Адрес: Кыргызская Республика,Таласская обл.,Таласский р-н,Джергеталский а/а,с. Кызыл-Туу, улица Айдаралы уулу Өмурзак, 20
2015-жылдын 18-сентябрында бала бакча кайрадан ишке кирип, 4 топко 80 бала кабыл алынган. Бала бакчанын аты экс депутат Жумалиева Элмира Бузурманкуловнанын атасы Жумалы уулу Бузурманкул атынан коюлган. Элмира Бузурманкуловна бала бакчанын ремонтторуна, катуу жумшак эмеректерине чон салымын кошуп, 2017-жылы бала бакчага жаңы 2 топтун ачылышына жардам берген.
Азыркы учурда бала бакчада 6 топ менен иштеп келет. Тарбиялануучулардын жалпы саны 226. Бала бакчада жалпы 32 кызматкерлер эмгектенет.
Бала бакчанын ичинде 1-кабатында жетекчинин , чарба иштери боюнча жетекчинин орун басарынын, медайымдын, методикалык кабинеттери жайгашкан. Ошондой эле 1-кабатта 2 кенже топтор, ашкана, музыкалык зал, кир жуучу бөлмөлөр бар. Ал эми бала бакчанын 2-кабатында 1 жогорку топ, орто жана 2-кенже топтор жайгашкан. Биздин бала бакчанын ичи жылуу, жарык жана таза. Ар бир бөлмөдө кооз, ар түрдүү , жыпар жыттуу гүлдөр өстүрүлөт. Биздин бала бакчада ар бир топто балдардын чечинүүчү жайы, ойноочу жана уктоочу бөлмөлөрү, кол жуучу жана туалеттери өз өзүнчө бөлмөлөрдө жайгашкан. Бүгүнкү күнгө ылайык топтордо заманбап сыналгылар, доскалар жана керектүү көрсөтмө куралдар бар. Бардык тарбиячылар топтордун ичин өз чыгармачылыктары менен балдарга жана ата-энелерге жагымдуу, кооз кылып жасалгалашкан.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика