Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
№ 1 гимнаия-жатак интернатында 2025-жылдын 12-мартында зордук-зомбулук жана буллингге каршы маанилүү иш-чара болуп өттү. Жолугушууга милиция кызматкерлери келип, окуучулардын укуктарын коргоо жана кыйынчылыкка кабылганда кайда кайрылуу керектиги жөнүндө айтып беришти.
Мындан тышкары, эки мугалим ачык сабак өтүп, буллинг деген эмне экенин, аны кантип таанууга болорун жана эмнеге кайдыгер болбоо керектигин түшүндүрүштү. Окуучулар мектепте достук чөйрөсүн кантип түзүү жана бири-бирине кантип колдоо көрсөтүү керектиги жөнүндө талкуу болду.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика