Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,г. Сулюкта, улица Пушкина, 62
Көрүлдү: 262
Средняя школа №5 им.Турсуна Рустамова
Урматтуу замандаш! Т.Рустамов ким экендигин билесиӊби? Т.Рустамов катардагы жөнөкөй солдат. Өз мекенин жан дили менен сүйгөн, эгер керек болсо өз жанын аябаган миӊдеген күжүрмөн аскерлердин бири. Баатыр жигит 1941-жылдын 5-майында кенчилердин шаары болгон Сүлүктү шаарында дүйнөгө келди. Ал кездеги №5 сегиз жылдык мектепте 1949-1957 жылдырда окуду. Мектепти бүтүргөндөн кийин даярдоо ишканасында, андан кийин шаарыбыздын шахта курулуш башкармалыгында эмгектенди. Ишке жан дили менен берилген, адамгерчиликтүү жаш жигитти кенчилер чындап урматташаар эле.
Т.Рустамов 1960-жылдын сентябрь айында өз курбу курдаштары менен армиянын катарына чакырылып ардактуу милдетин өтөй турган мезгил да келди. Алыскы Каспий деӊизинин аптаптуу жээги. Майда толкундар бири-бирин кубалашып аскага келип урунушат. Т.Рустамов күнөстүү Дагыстандын Махачкала шаарында өзүнүн аскердик милдетин аткарууда эле. Ал бош убактысында жээкке келип күлүк толкундарга көз чаптырганды жакшы көргөн. Күндөр өтүп жатты. Турсун жолдоштору менен аскердик кызматын так аткарып жүрдү. 1963-жылдын 28-майы. Сержант Довгий жетекчилик кылган конвой 19 күндөн бери жооптуу постто. Оор кылмыш жасаган кылмышкерлердин тобуна сот жүрүп жатты. Судья өкүмдү окуп жатты. Капысынан залдан катуу үн чыкты. Турсун бул канвойго кол салууга берилген белги экенин байкаган жок. Аӊгыча катуу соккудан солдат Печальнов кулап түштү. Узун бойлуу эки кылмышкер Турсундун жолдошу В.Петренького асылышты. Үчүнчүсү канжарын cууруп чыкты. Дал ушул учурда Турсун кылмышкерлерге секирди. Анын колун бекем кармап ээкке бир койду. Ал кулап түштү. Аӊгыча Турсунга үчөө жабылды. Бирөөсүн чаап кулатты, калган экөөcyн жыга койду. Кылмышкерлердин чоӊ тобу анын командирин курчап алышты. Турсун командирине жардам берүүгө шашылды. Тарс эткен үн чыкты. Турсун өзүн атып жатышканын байкаган жок. Капысынан дагы мылтык атылып, жоокердин денеси сыздай түштү. Турсун алга оодарылып жатып, ок аткан кылмышкердин колундагы тапанчасын ыргыта койду, бирок ал да талый баштады. Бардык күчүн жыйнап дагы бир кылмышкерди жыга сүздү. Дагы бир жолу тапанча атылды. Ок берчемдүү жерге тийген эле Турсун көзү караӊгылай эч нерсе көрбөй калды.
Турсун! Ач көзүӊдү! Биздикилер келишти. Анын акыркы сөзү төмөнкүдөй болду. «Мейли атам билсин, мен анын жүзүн жерге каратпадым, мекеним үчүн кызмат кылдым».Кылмышкерлердин баардыгы кандайча кармалганын Турсун көргөн жок.
Жердешибиз Турсун, сүлүктүлүк жигит, баатырдык менен курман болду. Ал өмүрүнүн акырына чейин берген антын аткарды. Командири, жолдоштору, жана сот өкүлдөрүн өлүмдөн сактап калды. Анын көрсөткөн эрдиги үчүн Россия федерациясынын ички иштер министринин буйругу менен Турсун Рустамовтун аты өзү кызмат кылган аскердик бөлүктүн тизмесине түбөлүк жазылып калтырылды. Ар күнү эрте менен аскердик бөлүктүн тизмеси окулганда анын аты биринчи болуп айтылат. Аскердик бөлүктүн эӊ мыкты аскери анын автоматын колуна алып –« Турсун Рустамов түбөлүк биз менен» - деп жооп берет.
1964-жылдын 8-январында Сүлүктү шаардык депутаттардын советинин аткаруу комитетинин чечими менен №5 сегиз жылдык мектепке Т.Рустамовдун аты коюлган. Шаарыбыздын Кош-булак айылындагы көчөгө Т.Рустамовдун аты коюлган. СССРдин ички иштер министринин буйругу менен Т.Рустамов (өлгөндөн кийин) «Коомдук тартипти сактоодогу эр жүрөктүгү» үчүн, “Улуу Жеңиштин ХХ жылдыгы” медалдары менен сыйланган. 1966-жылы Махачкала шаарында Т.Рустамовдун бюсту ачылды. Бул салтанатка Сүлүктү шаарынан Турсундун мугалими М.И.Исмаилов, агасы Й .Рустамов, Т.Рустамов атындагы бригаданын бригадири С.Джуманов жана мыкты окучу Р.Кашаева барып келген. 2001 жылы Т.Рустамов атындагы орто мектепте анын эстелиги орнотулду. 2015 жылы ал кызмат өтөгөн өлкөдө дагы бир эстелигинин ачылыш аземи өткөрүлдү. Эр жүрөк жоокердин көрсөткөн эрдиги жөнүндө «Т.Рустамов» деген кинофильм режиссёр жана оператор Г.А.Мостовых тарабынан тартылган.
Ар жылы май айында Т.Рустамов атындагы орто мектептин окуучулары Турсун Рустамов музейиндеги эр жүрөк жердеши жөнүндө сүрөттөр, материалдар менен таанышып, кинофильмин көрүшөт.
Турсун Рустамовдун аты түбөлүк биздин эсибизден чыкпайт.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика