Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Көрүлдү: 229
ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района
Биздин окуучулар билим алуу менен бирге коомдук иш-чараларга да активдүү катышып, коомго өз пайдасын тийгизип келе жатат. Атап айтсак биздин мектепте аталаган уюмга мүчө болгон окуучулар: Анарбекова Айназик, Ашимова Раяна, Тажибаева Батма, Эгембедиева Айназик, Бурубаева Каныкей, Жунусова Таттыбүбү, Аманов Даниел, Туранов Сыдык, Сагыналы уулу Бекболот, Калыкова Мээркан ЮНИСЕФтин “Мектеп чөйрөсүндөгү гигиена”, “Коопсуз мектеп” долбоорлору боюнча 2022-жылдын 29-30-31-август күндөрү Ош шаарында өткөн окуу-семинарга катышып, Лейлек районундагы мектептердин 3-4-5-класстардын окуучуларына гигиена тууралуу маалыматтарды жеткиришти.
American councils уюму тарабынан 18-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулган акцияга биздин мектептин 8-9-10-11-класстарынын ыктыярчылары катышып, Лейлек районунун аймагында тазалык иштерин жүргүзүштү. Бул долбоорго мектебибиздин бүтүрүүчүсү, “FLEX” программасынын жеңүүчүсү Абдурайимова Маржана жетекчилик кылды.
Мындан сырткары 2021-жылдын апрель-май айларында “Табият кырсыктарынын тобокелдигин азайтуу” жана “Кызыл Ай коомунун” өзгөчө кырдаалдар учурунда биринчи жардам көрсөтүү боюнча тренингдерине Камалова Асема, Эгембердиева Айгүл, Анарбекова Бегимай, Базарбаева Мырзайым катышып, Раззаков шаарындагы мектептердин окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Окууларды өтүштү.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика