Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Сары-Колотский а/а,с. Тынчтык, улица 7, 13
2022-жылдын 26-30-сентябрын күндөрү “Жарандык коргонуу ” жумалыгы деп жарыяланып, иш пландар түзүлүп аткарууга берилди.
27-сентябрь күнү соцпедагог Жолонова Нурмиранын жопкерчилиги алдында “Куткаруучу” темасына арналган “Эң жакшы ыр” жана “Эң жакшы тартылган сүрөт” сынагы өткөрүлдү. Сынактын жеңүүчүлөрү Калмурзаев Эрлан, Ибрагимжанова Диларам, Абдисултанова Гүлкайыр райондо өткөрүлгөн сынакка катышып келишти.
28-сентябрь “Жаратылыш кырсыктарынын түрлөрү” деген темада География мугалими Нурдин кызы Уулжан 6-7-класстарга тегерек стол өттү. Тегерек стол аябай кызыктуу, жеткиликтүү болду.
2022-жылдын 29-сентябрь күнү мектепте жарандык коргонуу боюнчамашыгууболуп өттү. Машыгууга 20 мугалим жана 360 окуучу (0-9класстар)
Жараандык коргонуу боюнча окуучуларга машыгуулар болуп өттү. Окуучулар машыгууда жер титирөөдөн сактануу, сууга чөккөн адамга жардам көргөзүү, өрт чыкса коргонуу, ток тарткан учурда антип сактануу керектигин үйрөнүштү. Машыгуу учурунда окуучулар тартип сактап, өзүн-өзү токтоо кармап, бири-бирин карап, мугалимдин жана куткаруучу топтун айтканын аткарып, ачык жерге чыгышты. Окуучулар өз убагында чыгып үлгүрүштү.
29-сентябрь 1-9-класстын окуучуларына “Жаратылыш кырсыктары жана андан коргонуу” деген темада тарбиялык сааттар өткөрүлдү.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика