ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Көрүлдү: 344

ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

"FLEX" программасы биздин гимназияда

"ФЛЕКС"  программасы  тууралуу  маалымат

Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кенештер тарабынан  уюштурулган жогорку класстардын окуучуларынын «ФЛЕКС» билимин   алмаштыруу программасына Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Польша, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Черногория жана Эстония өлкөлөрүнүн окуучулары   катыша алышат.

Программа окуучуларга АКШга барып, аларды кабыл алган америкалык үй-бүлөдө жашап, андагы орто мектепте толук окуу жылын окуу үчүн атайын стипендия алуусун каржылайт.

Талаптары

Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

9-10-11-класстардын окуучулары катыша алышат.

Тапшырып жаткан кезде окуучунун окуудагы жетишкендиги жакшы же эң  жакшы болуусу керек. Окуучу англис тилин мыкты деңгээлде билүүсү зарыл. Окуучунун ден соолугу программанын талаптарына жооп берерин далилдөөчү медициналык документ болушу керек. Окуучу конкурстун бир нече этаптарынан өтүшү керек.

"FLEX" программасына катышкан №1 гимназия-жатак интернатынын окуучулары жөнүндө маалыматтар:

1. Сагынбек кызы  Рахат

№1 гимназия-жатак интернатынын 2016-2017-окуу жылындагы бүтүрүүчүсү. 2011-2012 окуу жылында «ФЛЕКС» программасынын жеңүүчүсү  болуп, АКШнын Огайо штатында Кливленд шаарында Columbia High School мектебинде окуган. Азыркы учурда М. Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунун ординатору. БУУнун "Кыргыз Республикасындагы мектептеги тамактанууну оптимизациялоо» долбоорунун менеджери.                 

                                     

2. Абдурайимова   Маржана Аширалиевна 

№1 гимназия-жатак интернатынын 2018-2019-окуу жылындагы бүтүрүүчүсү. Маржана 2017-2018-окуу жылында «ФЛЕКС» программасына катышып, анын жеңүүчүсү болгон. 2018-2019-окуу жылын АКШнын Висконсин  штатынын Милуоки шаарында өткөрдү. Ал жерде Американын Shorewood High аттуу мектебинде билим алып, америкалык үй-бүлө менен жашаган. Бул  программанын максаты - окуучуларга чет өлкөдө билим алуу үчүн шарт түзүү,   маданият алмашуу жана өлкөлөр арасындагы келишимди бекемдөө. Окуудан сырт локалдык организацияларда волонтер болуп иштеди. Алар -   Urban Ecology Center, Shorewood Drama Department, Atwater Surfrider жана   Greenheart International. Ага  кошумча мектептин Театр департаментинин ар  кандай  иш-чараларына активдүү катышып, жылдын акырында «Мыкты   ансамбль» жана «Мыкты бийчи» сыйлыктары менен сыйланган. Ошондой  эле 100 сааттык волонтердук ишин жапканы үчүн АКШ департаменти  тарабынан Ардак грамота менен сыйланган. Ал жактагы окуу системасына  ылайык  А(5) баасы менен аяктап, мектеп тарабынан кызыл дипломго ээ болду. Англис тилинен тышкары испан тилин үйрөнө баштаган. Азыркы  учурда Кыргызстан Эл аралык университетинин эл аралык мамилелер  факультетин аяктап, магистратурада окуусун улантууда. Окуудан  сырт  Excellent  kids клубунда англис тилинен сабак берет, Active volunteers аттуу   фондунун командасынын тим-лидери да иштеди.

                                       

3. ​​​​​​Жамилова  Каниет Абдулхаковна

№1 гимназия-жатак интернатынын 2015-2016-окуу жылындагы бүтүрүүчүсү. 2013-2014-окуу жылында «ФЛЕКС» програмасынын  альтернативдуу негизде финалисти болгон. «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар офисинде чет элдик студенттердин координатору болуп иштеген. Учурда Польшадагы  Лодз  университетинде эл аралык саясат бөлүмүндө магистратурада окуп жатат.

                                             

4. Абдуллаева  Кайрылай

№1 гимназия-жатак интернатынын 2015-2016-окуу жылындагы бүтүрүүчүсү. 2013-2014-окуу жылында «ФЛЕКС» программасынын жарым финалына жеткен. Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинде коомдук байланыш бөлүмүнүн административдик  кызматкери болуп иштеген. Учурда Варшавада ОБСЕ уюмунда стажировкадан өтүүдө. 

                                     

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика