Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Куанычбек кызы Тунугай 2018-2019-окуу жылында № 1 гимназия-жатак интернатынын 5б-классына кабыл алынган. Ошондон бери окуунун мыктысы катары алгебра, биология, химия, кыргыз тили сабактарын кызыгып окуйт. Уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, лидер окуучу, классташтары менен болгон мамилеси аябай жакшы. Ар кандай иш чара, конкурс, сынактарга аракет кылып катышып, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Тунугай 5-класстан бери окуудагы ийгиликтери, мектеп турмушундагы активдүүлүгү үчүн 12 грамота, дипломдорго, ошондой эле бүтүрүүчүбүз Асхад Казакбаев тарабынан уюштурулган Исхак Раззаков атындагы стипендияга жана сертификатка ээ болду.
2018-2019-окуу жылында "Мыкты күндөлүк" сынагында 1-орунду ээлеген. 2020-2021-окуу жылында Улуу жеништин 76 жылдыгына карата өткөрүлгөн "Жеңиш майрам - Улуу майрам" аттуу иш-чарада көркөм окуу сынагы боюнча 3-орунду ээлеген. 2021-жылдын 16-апрелинде Раззаков шаарындагы балдар билим берүү, чыгармачылык борборунда өткөрүлгөн Баткен областтык көркөм сүрөт мектеп-интернаты тарабынан уюштурулган сүрөт конкурсунда мыкты сүрөт жаратып, озүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн мактоо баракчасы менен сыйланган.
2021-жылы Исхак Раззаков атындагы стипендия менен сыйланган. 2021-2022- окуу жылында № 1 гимназия-жатак интернатынын жатаканасындагы активдүүлүгү үчүн грамота менен сыйланган. 2021-2022-окуу жылында үлгүлүү жүрүм-туруму жана окуудагы жетишкендиктери үчүн грамота менен сыйланган. 2021-2022-окуу жылында Манас күнүнө карата өткөрүлгөн "Жаш манасчы-2021" кароо сынагында 1-орунду ээлеген.
2021-жылы "Ыраазычылык-бул гүлдөрдүн эң сулуусу" аттуу эссе сынагында 3-орунду ээлеген.
2021-2022-окуу жылында Карыялар күнүнө карата өткөрүлгөн "Карысы бардын - ырысы бар" аттуу иш-чарада 1-орунду ээлеген.
2021-2022-окуу жылында "Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!" аттуу Республикалык сынакта активдүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланган.
2021-жылы "Арча" майрамына карата өткөрүлгөн 8-9-10-класстарынын окуучуларынын арасында "Мыкты дубал газета" сынагында 1-орунду ээлеген.
2022-2023-окуу жылында биология сабагы боюнча республикалык олимпиаданын мектептик турунда 2-орунду ээлеген. Биология сабагынан олимпиадалык топко катышууда. Гимназиябыздын өзүн -өзү башкаруу Баластан республикасында маданият министри болуп шайланып, бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп келүүдө. Куанычбек кызы Тунугай - келечегинен көптү үмүттөндүргөн окуучу! Сыймыктанабыз!
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика