ДОО Детский сад №9

Адрес: Кыргызская Республика,Иссык-Кульская обл.,г. Каракол, улица Кыштобаева, 67

Көрүлдү: 243

ДОО Детский сад №9

Сведения об образовательной организации

 

  • Каракол шаарындагы № 9 «Шаттык» бала-бакчасы;
  • 1956-жылдан баштап иштейт;
  • күбөлүк каттоо номери: 99390-3302-М-е;
  • телефон: 0(3922) 5-32-24;
  • дареги: Ысык-Көл обл., Каракол ш., Кыштобаева көч. № 67;
  • почталык индекси: 722360;
  • иш убагы: 7.30дан 17.30га чейин
     

Бала бакчада 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн 3 курактагы топтор чогулган:

  • 2-кенже топ – 3төн 4 жашка чейин
  • Орто топ – 4төн 5 жашка чейин
  • Жогорку топ – 5тен 6 жашка чейин

Кадрлар менен 100 % камсыздалган.

Девиз:

Катардагы мугалим - айтып берет,

Жакшы мугалим – түшүндүрөт,

Алдынкы мугалим – көрсөтүп берет,

Улуу мугалим – шыктандырат.

 

Жогоруда аталган сапаттар биздин бала-бакчанын тарбиячыларында бар.

 

Жамааттын жашоо турмушу:

  • Сүйүү жана адамгерчиликтүү мамиле;
  • Чыгармачылык;
  • Изденүү;
  • Шериктештик жана кызматташтык;
  • Сыйлоо жана ишеним.

 

Биздин милдетибиз – балдарга татыктуу тарбия берүү жана келечекте ар тараптан өнүккөн инсандарды тарбиялоо менен бактылуу балалыктын бийик үлгүсүн берүү.

 

Биз үчүн эң негизги деп эсептелген:

  • бардык тарбиялануучулар үчүн жакшы маанайдагы шарт түзүп берүү;
  • балдардын чыгармачылыгынын жыйынтыктыктарына сый мамиле жасоо;
  • тарбия жана билим берүү процесстеринин ийкемдүүлүгү;
  • бардык баланын ар тараптуу өнүгүшү.

 

Жалпы жаамат «Бала бакчада билим берүү жана тарбия» өнүктүрүүчү программасы менен иштейт.

Көпчүлүк педагогдор автордук программалар менен иш алып барат.

 

Топтогу сабактар төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

  • сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өстүрүү;
  • сабаттуулукка үйрөтүү;
  • айлана-чөйрө менен тааныштыруу;
  • көркөм адабиятты таануу;
  • ОТМЧЧ;
  • математикага;
  • сүрөт тартуу ишине;
  • конструкциялоого;
  • музыкага;
  • дене тарбияга;
  • кыргыз тилине.

 

Кошумча иш-чаралар: бий, музыка.

Ата-энелер менен биргеликте  майрамдык иш чаралар өткөрүлүп турат.

Эмне менен сыймыктанабыз?

Балдар биздин бала бакчага өз каалосу менен көңүлдүү келишет. 
 

КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

Урматтуу ата-энелер эгерде сиздер балдарыныздарды биздин бала-бакчага орноштурууну кааласаныз анда электрондук кезекке турунуз .Электрондук кезекке туруу боюнча маалыматты төмөнкү сайттан аласыздар mektep.edu.gov.kg

 

№ 9 бала-бакчага кирүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

  • Бала бакчага кабыл алуу жөнүндө ата-энелердин арызы
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк
  • Ата-энелердин паспортторунун көчүрмөсү
  • Медициналык документтер: № 063 эмдөөлөр жөнүндө форма
  • 3х4 (2 даана) балдардын сүрөтү
  • Ата-энесинин, камкорчусунун кол коюлган эки нускадагы келишими

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика