Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Наримановский а/а,с. Нариман, улица Нариман, Б/н
Көрүлдү: 273
СШ Средняя школа №57 имени Турсунали Сулайманова
Мектеп жөнүндө маалымат
Кара-Суу районуна караштуу №57 Т. Сулайманов мектеби 1945-жылы ачылган.
Мектептин жаңы имараты 1998-жылы элдин жардамы менен курулуп бүтүрүлгөн жана 6-февраль күнү Кыргызстандын алгачкы Президенти А. Акаевдин катышуусунда салтанаттуу ачылуу аземи өткөрүлөн.
2005-жылдын 7-майында 1240000 сомдук спорт зал курулуп бүтүрүлүп, пайдаланууга тапшырылган.
Социалисттик Эмгектин Баатырлары Турсунали Сулайманов жана Атажан Масаитовдун эстеликтери С. Жээнбеков тарабынан ачылды.
2006-жыл, апрель – «АРИС» бейөкмөт уюмунун жардамы менен 185000 сомго 10 компьютер сатып алынды,
2006-жыл, август – «Мерси-КО»нун жардамы менен 154000 сомго 45 парта жана 90 стул алынды,
2008-жыл, май, июнь – 450000 сомго 7502 жерге таман таш жаткырылды.
2009-жыл, май-ноябрь – «АРИС»тин жардамы менен 1875000 сомго 545 метр жер тосмо менен тосулду.
2010-жыл, ноябрь-декабрь 2- кабатта жыйындар залы ачылды.
2015-жыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Баатырлардын тизмелери түшүрүлгөн 34000 сомдук эстелик курулду.
2015-жыл мектептин жыйындар залында Ооган согушунун ардагерлерине арналган бурч уюштурулду.
2016-2017- жыл окуучулардын пайдалануусу үчүн 2 каанадан турган каана курулду.
2018-2019 –ж. Нариман айыл өкмөтү тарабынан мектепке 1 млн 800 миң сомдук жаңы ашкананын курулушу бүтүрүлүп, окуучуларга ысык тамак бериле баштады. Азыркы күндө 560 башталгыч класс окуучуларына ысык тамак берилет.
Мектеп мугалимдери жана окуучулары райондук жана облустук иш чараларга активдүү катышышат.
2019-жыл «Мыкты мектеп 2019» сынагынын райондук турунда 3-орунду ээледи.
2020-жыл «Манас таануу» конкурсунун райондук турунда 2-орунду, 2021-жыл 3-орунду ээледи.
2021-жыл «Илим-техника жана өндүрүш» жумалыгына карата өткөрүлгөн сынактын облустук турунда 3-орунду ээледи.
2018-2022-жылдар аралыгында мектеп окуучулары «Жашстан», «Таасирлинк», «Достук оту» «Айдемилге», «Текайым» долбоорлору менен иштешип, мектепке суммасы 1млн 200миң сомдук техникалык каражаттар, көргөзмө куралдар алынып келинди.
Азыркы учурда мектепте 56 мугалим эмгектенип жатат. Алардан 50 –аял, 6-эркек. Жогорку билимдүүлөрдүн саны-45, атайын орто билимдүүлөр -11. Эл агартуунун мыктылары-3.
Мектеп директору: Абдуллаева Гулчехра Режавалиевна. Окуу бөлүм башчылары: Салиева Шахида Абдирашитовна, Шарипова Гулназ Ахмедовна. Тарбиялык иштер боюнча директордун орунбасарлары: Матвалиева Манзура Абдурасуловна, Садыкова Хурматай Хамитжановна. Соцпедагог: Дадажанова Гульнара Омурзаковна. Мектепте 2022-2023-окуу жылында 1167 окуучу окуп жатат. Анын ичинен 1-4-класс окуучулары-562. 5-9-класс окуучулары – 566, 10-11-класс окуучулары – 37. 2 окуучу ден соолугуна байланыштуу медико-психологиялык комиссиянын корутундусу менен үйдө окутулат. Алардын үйлөрүнө мугалимдер барып, жадыбал боюнча сабак өтүп келишет.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика