Автор: Средняя школа №89 имени Бусары Абдрахмановой 25 Апрель 2023 ж. 10:16

21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнү!

   21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүн белгилөө биздин мектепте салтка айланып калган. Ар бир тил өзүнө ыйык, өзүнчө керемет. Дүйнөдө канча тил болсо, ошол тилде сүйлөгөн улуттун баары өз эне тилинин түбөлүктүүлүгүн көздүн карегиндей сактоого, урпактарга улуу мурас кылып берүүгө аракеттерин жасап келет. Тажик тили мугалими М. Раджапова 7-8-г класстарынын окуучулары менен биргеликте “Тил билсең, дил билесиң” тарбиялык саат өттү. Ошондой эле 3-б, г классынын класс жетекчилери “Улуттун башаты – эне тил” аттуу ачык тарбиялык саат өтүштү. Жаштардын дилине эне тилдин ыйыктыгын сиңирип, аны жүрөктүн деми менен бирге соккудай кылып жашоо үчүн мекенчил окуучулардын, МЖУнун колдоосу менен “Заманбап жашоодогу көп тилдүүлүк” аттуу фестиваль өткөрүлдү. Фестивалда ар түрдүү улуттардын улуттук тамактары жасалып, бийлери бийленди жана ырлары ырдалды.

             

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика