Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Көрүлдү: 41
ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района
Лейлек районундагы №1 гимназия-жатак интернатынын окуу-тарбия
жаатындагы аткарылган ийгиликтери жөнүндө маалымат
Олимпиада жеңүүчүлөрү:
2023-2024-окуу жылында №1 гимназия-жатак интернатынын 5 окуучусу республикалыкалык олимпиаданын облустук туруна катышышты. Атап айтсак, англис тилинен 9а-классынын окуучусу Асрарова Аксаамай, даярдаган мугалими –Мурзалиева Нафиса, математикадан 10-классынын окуучусу Абдыразаков Бекболсун, даярдаган мугалими – Эрназарова Бурмакан, информатикадан 11-классынын окуучусу Файзуллаев Каныбек, даярдаган мугалими – Абдиева Асилхан, химия предметинен 11-классынын окуучусу Нурдиллаева Мээрим, даярдаган мугалими – Ажибаева Гулмира, географиядан 10-классынын окуучусу Жалалова Мырзайым, даярдаган мугалими – Рустамова Курсанай.
Натыйжада, математикадан 10-классынын окуучусу Абдыразаков Бекболсун 1-орунду, ээлеген информатика боюнча 11-классынын окуучусу Файзуллаев Каныбек 2-орунду ээлешип, республикалык турга катышып келишти.
2023-2024-окуу жылында №1гимназия-жатак интернатындагы предметтик олимпиаданын көрсөткүчтөрү
№1гимназия-жатак интернатынын окуучулары предметтик олимпиаданын региондук, райондук, облустук, республикалык турларына активдүү катышты. Олимпиаданын региондук туруна 20 окуучу катышып, 10 окуучу райондук турга өттү. Райондук турдан 7 окуучубуз облустук турга катышып, 2 окуучубуз республикалык турдун катышуучусу болду:
1.Асрарова Аксаамай 9-класстын окуучусу, англис тили предмети боюнча райондук турдан 1-орун, облустук турдун катышуучусу. Даярдаган мугалими- Мурзалиева Нафиса Неъматиллаевна.
2.Абдинабиева Жазгүл 10-класстын окуучусу физика предмети боюнча райондук турда 3-орун.Даярдаган мугалими-Эрназарова Үмүтай Сатыбалдиевна.
3.Азиреткулов Айбек 10-класстын окуучусу физика предмети боюнча райондүк турда 3-орун.Даярдаган мугалими- Эрназарова Үмүтай Сатыбалдиевна.
4.Джалалова Мырзайым 10-класс, география предмети боюнча райондук тур 1-орун, облустук турдун катышуучусу.Даярдаган мугалими-Рустамова Курсанай Куттуевна.
5.Нурдиллаева Мээрим 11-класстын окуучусу химия предмети боюнча райондук турдан 2-орун, облустук турдун катышуучусу.Даярдаган мугалими- Ажибаева Гулмира Абдыганиевна.
6.Абдуразаков Бекболсун 10-класстын окуучусу, математика предмети боюнча райондук турда 2-орун, облустук турда 1-орун, республикалык турдүн катышуучусу. Даярдаган мугалими-Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевна.
7.Файзуллаев Каныбек 11-класстын окуучусу информатика предмети боюнча райондук турда 1-орун, облустук турда 2-орун, республикалык турдүн катышуучусу болду. Даярдаган мугалими- Абдиева Асылкан Тыныбековна.
№1 гимназия-жатак интернатында география мугалими Курсанай Рустамованын “Жаш эколог” ийрими натыйжалуу иштеп келүүдө. Ийримдин катышуучулары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык экология, край таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борборунун "Өзүнө жаратылыштын керемет дүйнөсүн ач!" урааны менен өтүүчү "Бар бол, Жер-Эне - 2023" экологиялык сынагына, "Биз баарыбыз планетабыз үчүн жооптуубуз", "Жер планетасы - биздин үйүбүз" номинациялары боюнча катышышты. Жыйынтыгында, 9б-классынын окуучусу Орозбаева Айгерим дилбаян жазууда республикада 2-орун, 8б-классынын окуучусу Нуржанова Айсезим декоративдүү көлөмдүү иш жасап, республикада 2-орун, 8а-классынын окуучусу Гулбаева Каныкей 2-орун, 8б-классынын окуучусу Борубаева Айжамал-3-орунду ээлешти.
"Тэнсай-Багыт" окуу комплекси мектеби тарабынан 2024-жылдын апрель айында өткөрүлгөн Баткен облусунун мектеп окуучуларынын альтернативалык олимпиадасынын 1-2-этаптарына 10-классынын окуучусу Джалалова Мырзайым география предметинен катышып, 1-2-этаптарында 1-орунду ээледи жана диплом, 10 000 сом сыйлык, китептер менен, ал эми10-классынын окуучусу Абдыразаков Бекболсун математика сабагынан 2-орунду ээлеп, диплом, 7000 сом сыйлык, китептер менен менен сыйланды.
2023-жылдын 20-сентябрында Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун алдындагы О.Орусбаев атындагы орус тили жана адабияты институту тарабынан республика боюнча орус, кыргыз тилдүү мектептердин арасында орус тили жана адабияты боюнча Орус тили жылына карата 10-класстын окуучулары үчүн онлайн өткөрлүлгөн олимпиадада Абдразаков Бекболсун жана Сапаржолов Нурсултан 1-орунга ээ болушуп, КРСУнун 1-даражадагы диплому, ал эми Нурланбеков Санжар 3-орунду ээлеп, 3-даражадагы диплом менен, Ашимова Райана активдүү катышкандыгы үчүн сертификатка ээ болушту.
2023-жылдын 10-ноябрынан 30-ноябрына чейин Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун алдындагы А.Орусбаев атындагы орус тили жана адабияты институту тарабынан улуу жазуучубуз Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына карата республикалык денгээлде "Адам үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу" аталышындагы Ч.Айтматовдун чыгармаларынан монолог айтуу сынагы өткөрүлдү. Бул сынакка 9а- классынын окуучусу Адыбаева Бурмакан активдүү катышып 3-орунду ээлеп, 3-даражадагы диплом жана китептер менен сыйланды. Ал эми 9б-классынын окуучулары Нуртилек Эгембердиев, Нуртилек Салимбеков, 8б-классынын окуучусу Асема Манапова, 7-классынын окуучусу Нуржанат Мукарамова сынакка активдүү катышкандыгы үчүн КРСУнун сертификаттарына ээ болушту. Ал эми орус тили жана адабияты мугалими Батма Осорова окуучуларды мыкты даярдаганы үчүн КРСУ 2 жолу Ыраазычылык каты менен сыйланды.
"Манас таануу" интеллектуалдык телесынагынын райондук туруна 2023-2024-окуу жылында №1гимназия-жатак интернатынын 6-классынын окуучулары Орозбаев Умар, Джумабаев Илимбек, Каримкулов Талгаттардан түзүлгөн "Таберик" тобу сынактын райондук туруна катышып, 4-орунду камсыз кылды.
"Манас айтуу" кароо сынагынын райондук туруна 8-классынын окуучусу Гулбаева Каныкей кыргыз тилинде манас айтып, жигердүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланса,
6-классынын окуучусу Маматкулов Нуржигит райондук турда түрк тилинде манас айтып, 3-орунга ээ болуп, облустук турда жигердүү катышкандыгы үчүн дипломго ээ болду.
6-классынын окуучусу Самидинов Ибрагим орус тилинде манас айтып, райондо 2-орун, облустук турда 3-орунду камсыздап, республикалык турга жолдомо алды. Даярдаган мугалими- Аширбаева Арзыгүл Сулайманкуловна.
Мындан сырткары республикалык "Урааным-Манас" аттуу манас айтуу сынагына да мектебибиздин окуучулары активдүү катышты.
6-класс окуучуларынын арасында өтүлүүчү математика боюнча АКМО олимпиадасынын областтык туруна Каюмова Аяна, Акбаралиев Кутман, Абдиманапова Аяна, Камалова Сафия, Исхаков Тимур активдүү катышып келишти. Даярдаган – математика мугалими – Абдуманова Садагүл Эркиновна.
“Тынчтык демилгелери” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган долбоор жазуу сынагында жеңишке жетишип, “Эрте никеге туруунун алдын алуу” иш-чарасы жаш дебатчылар Нажмиддинова Асема, Мананов Хамза, мугалими Абдиева Асилхан Тыныбековна тарабынан өткөрүлдү, долбоор жыйынтыгында түстүү принтер утуп алышты.
2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин №1 гимназия-жатак интернаты "Тынчтык демилгелери" коомдук бирикмеси менен жаштардын арасында дебат өнөрүн өнүктүрүү багытында кызматташып келе жатат. Аталган бирикменин "Жарандык жигердүүлүктү жогорулатуу боюнча Баткен облусунун жаш тынчтык куруучуларынын биргелешкен демилгелерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү" долбоорунун алкагында гимназиябыздын жаш дебатчылары 9а-классынын окуучулары Асема Нажимиддинова, Хамза Мананов бир нече дебаттык турнирлерге катышып келишти. Окуучуларды дебат өнөрүнө даярдаган информатика сабагынын мугалими, “Жаш дебатчы” ийриминин жетекчиси - Абдиева Асилхан Тыныбековна.
2023-жыл Аксесс стипендиялык программасына №1гимназия-жатак интернатынын 12 окуучусу конкурстан өтүп, ушул аталган 2 жылдык программанын официалдуу катышуучусу болуп, учурда эң заманбап китептер менен камсыз болуп англис тилин бекер үйрөнүп жатышат. Сабактан сырткары ар түрдүү коомдук иштерде активдүү катышуусу үчүн өз алдынча "лидерлик, софт скиллс/, цифровизация көндүмдөрү жана жасалма интеллект жөнүндө" атайын сабактар өтүлөт.
Биздин окуучулар билим алуу менен бирге коомдук иш-чараларга да активдүү катышып, коомго өз пайдасын тийгизип келе жатат. Атап айтсак, 2023-2024-окуу жылында биздин мектепте аталаган уюмга мүчө болгон окуучулар: Анарбекова Айназик (10-класс), Ашимова Раяна (10-класс), Эгембедиева Айназик (11-класс), Бурубаева Каныкей (11-класс), Жунусова Таттыбүбү (11-класс) ЮНИСЕФтин “Мектеп чөйрөсүндөгү гигиена”, “Коопсуз мектеп” долбоорлору боюнча Лейлек районундагы мектептердин 3-11-класстардын окуучуларына гигиена тууралуу маалыматтарды жеткиришти. Ар бир айда ыктыярчылар үчүн Баткен шаарында семинарлар өткөрүлүп турат. 2023-жылдын 5-декабрь күнү Ош шаарында өткөн жылдык отчеттук Гала-концертке катышып, уюм тарабынан сертификаттарга жана белектерге ээ болушту.
2023-жылы октябрь айында "Global Chatmates" долбооруна №1 гимназия-жатак интернатынын 10 окуучусу катышып, 5 айлык программаны толук ийгиликтүү аяктап, 6 окуучубуз: Жолдошова Айгерим, Абдыразаков Бекболсун, Анарбекова Айназик, Адыбаева Бурмакан, Абдымаликова Салтанат, Асрарова Аксамай эл аралык деңгээлдеги сертификаттарга ээ болушту. Бул долбоорго 5 мамлекет катышты: Иордания, Хорватия, Греция, Перу жана Кыргызстан. Мында окуучуларыбыз бир канча топторго бөлүнүп, ай сайын зуум аркылуу презентацияларды жасап жана аны Тера Бокска сайтына жүктөшкөн. Мында окуучулар англис тилинде сүйлөшүүнү гана үйрөнбөстөн, аталган 5 өлкөнүн баалуулуктарын, маданиятын, тарыхын бөлүшүп, туризмди өнүктүрүүгө аз болсо да өз салымын кошушту. Долбоор тарабынан №1 гимназия-жатак интернатына Ыраазычылык кат берилди.
Ош шаарындагы “Багыт” окуу борбору тарабынан райондор аралык окуучулардын ортосунда 3 турдан турган сынак өткөрүлдү. Сынактын 1-турундагы тестирлөөгө Лейлек районундагы ар бир мектептен 8 мыкты окуучулар катышышты. Таймаштын 2-турунда тестирлөөдөн жогорку упайларды топтогон окуучулар эссе жазышып, жыйынтыгында жеңгендер “Багыт” окуу борбору тарабынан уюштурулган Ош шаарында өткөрүлүүчү “Кесибим - келечегим” аталышындагы форумга катышууга жолдомого Ал эми Лейлек району боюнча эң жогорку упай топтогон №1 гимназия-жатак интернатынын 11-классынын окуучусу Мээрим Нурдиллаева жогоруда аталган сынактын 3-туруна, башкача айтканда, 2024-жылдын 16-мартында Ош шаарында өтүлүүчү “Интеллектуалдык таймашка” 9 райондон келген тогуз окуучунун катарында катышты.
2024-жылдын 27-мартында Бишкек шаарында "Кыргызстандын эң мыкты 100 окуучусу-2024" сынагынын" сыйлоо аземи болуп өттү. Бул сыйлоо аземине №1 гимназия-жатак интернатынын 8 окуучусу - 8а-классынан Билал Насириддинов жана Кыз-Жибек Калматова, 9а-классынан Алина Жумабай кызы, Жоробек Баитов, Аймончок Азимова, Нуржамал Акматалиева, 9б-классынан Айгерим Орозбаева, 7-классынан Каныкей Абдырахманова катышып, жеңүүчү болушту жана сыйлыктарын алып келишти.
2023-2024-окуу жылында гимназиябызда салт болуп калгандай эле 5-9-10-класстырынын окуучуларынын арасында "Мыкты окуучу - 2024" сынагы өткөрүлдү. Сынактын 3 туру боюнча, б.а., эссе жазуу, портфолио даярдоо, стем предметтери боюнча тесттик текшерүүдөн өтүү боюнча талапкерлер таймашышыты. Жыйынтыгында, жогорку баскычтагы окуучулардын арасынан 10-классынын окуучусу Сыймык Абдырахманов, ортоңку баскычтан 9б-классынын окуучусу Дамира Акимбаева жеңүүчү деп табылды.
Быйылкы 2023-2024-окуу жылында окуучуларыбыз спорт жаатында да бир кыйла ийгиликтерди жаратты. Мисалы, 9а-классынын окуучусу Эсенбек Тагаев 2023-жылдын жыйынтыгында бокс боюнча Баткен облусунун 6 жолку чемпииону аталды. Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлгөн эл арадык мелдеште 2 жолу коло медалга ээ болду. Баткен облусу боюнча "Мыкты спортчу - 2023" наамына татыды.
11-классынын окуучусу Нурзада Юлдашева тхеквондо боюнча Баткен шаарынын мэринин кубогунда 3-орунду ээлеп, медал жана диплом менен сыйланды. Кызыл-Кыя шаарындасы сынакта 3-орунду ээлесе, ал эми Ош шаарындагы юниорлор арасында өткөн мелдеште 2-орунду ээлеген.
5а-классынын окуучусу Мухаммнт Рашитов грек-рим күрөшү боюнча Лейлек району боюнча 2-3-орунду камсыз кылды.
8б-классынын окуучусу Эржан Джолматов футбол боюнча Лейлек курама командасынын курамында облуста 1-орунду ээлеп, республикалык таймашта 3-орунду ээледи.
Быйылкы окуу жылында бир жыл бою жүргүзүлгөн күзөтчүлүктүн жыйынтыгында, класстагы окуучуларынын ийгиликтери, тартиби, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы эске алынып, 10-класс “Мыкты класс - 2024” деп табылды.
2024-жылдын апрель айында онлайын өткөрүлгөн “Ак Тал” адабий чыгармачылык бирикмеси тарабынан уюштурулган Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн сынакта Алыкул Осмоновдун поэзиялык образын жаратууда 8а-классынын окуучусу Айгерим Алыкулова ыр жазып, Ыраазычылык катка ээ болду.
Мугалимдерибиздин ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтер
№1 гимназия-жатак интернатынын информатика мугалими Абдиева Асилхан Тыныбековна Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Санариптик сабаттуулук боюнча улуттук тренер катары Лейлек районубуздагы 12 мектептин мугалимдерин окутуп, натыйжада 300 мугалим санариптик сабаттуулука ээ болду.
"Мыкты класс жетекчи - 2024" сынагы
2023-2024-окуу жылында №1 гиназия-жатак интернатынын англис тили мугалими Мурзалиева Нафиса Неъматиллаевна жыл сайын республикалык деңгээлде өтүлүүчү "Мыкты мугалим-2024" сынагынын райондук туруна катышып, 1-орунга ээ болуп, облустук турга өттү. Облустук турдан да 1-орунду камсыздап, республикалык турга жолдомо алды.
2023-2024-окуу жылы ичинде бир нече мугалимдерибиз Кыргыз Республикасынын сыйлыктарына ээ болушту.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика