Учреждение Детский сад "Наристе" имени Жумалы уулу Бузурманкула села Кызыл-Туу Таласского района Таласской области

Адрес: Кыргызская Республика,Таласская обл.,Таласский р-н,Джергеталский а/а,с. Кызыл-Туу, улица Айдаралы уулу Өмурзак, 20

Автор: Учреждение Детский сад "Наристе" имени Жумалы уулу Бузурманкула села Кызыл-Туу Таласского района Таласской области 1 Сентябрь 2022 ж. 15:10

2020-жылдан 2022-жылдагы бала бакчада аткарылган иштер

2020-жылы  Талас райондук социалдык аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан макулдашуунун негизинде 100 800 сом, Жергетал айыл өкмөтү тарабынан 224 800 акча каражаты каралып, бала бакчанын имаратынын алды брусчаткаланды. 

“Бакубат Талас” фонду менен долбоор каралып, 561 080 сом бөлүнүп, 2 күнөскана  жаңы салынып, бала бакчанын электр булактары ремонттон өтүп, чатырдын суу аккыч тосмолору орнотулду.

2021-жылы “Өнүктүрүү” Талас фонду менен долбоор түзүлүп, 1 300 000 сом акча каражаты бөлүнүп, бала бакчанын жылытуу системаларына караштуу көмүр жагуу печкасы жаңыртылып, электр менен жагуу жабдыктары жана от жагуу операторлордун отуруу жайлары да жасалып, капиталдык ремонттон өттү.

Ушул эле жылы  Талас райондук социалдык аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан макулдашуунун негизинде 84 600 сом акча каражаты каралып, бала бакчанын күн батыш тарабына 56м жыгач тосмо орнотулду. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан бала бакчанын сырт жагына кичи топ ойноочу аянтча  жасалды.

Арис долбоорунан жалпы 1 800 000 сом акча каражаты бөлүнүп, бир топко 38 балага ылайыкталган кровать,чечинүүчү , китеп шкафтары , саат , 6 топко жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша тамак ичүүчү стол стулдары 728 000 сомго , интерактивдүү доска, проектор, компьютер, түстүү принтер 160 170 сомго жана 911 805 сомго ашакана жабдыктары  алынды.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика