Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Наримановский а/а,с. Тажикабад, улица Халбаева Р., 45-139
Биздин өлкөдө жыл сайын "1-сентябрь" "Билим куну" катары белгиленет. Бул майрамдын аты күз мезгилинин биринчи күнү, Кыргызстандагы орто жана жогорку окуу жайларынын окуу жылынын башталышына ылайык аталып калган.
Билим күнү бул - бардык окуучулардын, студенттердин, алардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана окутуучулардын майрамы.
Бирок салтка ылайык бул күнү башкалардан өзгөчө майрамдык маанайды мектепке биринчи кадам шилтеп жаткандар сезишет. Башкача айтканда биринчи класска жана биринчи курска кирип жаткандар үчүн бул күн аларга жаңы жашоонун башталышы болуп, 1-сентябрь алар үчүн абдан маанилүү жана эсте калаар күн.
"1-сентябрь", билим күнүнүн салттары
Мамлекетибиздин бардык аймактарында 1-сентябрь күнү татынакай кийинип, колдоруна гүл кармаган көптөгөн окуучуларды көрүүгө болот. Мектепте алар үчүн жаңы окуу жылына арналган салтанаттуу жана салтка айланган линейкалар, дүйнө сабактары өткөрүлөт. Биринчи класстын окуучулары үчүн биринчи коңгуроо болуп, мектеп жөнүндө ар түрдү музыкалар коюлат. Жогорку класстын окуучулары үчүн да бул күн кубанычтын күнү, анткени алар өзүлөрүнүн жакшы көргөн достору, классташтары жана мугалимдери менен кездешүү күнү.
Албетте, ар бир мектепте "Билим куну" тозууда өзүнүн салттары бар. Акыркы убакта мектептерде "1-сентябрь" күнүн абдан чоң майрам сыяктуу өткөрүү салттары да аз эмес, тилекке каршы мындай жоруктар жакшы нерсеге алып келбейт, анткени акыр аягы мындай майрамдын залакасы окуучулардын ата-энелерине гана тиет. Атайын жана жогорку окуу жайларда салтанаттуу линейкалар көп өткөрүлбөйт. Биринчи курстун студенттерине негизинен чогулуштар, жыйындар өткөрүлүп, окуунун шарттарын талкуулашат.
Билим күнүнүн тарыхы
1-сентябрь мамлекеттик майрам катары белгиленип, бул майрамды мугалимдердин күнү менен алмаштырбоо керек, анткени мугалимдердин күнү башка күнү белгиленет.
Официалдык түрдө "Билим куну" СССРде 1984-жылдан тартып белгилене баштаган. 1-сентябрь СССРде мамлекеттик статус ала электе, бул күн жөн эле окуу күнү болчу. Ошого карабастан бул күнү салтанаттуу линейка өткөрүлчү, бирок андан кийин кадимки сабактар өткөрүлүп иш күнү болуучу.
Жергиликтүү мэрлер, акимдер, айыл башчылары, деги эле мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү "1-сентябрь" күнү линейкаларга катышып, мугалимдерди жана окуучуларды билим күнү менен куттукташат.
Билим күнүнүн мааниси
Бул күн окуучулардын жана мугалимдердин гана күнү болбостон, билим алуунун маанилүү экенин тастыктайт.
Окуу жылы бүгүнкү Кыргызстан мектептеринде 1-сентябрдан башталып, майдын 25не чейин созулат. Окуу жылы чейректерге бөлүнүп, чейрек араларында эс алуулар да каралган. Ар бир чейректин жана окуу жылынын аякташы менен окуучулар бардык сабактардан жыйынтык бааларын алышып, эс алууга чыгышат.
Максат (окуучулар үчүн күтүлүүчү натыйжалары) |
Окуучулар сабактын аягында: |
Билим берүүчү: |
|
Өнүктүрүүчүлүк: |
|
Тарбия берүүчүлүк: |
|
Сабактын тиби: Жалпылоо жана билимдерин системалаштыруу.
Жалпы усулдар. Окуучулардын иштөө ыкмалары: топтордо иштөө, байкоо жүргүзүү усулу, проблемалык усул, оозеки иштөө усулу, көрсөтмөлүү усулу.
Сабакка колдонулуучу ресурстар: доскага: Кыргызстандын картасы, Кыргыз Республикасынын гербинин, желегинин сүрөтү бар плакаттар илинет жана Кыргызстандын тарыхы жана маданияты – улуттун сыймыгы жана байлыгы – деген сүйлөм жазылат; Кыргыз Республикасынын гимни; класстын ичинде: Кыргызстандын ар тарабын чагылдырган сүрөттөр, (тоолор, көлдөр, суулар, шаарлар, айылдар, токойлор ) иллюстрациялар коюлган; ар бир топко-маркер (фломастер), ак барак А-3, скотч, түстүү кагаздар, клей, кайчы, карточка салынган конверттер кагаздар; ар бир окуучуга – кагаздан жүрөкчөлөр.
Сабактын жүрүшү:
Сабактын этаптары |
Убакыт |
Мугалимдин ишмердүүлүгү (мугалим эмне кылат) |
Окуучунун ишмердүүлүгү (окуучулар эмне кылышат) |
Мугалимдер үчүн комментарий |
Уюштуруу. 2 мин. Мугалим окуучулар менен саламдашып, окуучулардын сабакка даярдыгын текшерет. Жагымдуу маанай түзүү. Ачык көӊүл балдарбыз!
Муӊаюуну билбеген Ачык көӊүл балдарбыз.
Жөн турганды билбеген Кандай жумуш болбосун
Баштайбыз ыр-бий менен.
Доскага (же партага тизилген карточкаларга) жазылган ырды класстын бардык окуучулары үн чыгарып окушат. (Башка ыр колдонсо болот)
Жаӊы теманы тааныштыруу, сабактын максатын жана күтүлүүчү натыйжасын окуучуларга айтып түшүндүрүү. 3 мин. Мугалимдин сөзү: Сен бөтөн жерде болуп калсаӊ «Сен кайсыл жактансыӊ? Кайсыл жерден болосуӊ? – деп сурашат. Ал эми сен болсо мен Кыргызстанданмын –деп жооп бересиӊ. Сен туулуп-өскөн жериӊ – сенин Мекениӊ. Ал … деп аталат. (Кыргыз Республикасы) Балдар, 2016-жыл Кыргызстанда: Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. Биздин сабагыбыздын темасы доскада жазылып турат. Келгиле аны бирге окуйлу: Кыргызстандын тарыхы жана маданияты-улуттун сыймыгы жана байлыгы».
Окуучулар мугалимдин сөзүн хор менен улап айтышат. Окуучулар сабактын темасын хор менен окушат.
Окуучулардын билимин актуалдаштыруу. 3 мин. Кандай мамлекет болбосун анын өзүнүн символдору болот. Символдор – ар бир мамлекеттин эмблемасы. бул мамлекеттин негизги белгиси болуп эсептелет. Фронталдык сурамжылоо: Биздин мамлекеттин кандай символдорун билесиӊер?
Мамлекетибиздин символдорунун бири Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни. Келгиле угуп көрөлү. (Кыргыз республикасынын гимни угузулат.)
Окуучулар мамлекеттик символдорду атап беришет. Окуучулар орундарынан турушуп гимнди ырдашат. Окуучулардын айтуусу боюнча мугалим символдорду доскага илет.
Интерактивдүү көнүгүүлөр. 28 мин. Азыр биз журналыбызды барактап мамлекетибиздин негизги символдорун кабыл алуу тарыхын эске салып, Кыргызстандын маданияты жөнүӊдө көбүрөөк билгенге аракет жасайлы. Окуучулар 7 топко бөлүнүшөт. Ар бир топко тапшырмалар салынган конверттер таркатылат. Тапшырмаларды топтордо талкуулашып аткарышат жана башка топторго презентациялашат. Карточкалардын санына жараша окуучуларды 7 топко бөлгүлө. Ар бир топко тапшырманы аткаруу үчүн керек болгон ресурстар менен камсыз кылгыла.Тапшырманы окуучуларга окуп бергиле жана түшүндүргүлө. Тапшырманы аткарууга 15 минут бөлүнөт.Топтун катышуучуларын ролдорго бөлгүлө: сүрөтчү докладчы, жазуучу, лидер. Карточкадагы тапшырмаларды окуучулардын деӊгээлине жараша дифференцирлеп бөлүштүрсө болот.1-2-класстын окуучулары №5-№7 карточкалар менен иштешсе болот.
Физминутка 2 мин. Окуучулар ордунан турушуп, төмөнкү сөздөрдү кайталашып, ритм менен кыймылдарды жасашат. Кыргызстанда, Кыргызстанда бардык балдар достошот. Биз сени менен. Мен жана биз. Биз баарын билебиз. Биз баарын үйрөнөбүз. Мугалим башка кыймылдуу оюнду пайдаланса да болот.
Рефлексия 5 мин. Бир акылмандан мекенчил деген эмне деп сурашса, Мекенчил – бул менин өлкөм баарынан мыкты деген ишеним, анткени сен бул өлкөдө туулгансыӊ!-деген экен акылман. Ошондуктан Кыргызстандын кайсыл жеринде жашабайлы шаардабы, айылдабы бул биздин Кыргызстан! Өз элинин тарыхын билген жана ата-бабаларынын салт-санаасын карманган эл дайыма жашайт. Эгерде биздин мамлекетибиз жакшы болушун кааласак кагаз жүрөкчөлөрдөн алып, адам кандай сапаттарга жана баалуулуктарга ээ болуш керек экендигин жазып доскадагы Кыргызстандын картасына жабыштыргыла. Фронталдык сурамжылоо: 1. Сабактан жаӊы эмнелерди билдиӊер? 2. Сабак эмнеси менен эсте калды? 3. Эмне жөнүндө билгиӊ келет?
Ар бир окуучу бирден кагаз жүрөкчө алып, бирден сөз жазып Кыргызстандын картасына жабыштырышат. Окуучулар суроолорго жооп беришет.
Колдоо катары доскага төмөндөгү сөздөрдү жазып койгула: мекенчил, ар-намыс, жоопкерчилик, сүйүү, жакшылык, толеранттуулук, тынчтык, мекенди сүйүү ж.б.
Үй тапшырма 2 мин. Кыргыздын улуттук оюндарынын түрлөрүн, алардын өзгөчөлүктөрүн үйрөнүп келүү.
Сабакка тиркемелер
№1 карточка
Мамлекеттик Гимн.
Гимн – бул Кыргыз Республикасынын салтанаттуу ыры. Мамлекеттик символ жана кыргыз жеринин кооздугун сүрөттөгөн салтанаттуу ыр. Гимн официалдуу салтанаттарда аткарылат. Кыргыз Республикасынын гимни Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 18 -декабрь 1992-жылкы чечими менен бекитилген.
Ак мөӊгүлүү аска-зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырын колуӊда.
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип
Бакыт нурун төгөт кыргыз жерине
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырын колунда.
Аткарылып элдин үмүт-тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.,
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сктап урпактарга берели.
Кайырма:
Алгалагын кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда
Өркүндөй бер, өсө бер
Өз тагдырыӊ колуӊда
Тапшырма: Суроолорго жазуу жүзүндө жооп бергиле:
Гимнде биздин өлкө кандай бааланат?
Эмнеси менен даӊкталат?
№2 карточка
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу – Жогорку Кеӊештин 3-марттагы 1992-жыл 8-сессиясында кабыл алынган, ал эми 5-мартта өкмөт үйүнүн имаратында салтанаттуу түрдө көтөрүлгөн.
Туунун кызыл түсү эрдиктин жана кайраттуулуктун символун, өзүнүн нурларына киринип жаткан алтын түспөл күн – тынчтыкты жана байлыкты, ал эми түндүк болсо – ата-бабалардын үйүн, ал эми кеӊири түшүнүктө ааламды түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы – бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Тапшырма: Кыргыз Республикасынын туусу жөнүӊдө айтып бергиле.
№3 карточка
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби – Жогорку Кеӊеш тарабынан 14-январь 1994-жылы бекитилген.
Кыргызстандын мамлекеттик гербинде – тоо бүркүтүнүн сүрөтү чагылдырылган. Көлдүн бетинин чагылдырылышы – жаратылыштын кооздугунун символун, жашоо булагын жана энергиясын түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кыр бууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган «Кыргыз» жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган «Республикасы» деген жазуудан турат.
Тапшырма: Кыргыз Республикасынын герби жөнүндө айтып бергиле?
№4 карточка
Биздин мамлекетте жети область бар: Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад. Биздин ата-мекенибиз Ала-Тоо кучагында жайланышып, өзүнүн кооздугу жана сулуулугу менен суктандырат.
Тапшырма: Төмөнкү областтар жөнүндө билгениӊерди жазгыла. Алар эмнеси менен белгилүү ?
Чүй областы ____________________________________________________________
Ысык-Көл
областы______________________________________________________________
Нарын
областы_________________________________________________________________
Талас
областы_________________________________________________________________
Жалал-Абад
областы______________________________________________________________
Баткен
областы_______________________________________________________________
Ош
областы________________________________________________________________
№5 карточка
Боз үй – кыргыз элинин улуттук турак жайы.
Кыргыз боз үйү – элдин сергек акылынан чыккан өнөрү. Жалаӊ мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого, бирде оӊтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Көчмөн элдердин биргелешкен акыл оюнан жаралган жеӊил десеӊ жеӊил, чечкенге, тиккенге оӊой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.
Кыргыз боз үйлөрүнүн жыгачтары негизинен талдан, түндүгү арчадан жасалат. Көлөмү боюнча төрт канат, алты канатка жеткен.
Кыргыз боз үйү илгертеден ата-бабадан бери очогунан от өчпөгөн, жайы кышы жашап, тукум улап келген, жашоо тиричилигин баштарынан кечирип келген мекени жана туусу болгон деп айта алабыз. Боз үйдү кыргыздын улуттук чыгармачылык маданиятын чагылдырган эмгеги десек болот.
Тапшырма: Боз үй жөнүндө айтып бергиле жана сүрөтүн тарткыла.
№6 карточка.
Элдик чыгармачылык
Кыргыз эли байыртадан эле ыр-күүгө бай эл болгон. Кыргыздардын эӊ белгилүү аспабы – комуз. Комуз – кыргыз элинин байыртадан бери чертме кылдуу, үндүү аспабы. Ал өрүк, тал-терек, карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылган. Ошондой эле элдик аспаптарынын катарына кирген кыл кыяк жана темир ооз комуз дагы улуттук мурастардын бири болуп эсептелген.
Элдик оозеки чыгармачылык дагы абдан өнүккөн. Мисалга алсак: Манас айтуу, айтыш, дастанчылар ж.б.
Кыргыз элинин аш-тойлору, майрамдары акындарсыз өтчү эмес. Акындык өнөр кыргыз элинде өтө жогору бааланган. Натыйжада элдик оозеки чыгарчылыктын төкмөчүлүк өнөрү күчтүүөнүккөн. Төкмө акындар ой жүгүртүүсүнүн тездиги, баамчылдыгы, өзгөчө таланттуулугу менен айырмаланган. Элибиздин толуп жаткан оюн-зооктор менен катар акындарды айтыштыруу кеӊири жайылтылган салт болгон. Эки ырчынын акындык дараметин салыштырып, бири-бирин жеӊүү максаты менен ырдаган ырлары айтыш ырлары деп айтылган. XIX—XX кылымдардагы акындар: Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Арстанбек Буйлаш уулу, Жеӊижок, Барпы Алыкулов, Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев ж.б.
Тапшырма: Акындар жөнүндө айтып бергиле. Комуздун сүрөтүн тарткыла.
№7 карточка
Улуттук оюндар
Ар бир эл өзүнүн салты, үрп адаты менен гана эмес, өздөрүнө тиешелүү болгон, (салттык) улуттук оюндары менен да айырмаланат. Ал эми кыргыз элинин улуттук оюндары болуп, ордо, тогуз коргоол, оромпой тебүү, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, селкинчек ж.б. ат оюндарынын түрү болуп эсептелинет. Ат чабыш – улуттук спорттун түрү. Мелдештер, тегиз талаада, түз жолдо же туюм айлампада, (ат майданда) өткөрүлүп, күлүктөрдү атайын саяпкерлер таптап чабандеске чаптырат. Кыз куумай – оюну кыргыз элинин эӊ байыркы кызыктуу оюндарынын бири. Оюнда кыз тандаган атты минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе бетинен өпкөн, жетпей калса кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап келген. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кеӊири ойнотулат. Оодарыш, эӊиш – улуттук ат спорту, ат үстүндөгү мелдештин бир түрү. Мелдештин максаты эки балбан бири-бирин ат үстүнөн оодарып, тартып же түртүп жерге түшүрүү. Улак тартыш, көк бөрү – кыргыз элинин улуттук оюну. Оюндун негизги максаты жерге ташталган улакты эӊип алып, атаандаштарга тарттырбастан белгиленген марага алып келип таштоо. Аркан тартмай – оюнунда оюнчулар эки тарапка теӊ эки топко бөлүнөт. Ар бир топтун оюнчулары бир оюнчудан кийин аркандын бир жагынан, калган оюнчулар дагы бир оюнчудан кийин аркандын экинчи жагынан кармашат да, эки тарап арканды өз тарабына тартканга аракет кылышат. Аркан тартмай оюну ийилчээктикке, тырышчаактыкка жана биримдүүлүккөүйрөтөт.
Тапшырма: Улуттук оюндар жөнүндө айтып бергиле . Бир оюн көрсөтүп бергиле.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика