Автор: Основная школа №17 имени Хафиза Турсунова
6 Апрель 2023 ж. 17:23
"№17 Хафиз Турсунов атындагы негизги мектеби жөнүндө маалымат
Ош облусу Кара-Суу районундагы №17 Хафиз Турсунов атындагы
негизги мектеби жөнүндө маалымат.
Мектеп шаардагы эң эски мектеп болуп саналат. Биринчи корпус 1926-жылы, экинчи корпус 1965-жылы, үчүнчү корпус 1984-жылы курулган. Мектеп 320 орунга ылайыкташтырылган. Мектептин мурунку аталышы Фридрих Энгельс атындагы толук эмес орто мектеби болуп турган, 2007-жылдан бери мектеп Хафиз Турсунов атындагы негизги мектеп болуп келе жатат.
Мектептин 1926-жылы салынган 1-корпусу экотех инспекция тарабынан авариялык абалда деп табылып, анда жайгашкан китепкана, лаборатория жана компьютердик кана 2-корпуска көчүрүлдү. Бир класстык кана экиге бөлүнүп, китепкана жана лаборатория көчүрүлдү.
Жаңы 500 орундуу мектептин курулушу боюнча бардык документтер УКСга тапшырылып, проект-сметалар даярдалып, экспертизадан өткөрүлгөн жана КРнын өкмөтүнө жиберилген.
2023-жылы мектепке 500 орундуу заманбап жаны имарат курулушу боюнча маалымат келди.
Мектепте 12 класстык бөлмө, 1 мугалимдер бөлмөсү, 1 китепкана, 1 компьютердик кана.
Мектепте окутуу өзбек жана орус тилинде жүргүзүлөт. Быйылкы 2022-2023-окуу жылынын 1-сентябрь ОШ-1 отчет боюнча мектепте 503 окуучу окуп, билим тарбия алууда.
1-9-класста 503 окуучу 20 класс комплектисинде окуп жатышат. Алардын 231 башталгыч класс.
Окуучуларга 34 мугалим Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген. Мамлекеттик базистик окуу планынын негизинде сапаттуу билим берилүүдө.\
Мектепте иштеп жаткан мугалимдер: 34
Жогорку билимдүү: 31
Бүтпөгөн жогорку билимүү: 2
Атайын орто билимдүү: 2
Ардагер мугалимдер: 14
Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы: 5 мугалим.
Акыркы үч жылда мектептин материалдык техникалык базасын чындоо максатында бир топ иштер аткарылды.
Мектепте окутуу 5 күндүк болуп, 2 нөөмөттө жүргүзүлөт. 231 башталгыч класс окуучулары 2 нөөмөттө шашке чай ичишет.