ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 18 Апрель 2023 ж. 19:15

Физика мугалими Гапарова Үмүтай Манановна - биздин сыймыгыбыз

Гапарова Умутай Манановна 2012-жылдан бери № 1 гимназия-жатак интернатында физика мугалими болуп иштеген. Окуучуларга физика предметин үйрөтүү менен катар предметтик олимпиадаларга окуучуларды даярдап, ийгиликтердин жаралышына себепкер болду. Окуткан окуучулары облустук олимпиадада активдүү катышып, байгелүү орундарга ээ болууда.2015-2016-окуу жылында Азираткулова Нурайым облустук турда 3-орунду ээлеген. 2018-2019-окуу жылында Борукулова Аида физика предметинен райондук турдун катышуучусу болгон. 2020-2021-окуу жылында Осмонова Айдана физика предметинен облустук турдун катышуучусу. Физика предметтинен ойлоп табуучулук, илимий-техникалык олимпиадасында 2021-2022-окуу жылында Файзуллаев Каныбек жана Аманов Даниель облустук турдун катышуучусу болушса, 2022-2023-окуу жылында Иманалиев Илиас "Алтын түйүн" техникалык олимпиадасында облустук турдун катышуучусу болду. Улугай Исабекова 2022-2023-окуу жылында физика боюнча республикалык олимпиаданын облустук турунун жеңүүчүсү, ал эми республикалык турдун катышуучусу болду. Үмүтай Манановнын педагогдук ишинде ийгиликтердин жарала беришине тилектешпиз.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика