Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Сары-Колотский а/а,с. Тынчтык, улица 7, 13
2022-жылдын 5-сентябрынан 2022-жылдын 13-октябрына чейин Мамлекеттик тилдин бир айлыгы деп жарыяланып, иш пландар түзүлүп аткарууга берилди.
Мамлекеттик тилди даңазалоо, тилди үйрөтүүдө жүргүзүлүп жаткан иш чаралар боюнча бурчтар уюштурулду.
Окуучулар арасында көркөм окуулар, дил баяндар, эссе жазуу боюнча сынактар уюштурулду.
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Салтанаттуу иш чарада Кыргыз тили жана адабияты мугалими Бактыбек кызы Гүлнур доклат окуду. Ошону менен биргеликте эле мектептин кыргыз тили мугалимдери тарабынан 8-9-класстардын катышуусунда иш чара өткөрүштү. Иш чарада окуучулар сахналык көрүнүш, көркөм окуу, тил жөнүндө ырлар, акыйнек айтышуу болду.
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата 1-9-класстарга тарбиялык сааттар өтүлдү.
Кыргыз тилинин улуулугун, байыркы тил экендигин даңазалоо менен окуучуларга кыз жигит САРМЕРДЕН өткөрүлдү. Калыстар тобу: мектеп директору: К.А.Садирбаева, кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси И.К.Эрмаматова жана усулдук бирименин жетекчиси М.У. Султановалар болду. Эрке бала Адылов Нурисламбек жана эрке жеңе Бактыбек кызы Гүлнур алпарышты. Сармерденге 8-9-класстардын кыздар балдары катышты. Окуучулар аябай кызыгуу менен катышып, жыйындыкта кыздар командасы ийгиликке жетишти.(сүрөттөр тиркелет)
“Мамлекеттик тил күнүнүн” бир айлыгына карата ачык тарбиялык сааттарды өтүлдү. Кыргыз тили мугалимдери Шералиева Гүлназ “Кыргыз тили-кыргыз элинин улуттук тили, улуттук маданиятынын очогу”деген темада, жана Бактыбек кызы Гүлнур “Тилиң менен улутсуң” деген темада ачык тарбиялык сааттарды өтүштү.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика