Средняя школа №20 имени "Орозбая Маканова"

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,г. Айдаркен, улица Курманжан-Датка, №22

Автор: Средняя школа №20 имени "Орозбая Маканова" 28 Июль 2022 ж. 21:53

Аттестат тапшыруу аземи тууралуу...

Кадамжай районуна караштуу №20 Орозбай  Маканов атындагы орто мектебинде 2022-жылдын 7-июль күнү 11-класстарга жетилүү аттестаттарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

№20 Орозбай Маканов атындагы орто мектебинде жалпы 67 бүтүрүүчү анын ичинен 34 кыз 33 бала.Бүгүн 7-июль күнү 11-класстарга мамлекеттик жетилүү аттестаттары салтанаттуу түрдө тапшырылды.Аземге ата-энелер жана аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жаш өспүрүмдөр инспектору У.Абдужалилов катышты. Жетилүү аттестаттары менен биргеликте ЖРТ жыйынтыктары да кошо тапшырылды. Эң жогорку баллды алган окуучулардын аттары аталып, келечектеги окууларына ийгиликтер айтылды. Ошондой эле белгилей кетсек 5-июль күнү 9-класстарга күбөлүктөрдү тапшыруу аземи да салтанаттуу түрдө өткөрүлгөн. 9-класстар арасынан 8 окуучу Кызыл күбөлүктөрдү алышты. Атай кетсем: Алтымышов Элдияр 9а, Абдикаримова Альбина 9а, Мамытали кызы Зияда 9б, Саматов Санатбек 9в, Кожомкулова Наргиза 9в, Доолатов Замирбек 9г, Олимбекова Гүлсүнай 9г, Джапарова Мадина 9г. Бул окуучулар менен сыймыктанабыз

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика