Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Жоошский а/а,с. Маданият, улица Султанов Токтор, 23
БИЗ ЖӨНҮНДӨ
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагында жайгашкан
№42 “Маданият” орто мектеби мекемеси тууралуу маалымат :
Аталган мектеп алгач 1935-жылы “Г.М.Маленков” атындагы башталгыч мектеп болуп түптөлгөн , 1946-жылдары жети жылдык Г.М.Маленков” атындагы мектеп, ал эми 1975-жылдан сегиз жылдык “Коммунизм”мектеби болуп өзгөргөн. 1985-1991-жылдары “Коммунизм”толук эмес орто мектеби, 1991-1992-окуу жылында №42 “Маданият”орто мектеби болуп аталып калды . Учурда №42 Маданият орто мектеби мекемеси деп аталат. Мектеп бул мезгилге чейин 3 авариялык корпустан турган. Анын 1-корпусу 1942-жылдары курулган, “Ашар ” жолу менен, 2-корпусу 1997-жылы , 3-корпусу 2003-жылы “Ашар” жолу менен курулган. 2017-жылдын июнь айындагы МЧС тин корутундусунун негизинде 1-2-корпустар жараксыз деп табылып, авариялык абалдагы 2 корпус бузулуп, кайра эле анын ордуна 2020-жылдын февраль айында Сауд Өнүктүрүү Фонду тарабынан каржыланып,сметалык баасы 900 жуз мин АКШ долларлык заманбап мектеп курулуп, июнь айында колдонууга берилди. 1997-жылы курулган мектептин 2-корпусу капиталдык ремонттон жергиликтүү бюджеттин эсебинен өткөрүлүп, ишке берилди
Мектептин аталышы : №42 «Маданият» орто мектеби мекемеси
Жайгашкан жери : Кара-Суу району Жоош айыл аймагы, Маданият айылы
Райондон 17 км.алыстыкта жайгашкан
Окутуу тили: - кыргыз тилинде
Мектептин имараты: Мектеп эки корпустан турат. Биринчи корпус 2021-жылы курулган типтүү, эки кабаттан турат,ал эми экинчи корпус 1997-жылы курулган, типтүү эмес.
Сыйымдуулугу : биринчи корпус(типтүү)- 225 орундуу, экинчи корпус -180 орундуу
Мектептин миссиясы: “ Жашоодо оз ордун таба билген,ар тараптан өнүккөн инсандарды тарбиялоо”
Окуу жайдын жетекчиси:
Раманова Нуржамал Жумабаевна 0553 44-64-88
ватсап 0508 44-64-88
ВЕБ - САЙТ : http://bilim.edu.gov.kg/organizations/5415/
Электрондук дареги: ramanovahurjamal@gmail.com
Окуу жайдын юридикалык күбөлүгүнун № 01701201210081
2017-жылдын 19-сентябрында жаңыланган.
БУнун буга чейинки маалымат аккредитациясы жонүндө маалымат:
Программалык аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
2018-жылдын 15-октябрындагы № 1284/1 буйругунун негизинде СС180007456 номурлуу сертификат алынган.
БУнун дареги,телефон номерлери,e-mail-дареги:
Кыргыз республикасы,Ош облусу,Кара- Суу району, Маданият айылы, Султанов Токтор көчөсү №23
Тел: 0553 44-64-88 ватсап 0508 44-64-88
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика