Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Орозбековский а/а,с. Кулду, улица А.Орозбеков, №245
№3 "Охна" гимназия-мектебинде 2022-2023-окуу жылынын 18-19-март куну 2 кундук "Креативдуу мугалим" курсу болуп отту.Бул курска №3 "Охна" гимназия-мектебинин мугалимдери жана башка мектептен мугалимдер катышышты. Курсту педагогика илимдердин доктуру, доцент Акматов Кыялбек Камутович откорду. Мугалимдерге сабак отуунун ыкмаларын уйротуу менен бирге негизги принциптер менен тааныштырып отту.
Окуучулардын койголору жонундо жана азыркы балдарга кантип туура мамиле кылууну уйротту.Билимден алдын тарбия беруу зарылдыгын кенен тушундурду."Татыктуу тарбия, сапаттуу билим" экендигине отурган мугалимдер баары макул болушту.Демек тарбияны бир гана ата-энеге жуктоп койбостон мугалимдер дагы, билим менен тарбияны кошо берип журуу керек.
Агай менен кошо кыргыз тили мугалими Атабекова Бактыгул эжекей дагы пайдалуу кенештерин айтып, сабакты кантип туура пландаштыруу керектигин тушундуруп берди. Сабак учурунда ызы-чууну кантип кыйкырбай туруп жонго салууну, оюн аркылуу окуучулардын конулун озуно кантип буруу керектигин айтты. Бир канча методторду жана сабакта ойнолуучу оюндарды уйротту.
2 кундук курста ото коп пайдалуу маалыматтарга ээ болуп, мугалимдер агайга жана тренинг отуп берген мугалимдерге оздорунун ыраазычылын билдиришип,аягында сертификаттар менен сыйланышты.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика