Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
№1 гимназия-жатак интернатында Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өнүктүрүү боюнча жана “ 21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө” карата “Эне тилим-менин дилим” темасындагы иш-чаралардын бир айлык планы түзүлүп, бир ай бою иш-чаралар өтүлдү. “Мен –Кыргыздын жараны” урааны менен “Эне тилим-менин дилим” темасында иш-чаралардын планы гуманитардык сабактар усулдук бирикмесинин башчысы Туратова Таалайхан Сапаровна тарабынан иштелип чыгып, мектеп администрациясы менен, класс жетекчилер менен макулдашылып, ишке ашырылды. Иш-чаралардын бири катары “Эне тилди барктайлы” темасында презентациялар сынагы жарыяланып, 9а-классынын окуучусу Ашимова Раянанын эмгеги 1-орунга (креативдүү презентация), 9а-классынын окуучусу Абдунабиева Жазгүлдүн эмгеги 2-орунга (креативдүү презентация), 5а-классынын окуучусу Орозбаев Умар 3-орун, 7б-классынын окуучусу Абдибалиева Сайкал 3-орун, 7а-классынын окуучусу Калматова Кыз-Жибек 3-орунга татыктуу болду. “Эне тилим-сыймыгым” аттуу дил баяндар сынагына 8 дил баян келип түшкөн. 1-орунга Абдибалиева Сайкал, 2-орунга Жапаркулова Айзат, 3-орунга Абдырахманов Сыймык ээ болду. Калган 5 дил баян көлөмү, көркөмдүгү, теманы ачып берүүсү канааттандырарлык деңгээлде жазылган. “Мамлекеттик тил-достуктун жана биримдиктин тили” аттуу темада фестиваль уюштурулду. Окуучулар кыргыз, түрк, казак, өзбек, орус тилдеринде саламдашышып, көркөм окуу, ыр, бий, элдик каада-салттан көрүнүш аткарышты. Максаты - ар бир улут өз эне тилин сүйүп, аздектеп сактап, тилдин ыйыктыгын, баалуулугун даңазалоо. Иш-чара максатына жетти. Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан окуучулар грамоталар менен сыйланышты.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика