Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Шаркский а/а,с. Шарк, улица Парпиева, Без номер
2023-жылдын 23-февралында “Ак-Шоола-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “ Улут болсом тилим менен улутмун ”
деген темада кызыктуу иш- чара өткөрүлдү.
21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө арналган майрамдык күн тарбиячылардын, балдардын жана ата-энелердин катышуусу менен өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында балдар өлкөбүздө жашаган ар түрдүү улуттардын улуттук бийлерин, ырларын, каада-салттарын үрп-адаттарын жана маданиятын көрсөтүштү. Алар өзүнүн өлкөсү, жаратылышы тууралуу, түрдүү улуттагы адамдар жөнүндө көп жаңы нерсени үйрөнүштү.
Албетте, мындай иш-чаралар балдардын дүйнө таанымын байытат, эс тутумун, кыялдануусун өнүктүрөт, акыл эсин өстүрүүгө жардам берет.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика