Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
№1 гимназия-жатак интернаты 2021-2022-окуу жылынын баштап Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин А.О.Орусбаев атындагы орус тили институту менен тыгыз байланышта кызматташып келе жатат. Окуучулар аталган институттун бардык иш-чараларына онлайн форматта катышып, көптөгөн байгелүү орундарга ээ болушту. Атап айтканда, 2022-жылдын 27-апрелинен 6-июнуна чейин "Орус тили күнүнө" арналган Жаштар программасы боюнча өткөрүлгөн “Читаем Пушкина вместе” поэтикалык онлайн-акцияга 6а-классынын окуучулары Хабибуллаева Сабина, Алыкулова Айгерим, 6б- классынын окуучусу Аблакулова Асина, 7б- классынын окуучусу Темирбаева Арзыгул активдүү катышып, КРСУнун Орус тили институтунун Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Ал эми “Мой Пушкин” аталышындагы эссе жазуу конкурсуна 8б-классынын окуучусу Абдумаликова Салтанат катышып, институттун III даражадагы дипломуна ээ болду. “В чудесной пушкинской стране” аттуу сүрөт сынагына катышып, жыйынтыгында 9а- классынын окуучулары Аманов Элдияр II орун, Жунусова Таттыбубу II орун, Файзуллаева Наргиза III орунду камсыз кылышып, КРСУнун дипломдору менен сыйланышты. Ал эми ушул сынакка катышкан 10 окуучу активдүүлүгү үчүн сертификаттар менен сыйланышты.
Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата өткөрүлгөн “Мен сүйгөн китеп” аттуу буктрейлер конкурсунда 1 орунду 10-классынын окуучусу Сагыналы уулу Бекболот, II орунду 9а-классынын окуучулары Жунусова Таттыбубу, Дженалиева Саида, III орунду 7б- классынын окуучулары Арткбаева Асема, Темирбаева Арзыгул ээлештп, КРСУ тарабынан уюштурулган дипломдорго ээ болушту. Ал эми 10-классынын окуучусу Тажибаева Батма сертификатка ээ болду.
2022-жылында 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун 77 жылдыгына карата уюштурулган “И подвиг твой мы будем помнить свято” аттуу видео-эссе конкурсуна мектептин 10-классынын окуучусу Туратов Сыдык активдүү катышып, КРСУнун дипломуна ээ болду.
Жогоруда аталган сынактарга жетекчилик кылып, окуучуларга багыт берип даярдаган мугалимдери Т.Бурхановага жана Г.Кундузовага КРСУ тарабынан ыраазычылык каттар берилди.
Окуучулар иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн мектептин орус тили жана адабияты канаасы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин А.О.Орусбаева атындагы институту тарабынан методикалык стенддер менен жасалгаланды.
2022-2023-окуу жылында КРСУнун Орус тили институнда 23-январдан 23-февралга чейин орус поэзия жаатындагы белгилүү орус адабиятынын классиги В.С.Высоцкийдин 85 жылдыгына карата уюштурулган “Я дышу- и, значит, я люблю! Я люблю- и, значит, я живу!” аттуу көркөм окуу сынагына окуучуларыбыз Бурмакан Адыбаева, Шайырбек Ахунов, Сыймык Жусуповдор активдүү катышып, натыйжада Бурмакан Адыбаева лауреат дипломуна, ал эми Шайырбек Ахунов, Сыймык Жусупов сертификаттарга ээ болушту. КРСУ окуучуларды сынакка даярдаган орус тили жана адабияты мугалими Бурханова Таалайкан Мустафаевнага ыраазычылык жолдоду.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика