Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Көрүлдү: 164
ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района
1. 2021-2022-окуу жылында USAIDдин "Окуу керемет!" долбоорунун колдоосу менен 1-6-класстардын арасындагы "Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!" сынагына №1 гимназия-жатак интернатынын 6-классынын окуучулары Акмарал Маллаева, Амина Джумабаева, Мадина Джумабаева химия, биология мугалими Ажибаева Гульмира Абдыганиевнанын жетекчилиги астында катышышкан.
2. 2022-2023-окуу жылында да №1 гимназия-жатак интернатынын 6-классынын окуучулары аталган сынакка катышышты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган, USAIDдин "Окуу керемет!" долбоорунун колдоосу менен 1-6-класстардын арасындагы "Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!" сынагынын облустук туру 2023-жылдын 18-апрелинде Баткен шаарында өткөрүлдү.
5-6-класстын окуучулары үчүн "Жер шарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайлы" багыты боюнча № 1 гимназия-жатак интернатынын 6-классынын окуучулары Самидинова Сумайра, Мустафаев Абдурахман, Абдурахманова Каныкей жана долбоорду жетектеген биология мугалими Эрматова Гүлүмкан Пайзидиновна "Абанын булганышын алдын алып, биоардүүлүктү сактайлы" деген темада сынакка катышып келишти. Окуучулар абанын булганышынын себебин изилдеп, эксперимент жасашып, жыйынтыгы менен презентация жасашты. Конкурстун жыйынтыгында биздин окуучулар облустук турда 1-орунду камсыз кылып, республикалык турга жолдомо алышты
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика