ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Көрүлдү: 25

ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча ийгиликтер

                                   2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча маалымат

            №1 гимназия-жатак интернаты 1993-жылы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде  

эксперименталдык гимназия  класстары катары уюштурулуп, 1997-жылы өзүнчө №1   гимназия-мектеби катары бөлүнүп чыккан. 1999-жылы Ю.А.Гагарин атындагы орто  мектебинин жатаканасы бош болуп калгандыктан,  №1 гимназия-жатак интернатына  ыңгайлаштырылып  пайдаланууга берилген.

Бүгүнкү күндө  №1 гимназия-жатак интернатында районубуздун 9 айыл өкмөтүнөн, Раззаков шаардык мэриясынан, Сүлүктү шаарынан  илим - билимге умтулган шыктуу, таланттуу, зээндүү, келечегинен көптү үмүттөндүргөн балдар-кыздар  окушат.

 Баткен облусунун Лейлек районундагы жергиликтүү бийлик келечекте жергебиздин, элибиздин керегине жараган мыкты кадрларды даярдоо максатында маселени көтөрүп, натыйжада №1 гимназия түзүлгөн. Гимназиянын  ишмердүүлүгүндөгү 29 жыл текке кеткен жок. Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда гана эмес,  Америка, Германия,  Россия, Дубай, Щвейцария, Турция, Япония, Кытай, Франция  ж.б.у.с. өлкөлөрдөн билим алып, өздөрү тандаган кесипке ээ болушуп, кээ бирлери Кыргызстанда, чет өлкөлөрдө илим жакташып,  бүгүнкү күндө  республикабыздын булуң-бурчтарында, чет өлкөлөрдө үзүрлүү эмгектенишүүдө.

Кыргыз Республикасынын территориалдык жайгашуу багытындагы эң алыскы району болгондугуна, жогорку окуу жайлары менен туруктуу байланыш түзүү татаал экендигине карабастан, мугалимдердин талыкпаган эмгегинен улам  окуучуларыбыз туура багыт алышып, ошонун үстүндө үзгүлтүксүз аракеттенип, изденип, жыйынтыгында окуучуларыбыздын билим сапаты ЖРТда (жалпы республикалык тестирлөөдө),  предметтик олимпиадаларда, түрдүү маданий, спорттук ж.б. сынактарда мыкты натыйжаларды берүүдө.

1). “Манас таануу” сынагы

№1 гимназия-жатак интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Аширбаева Арзыгүл Сулайманкуловна №1 гимназия-жатак интернатында "Манас таануу" ийриминин жетекчиси жана "Манас" айтуу боюнча көп жылдардан бери бул жаатта  алгылыктуу иш жүргүзүп келүүдө. Окуучуларыбыз 2014-жылдан бери “Манас таануу” интеллектуалдык телесынагына катышып, көптөгөн ийгиликтерди жаратышууда. 2023-жылы “Көөхар” тобу райондук турда 3-орунга ээ болуп, облустук турда 4-орунду ээледи. 

Ал эми  "Манас" айтуу сынагынын облустук турунда орус, түрк, англис "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү айткан окуучуларыбыз Сабина Хабибуллаева, Сыймык Жусупов, Шайырбек Акунов Кыргыз улуттук "Манас" театрынын дипломдору менен сыйланышты жана 1-2-3-орундарды ээлеп, республикалык турга катышууга жолдомо алышты. Ал эми "Манас" эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн кыргыз тили жана адабияты мугалими Арзыгүл Аширбаева Кыргыз улуттук "Манас" театрынын "Ыраазычылык катына" ээ болду.

 Элибиздин эртеңкиси болгон окуучуларга дагы да билимин берүүдөн талыкпай эмгектенип келе жаткан Арзыгүл Сулайманкуловнадай мугалимдерибиз менен сыймыктанабыз. 

2). Окуучулардын олимпиадасы

2023-жылдын 27-28-февралында Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы "Семетей" лицейинин базасында мектеп окуучулары арасындагы сабактар боюнча республикалык олимпиаданын облустук туру өткөрүлдү. Облустук олимпиадага №1 гимназия-жатак интернатынын 11-классынын окуучулары Эркеайым Айдосова, Сыдык англис тилинен, даярдаган мугалими - Мурзалиева Нафиса Ньематиллаевна, 9б-классынын окуучусу Мырзайым Джалалова жана 11-классынын окуучусу Назик Нишанбаева, географиядан даярдаган мугалими - Рустамова Курсанай Куттуевна, физикадан 11-классынын окуучусу Улугай Исабекова, даярдаган мугалими - Гапарова Үмүтай Манановна, 11-классынын окуучусу Бүүжан Сабирбекова, даярдаган мугалими - Ажибаева Гульмира Абдыганиевна, 10-классынын окуучусу Жазгүл Абдинабиева орус тилинен, даярдаган мугалими - Бурханова Таалайкан Мустафаевна катышышты.

Жыйынтыгында орус тилинен Жазгүл Абдинабиева 4-орунду, англис тилинен Эркеайым Айдосова 3-орунду, физикадан Улугай Исабекова 2-орунду ээлешти. Физика боюнча олимпиаданын республикалык туруна  Улугай Исабекова катышып келди.

3). ЮНИСЕФ уюмунун волонтерлору

Биздин окуучулар билим алуу менен бирге коомдук иш-чараларга да активдүү катышып, коомго өз пайдасын тийгизип келе жатат. Атап айтсак, 2022-2023-окуу жылында биздин мектепте аталаган уюмга мүчө болгон окуучулар: Анарбекова Айназик (9а-класс), Ашимова Раяна (9а-класс), Тажибаева Батма (11-класс), Эгембедиева Айназик (10-класс), Бурубаева Каныкей (10-класс), Жунусова Таттыбүбү (10-класс), Аманов Даниел (11-класс), Туранов Сыдык (11-класс), Сагыналы уулу Бекболот (11-класс), Калыкова Мээркан (10-класс) ЮНИСЕФтин  “Мектеп чөйрөсүндөгү гигиена”,  “Коопсуз мектеп” долбоорлору боюнча 2022-жылдын 29-30-31-август күндөрү Ош шаарында өткөн окуу-семинарга катышып, Лейлек районундагы мектептердин 3-4-5-класстардын  окуучуларына гигиена тууралуу маалыматтарды жеткиришти.

4).  "Тынчтык демилгелери" коомдук бирикмеси менен кызматташуу

2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин №1 гимназия-жатак интернаты "Тынчтык демилгелери" коомдук бирикмеси менен жаштардын арасында дебат өнөрүн өнүктүрүү багытында кызматташып келе жатат. Аталган бирикменин "Жарандык жигердүүлүктү жогорулатуу боюнча Баткен облусунун жаш тынчтык куруучуларынын биргелешкен демилгелерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү" долбоорунун алкагында гимназиябыздын жаш дебатчылары 8-классынын окуучулары Бурмакан Адыбаева, Асема Артыкбаева, Аксаамай Асрарова, 9-классынын окуучусу Жазгүл Абдинабиева бир нече дебаттык турнирлерге катышып келишти. Окуучуларды дебат өнөрүнө даярдаган – адам жана коом сабагынын мугалими, “Жаш дебатчы” ийриминин жетекчиси Маматова Касиет Исмайыловна.

2023-жылдын 15-16-март күндөрү Баткен шаарында "Тынчтык демилгелери" коомдук бирикмеси жана Демократияны колдоо боюнча Улуттук Фондунун кызматташтыгында "Жарандык жигердүүлүктү жогорулатуу боюнча Баткен облусунун жаш тынчтык куруучуларынын биргелешкен демилгелерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү" долбоорунун алкагында "Биримдик жана тилектештик" аталышындагы облустук дебат кубогу болуп өттү. Бул дебат кубогуна №1 гимназия-жатак интернатынын 8а-классынын окуучулары Аксаамай Асрарова, Бурмакан Адыбаева, 9а-классынын окуучусу Жазгүл Абдинабиева тарых мугалими Айчүрөк Мусаеванын жетектөөсүндө барып катышып келишти

5). Стипендия

2023-жылдын февраль айында Лейлектин белгилүү тарыхчыларынын бири Махаматкул Бекеевдин китептери жана стипендиясы уулу Мунарбек Тургунов окуган 10-класстын мыкты окуучуларына берилди. Ал эми мектеп китепканасына жана мугалимдерге да жаңы басмадан чыккан агайдын китептери тапшырылды. 

6). "Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам" аттуу республикалык ыр, бий, сүрөт тартуу сынагы

"Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам" аттуу республикалык ыр, бий, сүрөт тартуу сынагынын облустук турунда ырдоо боюнча 6-классынын окуучусу Каныкей Абдурахманова 3-орунду ээледи. 

7). "Мыкты мугалим - 2023" сынагы

2023-жылдын 14-февраль күнү Раззаков шаарындагы А.Навои атындагы орто мектебинде "Мыкты мугалим - 2023" сынагынын зоналдык туру өткөрүлдү. Сынакка №1 гимназия-жатак интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Туратова Таалайхан Сапаровна катышып келди. 

8). Жаш акындарыбыз

2022-жылдын 14-сентябрында Лейлектин белгилүү акындарынын бири, орус тили жана адабияты мугалими Кочкорбай Казакбаевдин жаркын элесине арналган жаш акындардын талантын ачуу максатындагы окуучулар арасындагы ыр жазуу боюнча сынакта № 1 гимназия-жатак интернатынын 7а-классынын окуучусу Айгерим Алыкулова 1-орунду ээлеп, 10000 сом байгени жеңип алды. Ал эми 9а-классынын окуучусу Сыйлык Абдырахманов 3-орунду ээлеп, 3000 сом сыйлыкка ээ болду. 

9). “Санарип мугалим - 2023” сынагы

“Санарип мугалим - 2023” сынагына 2022-2023-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты мугалими Туратова Таалайхан Сапаровна, математика мугалими Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевна катышты. Сынакта курста өтүлгөн темаларды камтыган тест тапшырышып, Кыргыз Республикасы боюнча 500 дөн ашуун катышуучулардын ичинен 52 мугалимдин катарында финалга чыгышты. Санарип технологияларды колдонуп сабак өтүү менен, “ Максат жана максат коюу”, “ Долбоорлор менен иштөө” деген темаларда тренингдерди өтүү шарттарын аткарышты. Жыйынтыгында, республикалык “Санарип мугалим -Дубай 2023” окуу сынагында эки турду ийгиликтүү багындырып, 18 упай менен 2-орунду ээлеп, Анталья шаарына жолдомону Туратова Таалайхан Сапаровна, ал эми Алматы шаарына жолдомону Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевна утуп алды.

10).  Баткен облустук мугалимдердин кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулган онлайн сынак

2023-жылдын 7-мартында Лейлек районунун Раззаков шаарындагы № 4 гимназия-жатак интернатында Баткен облустук мугалимдердин кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулган онлайн тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жеңүүчү аталган Лейлек району жана Сүлүктү шаарынан келген 42 мугалимге, кесиптик бирлик төрагаларына, төрайымдарына, директорлорго I, II, III даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сынакка катышып, өз билимдерин сынашкан №1 гимназия-жатак интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Туратова Таалайхан Сапаровна, математика мугалими Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевна, биология мугалими Эрматова Гүлүмкан Пайзидиновна жеңишке жетишип, Баткен облустук мугалимдердин кесиптик бирлигинин төрагасы Бөтөков Завридин Насыровичтин, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматовичтин, Лейлек райондук мугалимдердин кесиптик бирлигинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевичтин катышуусунда сыйлыктарын алышты. 

11).  Спорт

-№1 гимназия-жатак интернатынын 8а-классынын окуучусу Эсенбек Тагаева 2022-жылдын жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлгөн  бокс боюнча турнирде 46 кг салмактуулар арасында 3-орунду ээлеген. Лейлек райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан "Мыкты спортчу - 2022" наамына ээ болду. 

-Айзада

-Кутман

12). Ош шаарында өтүлгөн  9 райондон келген тогуз окуучунун ортосундагы “Интеллектуалдык таймашка” катышкан окуучубуз Элнура Эркебаева

Ош шаарындагы “Багыт” окуу борбору тарабынан райондор аралык окуучулардын ортосунда 3 турдан турган сынак өткөрүлдү. Сынактын 1-турундагы тестирлөөгө Лейлек районундагы ар бир мектептен 4 мыкты окуучулар катышышты. Таймаштын 2-турунда тестирлөөдөн жогорку упайларды топтогон окуучулар эссе жазышып, жыйынтыгында 14 окуучу “Багыт” окуу борбору тарабынан уюштурулган  Ош шаарында өткөрүлүүчү “Кесибим - келечегим” аталышындагы форумга катышууга жолдомого жана “Багыт” окуу борборунун ЖРТга даярдоочу курстарына катышуу үчүн жеңилдетилген сертификаттарга ээ болушту. Ал эми эң жогорку упай топтогон №1 гимназия-жатак интернатынын 11-классынын окуучусу Элнура Эркебаева жогоруда аталган сынактын 3-туруна, башкача айтканда, 2023-жылдын 16-мартында Ош шаарында өтүлүүчү  “Интеллектуалдык таймашка” 9 райондон келген тогуз окуучунун катарында катышып, 2-орунду камсыз кылды жана Ташкент шаарына эс алууга жолдомо утуп алды. Жеңүүчүлөр 2023-жылдын 17-мартындагы “Кесибим - келечегим”  форумга катышып, Кыргызстандагы белгилүү инсандар менен кесип тандоо боюнча баарлашып кайтышты. 

13). "АКМО" олимпиадасы

6-класстардын окуучуларынын ортосунда өтүлүүчү математика боюнча "АКМО" олимпиадасынын райондук турунун жеңүүчүлөрү болгон №1 гимназия-жатак интернатынын 7 окуучусу Кадамжай шаарчасында өтүлүүчү аталган олимпиаданын облустук туруна катышып келишти. Даярдаган – математика мугалими – Абдуманова Садагүл Эркиновна.

14). Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борбору жарыялаган сырттан өтүлүүчү  сынак

Лейлек районундагы №1 гимназия-жатак интернатынын география мугалими Рустамова Курсанай Куттуевна "Жаш эколог" ийримин ийгиликтүү жетектеп, натыйжада №1 гимназия-жатак интернатынын окуучулары Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борбору жарыялаган республикалык сырттан өтүлүүчү  сынактарга активдүү катышып, мыкты жыйынтыктарды берип келе жатат. 2022-2023-окуу жылында өткөрүлгөн “Эскерүү поезди” сынагына катышкан 10-классынын окуучулары Адахан Эгембердиев, Жазгүл Абдинабиева, Таттыбүбү Жунусова жана география мугалими Курсанай Рустамова ийгиликке жетишип, Улуу Ата Мекендик согуштагы 15 баатыр шаарларды айланып келүүгө жолдомо утуп алышты.

15). КРСУ менен кызматташтык

 №1 гимназия-жатак интернаты 2021-2022-окуу жылынын баштап Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин А.О.Орусбаев атындагы орус тили институту менен тыгыз байланышта кызматташып келе жатат. Окуучулар аталган институттун бардык иш-чараларына онлайн форматта катышып, көптөгөн байгелүү орундарга ээ болушту.

Быйылкы жаңы 2022-2023-окуу жылында КРСУнун Орус тили институнда 23-январдан 23-февралга чейин орус  поэзия жаатындагы белгилүү  орус адабиятынын классиги В.С.Высоцкийдин 85 жылдыгына карата уюштурулган  “Я дышу- и, значит,  я люблю! Я люблю- и, значит, я живу!” аттуу көркөм окуу сынагына окуучуларыбыз Бурмакан Адыбаева, Шайырбек Ахунов, Сыймык Жусуповтор активдүү катышып, натыйжада Бурмакан Адыбаева диплом лауреата, ал эми Шайырбек Ахунов, Сыймык Жусупов сертификаттарга ээ болушту. Даярдаган мугалим Т.Бурхановага ыраазычылык жолдошту.

 

16). "Мыкты класс жетекчи - 2023" сынагы

2023-жылдын 17-мартында республикалык "Мугалим" журналы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу "Мыкты класс жетекчи - 2023" сынагынын катышуучулары - № 1 гимназия-жатак интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Туратова Таалайхан Сапаровна, Тойчубаева Гүлзат Базарбаевна, математика мугалими Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевнаны аталган журналдын Баткен облусу боюнча координатору Жеңишбек Абдиназаров сынактагы ийгиликтери менен куттуктап, сыйлыктарын тапшырып кетти

17). Долбоор жазуу сынагынын жеңүүчүлөрү

№ 1 гимназия-жатак интернатынын информатика мугалими Асылкан Абдиева жана 10-классынын окуучусу Таттыбүбү Жунусова, 8а-классынын окуучусу Бурмакан Адыбаева бирге долбоор жазышып, жыйынтыгында жеңүүчү деп табылып, "Тынчтык демилгелери" коомдук бирикмеси тарабынан №1 гимназия-жатак интернатына 34811 сомдук проектор берилди. 

18). Токой отургузуу акциясына катышкан окуучуларыбыз

2023-жылдын 08-апрелинде Лейлек районундагы Төө-Жайлоонун аймагына токой отургузуу акциясына №1 гимназия-жатак интернатынын 9а-классынын окуучусу Айназик Анарбекова, 10-классынын окуучулары Саида Джээналиева, Татына Жунусова, Нуркыз Шамшиева, Элита Кадиркуловалар ата-энелеринин макулдугу менен катышып келишти. Бул акция "Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, токой отургузууга катышуучулар анкета толтуруу ыкмасы менен тандалып алынган. 

19). "Кыргызстандын эң мыкты 100 окуучусу-2023"

2023-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарында "Кыргызстандын эң мыкты 100 окуучусу-2023" сынагынын" сыйлоо аземи болуп өттү. Бул сыйлоо аземине №1 гимназия-жатак интернатынын 6 окуучусу - 7а-классынан Билал Насириддинов жана Кыз-Жибек Калматова, 8а-классынан Асема Нажимидинова жана Алина Жумабай кызы, 9а-классынан Акмарал Райимбердиева жана Жазгүл Абдинабиевалар катышып, сыйлыктарын алып келишти. 

20). "Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!" сынагы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган, USAIDдин "Окуу керемет!" долбоорунун колдоосу менен 1-6-класстардын арасындагы "Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!" сынагынын  5-6-класстын окуучулары үчүн "Жер шарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайлы" багыты боюнча № 1 гимназия-жатак интернатынын 6-классынын окуучулары Самидинова Сумайра, Мустафаев Абдурахман, Абдурахманова Каныкей жана долбоорду жетектеген биология мугалими Эрматова Гүлүмкан Пайзидиновна "Абанын булганышын алдын алып, биоардүүлүктү сактайлы" деген темада сынакка катышышты. Окуучулар абанын булганышынын себебин изилдеп, эксперимент жасашып, жыйынтыгы менен презентация жасашты. Конкурстун жыйынтыгында биздин окуучулар облустук турда 1-орунду камсыз кылып, республикалык турда катышуучу болду.

21). Ойлоп табуучулук, илимий-техникалык сынагы

2023-жылдын 2-фнвралында Алтын түйүн" академиясы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу физика сабагы боюнча ойлоп табуучулук, илимий-техникалык сынагынын Баткен облустук туруна 2022-2023-окуу жылында № 1 гимназия-жатак интернатынын 8а-классынын окуучусу Иманалиев Илиас катышып келди. 

22). “Манас” айтылды

2023-жылдын 1-майында Лейлек районунун Раззаков шаарындагы "Исфана" орто мектебинин стадионунда  1400 окуучунун, мугалимдердин, тарбиячылардын катышуусунда "Манас" айтылды. Бул иш-чарада № 1 гимназия-жатак интернатынын эмгек жамаатына жана орус тили жана адабияты мугалими Бурханова Таалайкан Мустафаевнага, англис тили мугалими Хамидов Нуридин Сахобидиновичке, 11-классынын бүтүрүүчүсү Айназик Эгембердиевага Кыргыз улуттук "Манас" театрынын Ыраазычылык каты берилди.

23). "Мыкты окуучу-2023" сынагы

2023-жылдын 03-майында №1 гимназия-жатак интернатында "Мыкты окуучу-2023" сынагы болуп өттү. Сынакка 5а-5б-6-7а-7б-8а-8б-9а-9б-10-класстарынын эң мыкты окуучулары катышышты. Сынактын жыйынтыгында 10-классынын окуучусу Эгембердиева Айназик "Мыкты окуучу-2023" деп табылды.

24). "Мыкты класс жетекчи - 2023" сынагы

2023-жылдын 17-мартында республикалык "Мугалим" журналы тарабынан жыл сайын уюштурулуучу "Мыкты класс жетекчи - 2023" сынагынын катышуучулары - № 1 гимназия-жатак интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Туратова Таалайхан Сапаровна, Тойчубаева Гүлзат Базарбаевна, математика мугалими Эрназарова Бурмакан Сатыбалдыевнаны аталган журналдын Баткен облусу боюнча координатору Жеңишбек Абдиназаров сынактагы ийгиликтери менен куттуктап, сыйлыктарын тапшырып кетти.

 

25). Англис тили мугалимдеринин ортосунда өткөрүлгөн эл аралык сынактын жеңүүчүсү

Англис тили мугалими Нафиса Мурзалиева англис тили мугалимдеринин  эл аралык сынагына катышып, 5 жумага Америкага билим-тажрыйба алмашууга жолдомо утуп алды.

 

25). “ФЛЕКС” эл аралык сынактын катышуучулары

26). Кембридж

Кембриждик университет

27). № 1 гимназия-жатак интернатынын 8 окуучусу Кипр мамлекетиндеги Эл аралык финал университетинин түрдүү факультеттерине  англис тилинде тиешелүү адистиктерге байланыштуу сабактардан англис тилин тилинде сынак тапшырып, бүгүнкү күндө студент катары кабыл алынышты.
Алар 11-классынын окуучулары
1). Аширалиев Байэл -медицина факультети
2). Камалов Мирлан -медицина факультети
3). Туранов Сыдык -бизнес менеджменти, эл аралык
4). Акимбаев Бердияр - IT, бизнес менджмент
5). Сайпиллаев Исхак - компьютердик инженерия
6). Элнура Эркебаева - IT маркетинги
7). Даниель Аманов - архитектура инженериясы
8). Саттаров Бекжан -экономика жана администрация

 

 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика