Автор: Средняя школа №89 имени Бусары Абдрахмановой 25 Апрель 2023 ж. 10:09

14-февраль - Китеп белекке берүү күнү!

     14-февраль – Китеп белекке берүү күнү! Бул күнү китептер жаңы окурмандарын таап, китепкөйлөр бири-бирине кубаныч тартуулашат. «Китептерди сүйүү менен бер» өнөктүгү өткөрүлүп, анын алкагында балдар үчүн китептерди чогултуу, чеберчилик сабактар уюштурулду жана демөөрчүлөрдүн атынан балдарга китептер белекке берилди. «Китеп — эң жакшы белек» кече өтүп, балдарга китеп белекке берүү өзгөчө маанилүү экендиги айтылды. Бул күнү ар бир адам досторуна, туугандарына, жадагалса, көчөдө кокусунан өтүп бара жаткан адамга китеп белек кыла аларын божомолдоо оңой. Майрамдын негизги максаты өсүп келе жаткан муундун китеп окууга болгон сүйүүсүн, маданиятына, тарыхына кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

            

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика