ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Көрүлдү: 325

ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

№1 гимназия-жатак интернатынын медиа бурчу тууралуу, уландысы

 2022-жыл биздин мектеп жана медиа бурч үчүн жемиштүү жылдардан болду. Анткени “Медиа сабак” фонду тарабынан уюштурулган “Mediastation” жайкы медиа лагерге медиа бурчтун лидер окуучулары: Сагыналы уулу Бекболот, Туранов Сыдык, Гүлбаева Анара барып катышып келишти. Он күндүк лагер убагында  бүгүнкү күндөгү эң керектүү маалыматтар маалыматты аң-сезимдүү пайдалануу, фейк маалыматты аныктоо, кастык тили, кибербуллинг, геймификациянын таасирлери, аны кантип туура пайдаланууга болору практика жүзүндө көрсөтүлүп, пайдалуу маалыматтар берилди. Ушул  эле жылдын 3-4- ноябрь күндөрү Бишкекте сынчыл ой жүгүртүү аркылуу чыгармачылыкты өнүктүрүү урааны астында Медиа – маалыматтык  сабаттуулук боюнча III Борбордук Азия конференциясына катышып келдик. Эске алсак, конференция 2019-жылдан бери Бишкекте өткөрүлүп келет. Бул жолку конференция  Германиянын Экономикалык кызматташтык  жана өнүктүрүү федералдык министрлиги, DW (Дойче Велле) Академиясынын колдоосу менен  КР Билим берүү жана илим министрлиги, КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында “Медиа сабак” фонду тарабынан уюштурулду. Эки күндүк конференциянын жүрүшүндө ММС элементтери менен офлайн жана онлайн форматта сабактарды өткөрүү, ММСти жайылтуу боюнча креативдүү долбоорлор, медиа сабаттуулукту баалоо боюнча изилдөөлөр, социалдык тармактардын колдонуучулары үчүн креативдүү иштеп чыгуулар жана ММСти билим берүүгө кийирүү боюнча мыйзамдык демилгелер менен таанышып келдик. Төмөндө CAMILCON 2022  Медиа –маалыматтык  сабаттуулук боюнча III Борбордук Азия конференциясынан жана медиа лагерден  көз ирмемдер менен бөлүшүп кетейин.

 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика