Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Сары-Колотский а/а,с. Тынчтык, улица 7, 13
2022-жылдын 5-октябры Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата мектепте “Жаңы чырактар – жаңы бийиктиктер” урааны астында иш чаралар түзүлүп, аткарууга берилди.
4-октябрь Куттуктоолор конкурсу жарыяланып: Мектептин уюштуруучусу Керезбек кызы Тынчыкан жана “Чебер колдор” ийриминин жетекчиси Киргизова Матлюбанын жоопкерчилиги алдында открытка жасоо конкурсу болуп өттү. Бул сынакка баардык окуучулар активдүү катышышты.
5-октябрь эрте менен салтанаттуу линейка уюштурулуп, линейкада мектептин уюштуруучусу Керезбек кызы Тынчыкан“Мугалим-мектептин жүрөгү”аттуу доклад окуду. Жана МЖУнун жетекчилиги астында мугалимдердин майрамы менен куттуктап гүл дестелерди өздөрүнүн сүйүктүү мугалимдерине беришти.
5-октябрь Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата мектепте “Жаңы чырактар – жаңы бийиктиктер” урааны астында мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана МЖУнун мүчүлөрү тарабынан концерттик программа уюштурулду. Иш чарада МЖУнун мүчүлөрү мугалимдердин көңүлүн көтөрүү максатында ыр, бий, флешмоб, ар түрдүү оюндарды уюштурушту.
Иш чаранын аягында мектептин ардагер мугалимдерине кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси И.К.Эрмаматова тарабынан белектер уюштурулуп, аларга жакшы каалоо тилектерди айтуу менен тапшырышты.
7-октябрь 1-9-класстарга “Мугалим мектептин жүрөгү” деген темада тарбиялык сааттарды өтүлдү.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика