Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Марказский а/а,с. Марказ, улица А.Амиров, №2
Кадамжай районуна караштуу №67 "Кыргызстандын 10 жылдыгы" орто мектебинде 31-октябрь күнү физика мугалимдери үчүн аймактык семинар болуп өттү.
Семинардын темасы: "Физика сабагын окутуунун жаңыча усулдары менен таанышуу жана өз ара тажрыйба алмашуу"
Семинардын максаты:Физика сабагындагы санариптик билим берүүнүн жана маалыматтык технологияларды пайдалануунун натыйжалуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү менен окуучулардын физика сабагына кызыгуусун арттыруу
Семинарда Айрыбаз аймагындагы мугалимдер тарабынан 3 ачык сабак даярдалып,1 мастер класс,1 класстан тышкаркы иш уюштурулду. Класстан тышкаркы ишти "Кыргызстандын 10 жылдыгы" орто мектебинин мугалими Эрдавлет кызы Жийдегүл эжеке уюштурду.
Семинарга аймактагы бардык мектептеги мугалимдер келип катышып,усул алмашып билимдерин өнүктүрүп кетишти.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика