Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Орозбековский а/а,с. Кулду, улица А.Орозбеков, №245
2023-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын билим берүү мектептеринде 1-6- класстардын окуучуларынын арасында изилдөө долбоорлорунун "Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!" аттуу республикалык сынагынын райондук туру 15- декабрь күнү Б. Айтматов мектебинде болуп өттү. Бул сынак Билим жана илим министрлиги тарабынан демилгеленип, ЮСАИДдин"Окуу керемет! " долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, жаш изилдөөчүлөр эң мыкты эмгектерин көрсөтүштү. Бул долбоорго √3 " Охна" гимназия-мектебинин 5-в классынын окуучулары Каратаева Мадина, Кочкорова Айымкан, Исамидинова Уулданай, Курбанбаева Сезим катышышты. Алар "Жер шарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайлы"долбоордун астында " Желим идиштердин пайдасы жана зыяны" деген темада эң жогорку деңгээлде аткарышты. Желим идиштеринен мыкты балаты,аяз Ата жасашып өз эмгектери көрсөтүлдү.Сынактын жыйынтыгында окуучулар мыкты көрсөткүчтөрү менен Гран Прини жеңип алышып, областтык турга жолдомо алышты. Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан "Ардак грамота" менен сыйланышты.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика