык-техникалык базаны, маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизми бар, бул багыттагы иштер мектептин перспективалык планында чагылдырылган: Китепкана фонду; Компьютердик класс, тармактык ресурстар; Раззаков шаардык мэриясы тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүсү; Маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча мектептин сайты иштөөдө, видеокөзөмөлдүн санын көбөйтүү максат кылып коюлган. “Мега билим” долбоору тарабынан 7 компьютер берилген. Раззаков шаардык мэриясы тарабынан 3 компьютер, демөөрчүлөр тарабынан 6 компьютер, 1 ноутбук, КРдин Билим берүү жана илим министрлтгт тарабынан китепканага 1 компьютер, 1 принтер берилген. 2022-2023-окуу жылында Лейлек райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 1 компьютер, 18 парта, 36 стул берилди. Жалпы №1 гимназия-жатак интернатында 18 компьютер, 1 ноутбук, 4 көп функциялуу принтер, 1 түстүү принтер, 2 проектор, 1 интерактивдүү доска, 2 ак доска, 1 музыкалык үн күчөткүч аппаратура бар.

Тастыктоочу база

1. 4.3-1 Мектептин стратегиялык иш планы
https://drive.google.com/drive/folders/1zojnik8PLIjvKej2I81aiHWq3xLHCqCG?usp=sharing

2. 4.3-3 Материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча түрдүү демөөрчүлөрдүн салымы боюнча маалымат
https://drive.google.com/drive/folders/1EiCvSCHi83-UHxK2nJ2Y-vbj7o8N0l4P?usp=sharing 

3. 4.3-4 Сүрөттөр
https://drive.google.com/drive/folders/18GHklMo1ybwcJK1yPo5OQHOqyyNyulBN?usp=sharing

4. 4.3-2 Чарбалык бөлүмдүн иш планы, иштери, отчеттор
https://drive.google.com/drive/folders/11LJIIF5mlvmTxQVxKqts03AoWCM0tKQO?usp=sharing

Комиссиянын төрайымы                А.И.Тагаева - №1 гимназия-жатак интернатынын директору;

            Комиссиянын мүчөлөрү                 А.С.Аширбаева - окуу бөлүмүнүн башчысы;

                                                                       Г.А.Ажибаева – тарбия бөлүмүнүн башчысы;

                                                                      Т.М.Бурханова - соцпедагог

                                                                       Б.Т.Осорова – орус тили жана адабияты мугалими;

                                                                       Г.Ш.Умаркулова – кесиптик бирликтин төрайымы;

                                                                      Т.Таштанова - ата-энелер комитетинин төрайымы;

                                                                      С.Абдуманова – так, табигый саб. УБ жетекчиси ;

                                                                       Т.Туратова - гуманитардык саб. УБ жетекчиси;

 

 

 

 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика