Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Көрүлдү: 402
ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района
№1 гимназия-жатак интернаты 1995-жылы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде эксперименталдык гимназия класстары катары уюштурулуп, 1997-жылы өзүнчө №1 гимназия-мектеби катары түзүлгөн. Учурда гимназияда районубуздун 9 айыл өкмөтүнөн, Исфана шаардык мэриясынан, Сүлүктү шаарынан илим-билимге умтулган шыктуу, таланттуу, зээндүү балдар-кыздар окушат. Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда, Америка, Германия, Россия, Дубай, Турция, Япония, Кытай, Франция ж.б.у.с. өлкөлөрдөн билим алып, Кыргызстанда, чет өлкөлөрдө илим жакташып, учурда республикабыздын булуң-бурчтарында, чет өлкөлөрдө үзүрлүү эмгектенишүүдө. Кыргыз Республикасынын территориалдык жайгашуу багытындагы эң алыскы району болгондугуна, жогорку окуу жайлары менен туруктуу байланыш түзүү татаал экендигине карабастан, мугалимдердин талыкпаган эмгегинен улам окуучуларыбыз туура багыт алышып, ошонун үстүндө үзгүлтүксүз аракеттенип, изденип, жыйынтыгында биздин окуучуларыбыздын билим сапаты ЖРТда (жалпы республикалык тестирлөөдө), предметтик олимпиадаларда, түрдүү маданий, спорттук ж.б. сынактарда мыкты натыйжаларды берүүдө.
№1 гимназия-жатак интернаты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 2-майындагы № 348/1 буйругу менен негиз жалпы жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча аккредитациялоодон өткөн жана № VS200000336 номерлүү сертификат берилген.
№1 гимназия-жатак интернаты Лейлек РМАнын Ыраазычылык каттары, Ардак грамоталары, КРдин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак Грамотасы (2019-жыл), КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ыраазычылык каты ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.
Дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Лейлек району, Раззаков шаары, М.Жалилов көчөсү, № 11, телефон номери - 0772606975, e-mail: ginternat@mail.ru;
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика