ШГ Инновационная школа-гимназия комплекса № 87 имени Сыдык Алайчы уулу

Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Мадынский а/а,с. Кыргыз-Чек, улица Алайчы уулу Сыдыка, 28

Көрүлдү: 255

ШГ Инновационная школа-гимназия комплекса № 87 имени Сыдык Алайчы уулу

Мектеп жонундо маалымат

 

ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯ КОМПЛЕКСИНДЕГИ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР

        2022-2023 -окуу жылында  Кара-Суу району, Мады айыл өкмөтүндөгү  Сыдык Алайчы уулу атындагы

№ 87 инновациялык мектеп-гимназия комплекси

Аталышы:  Сыдык Алайчы  уулу атындагы № 87 инновациялык мектеп-гимназия комплекси

  1927-жылы ликбез катары Алайчиев Сыдык агай тарабынан ачылган.

    2012-2013-окуу жылында Республикалык бюджеттен 67млн 487 миң каражат каралып, бүтпөгөн курулуш  оңдолуп, жарыктандыруу, жылытуу системалары жаңыланып, айланасы тосуу менен  толук кандуу ишке берилген.   Аталган мектеп типтүү, 844 орунга ылайыкташтырылган. Окуу үч баскычта жүргүзүлөт.

Мектептин өз уставы бар. Юстициядан каттоодон өткөн.

Мектеп 2011-2012-окуу жылында инновациялык мектеп-гимназия комплекси лакамын коргогон.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредициялоосунан өтүп, атайын сертификат жана лицензия алган.Учурда мектепте 1384 окуучу окуйт. Окуу эки сменада жүргүзүлөт.  Таалим -тарбия иши кыргыз жана орус тилдеринде алынып барылат.

    Мектепте базистик, гимназиялык жана сырттан окуу класстары да ачылган. мектептин алдында “Ынтымак 1” балдар бакчасы уюштурулган. Тандоо сынагынан өткөн таланттуу окуучулар райондук жана облустук “Балдардын чыгармачылык борборунан” атайын ийримдерге тартылган. Гимназия класстарында окутуу гуманитардык багытта жүргүзүлөт. Гимназия класстарына окуучуларды окутуу. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим  министрлигинин 2014-жылдын 2-августдагы № 585-1 буйругу менен бектилген  мектеп-гимназия жөнүндөгү убактылуу жобо менен окуу процесси алынып барылат. Мында 14 каана мамлекеттик  стандарттын негизинде атайын паспорттоштурулудан өткөн. 26 компьютер эки класска жайгаштырылган. 8 даана интерактивдүү доска класстарга коюлган. Гимназиянын милдеттери жазылып, ар бир мугалим-педагогдорго жеткирилген. Мектеп жетекчилиги менен иш алып баруучу мугалимдин ортосунда  бир жылдык мөөнөткө келишим түзүлүп, жумалык жүктөмдөр усулдук бирикме жетекчилеринин  жоопкерчилиги аркылуу жүргүзүлүп келет.  Мектепте 78 мугалим, 19 техникалык кызматкерлер иштейт.

     

      2017-2018-окуу жылында  35 мугалим Кыргыз Республикасынын улуттук тесттирлөө борборунан  аттестациядан өткөн. Бул 87,6% сапатты берди. “Түпкүлүктүү элдин адеп-ахлак, үрп-адат, каада-салт, нарк-насилдерине тарбиялоо менен сапаттуу билим берүү” проблемасынын үстүндө иштөө колго алынган. 

Кыргыз Республикасынын инновациялык 30 мектеп долбоорунун жеңүүчүсү катары, химия,биология, физика, география, мультимедиа кабинеттеринде жеткиликтүү  каражаттар  менен жабылды.  Мектептин стратегиялык, жылдык, айлык пландары түзүлгөн. Мектепте жети кафедра иштеп жатат, усулдук кеңеш жети мугалимден турат. Мектепте олимпиадалык борбор иштейт,олимпиадачыларды аймакка, районго, облуска даярдоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

 

        Компьютердик билим боюнча курс өткөрүлүп, мугалимдерге сертификаттар тапшырылды. Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында Элтр, КТР, Ынтымак,Керемет, теле берүүлөрүнөн  чагылдырылды. Мектепте “Үмүт-Мээрим” ата-энелер камкордук кеңеши иштейт. Каражаты АКБ “Кыргызстан” банкында сакталат, жылына бир жолу ата-энелер тарабынан ыктыярдуу түрдө төлөм жүргүзүлөт. Мектепте “Сейтек”, “Семетей”, “Манас” кошундары иштейт, башкаруу  парламенттик тартипте алынып барылат. Мектепте 1-4-класстар үчүн бир маал ысык тамак уюштурулган. Азык-түлүк боюнча Мерси-Ко долбооруна катышып ашкананы жабдуу иши колго алынган.

 

 

 

 

 

 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика