Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Көрүлдү: 191
ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района
2019-2020-окуу жылында “Санарип мугалим - Турция” сынагына кыргыз тили жана адабияты мугалими Тойчубаева Гүлзат Базарбаевна катышкан. Сынакта ар түрдүү санарип технологиялар тууралуу маалымат берилип, ал технологияларды колдонуп сабак өтүү, китеп окуу шарттары боюнча күч сынашып, жыйынтыгында, “ Санарип мугалим” деген наамга ээ болду.
2021-2022-окуу жылында “Санарип мугалим - Дубай” сынагына математика мугалими Сулайманова Күмүшай Жусупалиевна катышкан. Сынакта санарип технологияларды колдонуп сабак өтүү, “Финдердей окуталы” китебин окуп, тест тапшыруу жана “ Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китеби боюнча иш-чара өткөрүү шарттарын аткарып, 2-орунга ээ болуп, Дубай шаарына жолдомо жеңип алды жана Дубай шаарына эс алып келди.
Ал эми 2022-2023-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты мугалими Туратова Таалайхан Сапаровна жана математика мугалими Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевна катышты. Сынакта курста өтүлгөн темаларды камтыган тест тапшырышып, Кыргыз Республикасы боюнча 500 дөн ашуун катышуучулардын ичинен 52 мугалимдин катарында финалга чыгышты. Санарип технологияларды колдонуп сабак өтүү менен, “ Максат жана максат коюу”, “ Долбоорлор менен иштөө” деген темаларда тренингдерди өтүү шарттарын аткарышты. Жыйынтыгында, республикалык “Санарип мугалим -Дубай 2023” окуу сынагында эки турду ийгиликтүү багындырып, 18 упай менен 2-орунду ээлеп, Анталья шаарына жолдомону Туратова Таалайхан Сапаровна, ал эми Алматы шаарына жолдомону Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевна утуп алды.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика