Адрес: Кыргызская Республика,Джалал-Абадская обл.,Ала-Букинский р-н,Ак-Коргонский а/а,с. Баястан, улица Юсупалиев Аскарали, 54
Көрүлдү: 157
ДОО Учреждение "Дошкольная образовательная организация №10 Байчечекей"
Биздин №10 "Байчечекей" мектепке чейинки билим берүү уюму 1979-жылы курулган. 1980-жылы ишке түшкөн. Бакчабыз бир кабаттуу болуп, 12 бөлмөдөн турат. Бөлмөлөр ремонт кылынган. Жарык, тап - таза, талапка жооп берет. Бакчабыз 50 орунга ылайыкташтырылган. Азыркы учурда 90 бала тарбия алып жатышат. Бакчада 3 тайпа болуп, ар бир тайпада 30 бала таалим тарбия алышат.
Бакчабызда бардыгы болуп 17 кызматкер эмгектенет. 4 тарбиячы, 1 музыкант, 1 медайым, калгандары техника кызматкелери болуп эсептеленет.
2010-2022-жылдар ичинде бакчанын 3 тайпасына 3 жайкы чатырча курулду. 2010-жылы 2 жайкы чатыр айыл өкмөт тарабынан курулду. 2011- жыл бала бакчага АРИС көмөгү менен бакчанын айлана чөйрөсү төсмөлөнүп, жаңы ажаткана курулду. мындан тышкары бакчанын жолчосуна бурчатка басылды. 2018-жылы демөөрчүлөр жардамы менен 3-жайкы чатыр курулду.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика