Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Орозбековский а/а,с. Кулду, улица А.Орозбеков, №245
№3 "Охна" гимназия- мектебинин педагогикалык жамааты профсоюз мучолорунун чогулушун откоруп, Баткенде болгон чек арадагы куралдуу кагылышууда эвакуацияланып келген уй-булолордун балдарына жардам катары ар бири 350-500сомго чейин акча каражатын беруу чечимин чыгарышты. Жалпы 32250сом акча каражаты жыйналды. Мектепке 52 окуучу тартылып, окуу куралдары, керектелуучу кундолук буюмдар жана азык - тулук менен камсыздалды. Айрыкча уйлору куйуп кеткен окуучуларга материалдык жана моралдык жардам корсотулду. Аларды уй- булосу менен "Баяман баатыр" соода туйунуно алып барып, алты окуучуга 27000сомдук жаны кийим - кече алып берилди. Ош областынын Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл окмотунун Акчал айылынын эр азаматтарынан келген кундолук керектелуучу буюмдарды дагы окуучулардын уй- булолоруно таркаттык. Мектеп мугалимдери жардам колун сунушуп, бир эле мезгилде уйлорундо эвакуация болуп келген уй-булолорду карашты. Окуучулардын демилгеси менен "Баткенге жардам" акциясы уюштурулуп, 4480сом акчалай жардамды Кадамжай райондук билим беруу болумуно тапшырдык. Акциянын жыйынтыгы менен окуучулар 2404сом кайра акча чогултушуп, мектепке келген конок окуучуларыбызга сабакта керектелуучу окуу куралдарын белек катары беришти. Баардык келген окуучулар балдар менен достошуп, кайрадан оз айылдарына барганда достук кечелерин уюштуруу демилгесин которушту. Бардык уй- булолорго жардам колун сунган мугалимдерге, айыл окмотуно, мектеп окуучуларына озгочо ыраазычылык билдиришип, кубанычтын коз жаштарына болонушту. Биз окуп кеткен окуучулар менен келечекте байланыш тузууну колго алабыз деп ишеним корсотобуз.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика