Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Шаркский а/а,с. Шарк, улица Саримсакова, бн
Киришүү
Киришүүдө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлушу керек:-билим берүү уюмунун (мындан ары БУ) түзүлүшү жөнүндө кыскача маалымат (мамлекеттик каттоо/ юридикалык жакты,уставды кайрадан каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн тиркөө); №125 Боболашкар орто мектеби мекемеси (мындан ары-мектеп ) Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагынын Шарк айылында жайгашкан. 2000-жылга чейин имараттын эки корпустан турган экиден каанасы бар пахта төгүүчү шыйпан болгон. 2001-жылынын жайында аянты 1,00 га.болгон имаратка экиден класс бөлмө элдин ашар жолу менен кошумча курулган. 2001-2002-окуу жылынан баштап А.Парпиев атындагы орто мектептен 407 бала жана 30 мугалим бөлүнүп чыгып, 9-жылдык негизги мектеп болуп иш баштаган.
2011-2012-окуу жылында орто мектеп статусун алган. 2013-жылдын 25-январында , 2017-жылдын 29-июнунда жана 2022-жылдын 02-декабрында Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. 240 окуучуга ылайыкталган.Бир кабаттуу типтүү эмес. Мектепте 31 мугалим эмгектенет. Окутуу процесси 5 күн, өзбек тилинде эки нөөмөт менен жүргүзүлөт. Азыркы окуу жылында 1-11-класстарда 412 окуучу, «Наристе» 480 сааттык программа боюнча 35 бала билим жана тарбия алат. Билим берүү уюму 2022-2023-окуу жылынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу»(ERIK) долбооруна кирген. Мектеп энергиянын натыйжалуулугун жана сейсмикалык коопсуздугунун заманбап талаптарына ылайык кайра курулат. Учурда долбордук жана сметалык документ иштери жүрүп жатат. Билим берүү уюму: Ата-энелер,коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө аркылуу азыркы миссиясынын негизинде иштеп келе жатат.
Мектеп жетекчиси: Рахманова Равшанай Махмудовна .
Байланыш телефону: +996 550 901 861 Электрон дареги: mravshanay@gmail.com Web сайт: Образовательная платформа Билим (edu.gov.kg) Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 23-майындагы №620/1 буйругунун негизинде алгачкы ПРОГРАММАЛАР БОЮНЧА АККРЕДИТАЦИЯДАН өткөн.
Мектептин дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу,Кара-Суу району, Шарк айыл аймагы,Шарк айылы.Сарымсаков көчөсү №5
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика