Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
2025-жылдын 27-февралында № 1 гимназия-жатак интернатында Мамбетасан Ибраев агай “Өзгөрүүнү өзүңдөн башта” аттуу семинар өткөрдү 🎉. Бул иш-чара баарыбыз үчүн чоң мотивация болду! 🔥 Агай жашоодо ийгиликке жетүү, туура максат коюу жана өзгөрүүнү өзүбүздөн баштоо тууралуу терең ойлорун бөлүштү 💡.
Семинар учурунда өзүн-өзү өнүктүрүү, жоопкерчилик алуу жана аракеттин маанилүүлүгү жөнүндө көптөгөн пайдалуу кеңештерди уктук 📚. Агайдын шыктандыруучу сөздөрү бизди жаңы көз караш менен ойлонууга жана жакшы адаттарды калыптандырууга түрткү берди 🚀.
Мындай баалуу тажрыйбасы менен бөлүшкөнү үчүн агайга чоң ыраазычылык билдиребиз! 🙏 Сизден алган сабактар келечегибизге чоң таасир этет деп ишенебиз 💫. Рахмат, агай! 👏👏
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика