ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 19 Март 2023 ж. 22:57

Англис тили айлыгы жыйынтыкталды

            Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлиги окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу макастында 2023- жылдын 7- февралынан 7- мартына чейин республиканын бардык билим берүү уюмдарында “Англис тилинин бир айлыгын” жарыялады. №1 гимназия- жатак интернатында окуучулардын денгээлине ылайык ар түрдүү кызыктуу иш-чаралардын планы англис тили мугалимдери тарабынан түзүлүп жана бекитилип, англис тили айлыгы жогору денгээлде өттү.

            5-6-класстардын окуучулары чон танапистерде “ Менин каарманым” деген темада 10-15 сүйлөмдөн турган презентация жасашты, бул иш-чара балдарга жагып, кээ бир окуучулар кайра-кайра катышып жатышты.  Анткени ар кимге өзү жана жактырган нерсеси жөнүндө сүйлөп берүү абдан кызыктуу.

            Ал эми 7-класстардын окуучулары  “Мен англис тилин сүйөм” деген темада дубал гезиттерин презентация кылышты. 8-класстар жаңы ыкмадагы STEAM долбоорун колдоп, өздөрү кызыккан темада 2 минутадан турган видеоролик жасашты, кимдир бирөө салат жасаганды англис тилинде үйрөтсө, кээ бир окуучулар браслет же гүл жасаганды англис тилинде үйрөтүп жатышты.

         Жогорку класстардагы окуучуларды англис тилине кызыктыруу жана үйрөнгөндөрүн реалдуу практикада колдонуу  максатында ар ай сайын бир канча китептин ээси, виртуальный спикер, йога боюнча профессионал тренер,  америкалык Харриет менен зуум аркылуу баарлашууну адатка айландырып алганбыз. 

             Ал эми англис тили айлыгында Харриет айым менен 3 жолу зуум аркылуу байланыштык. №1 гимназия-жатак интернатынын бүтүрүүчүсү, англис тили боюнча республикалык олимпиаданын катышуучусу Абдуллаева Кайрылай бүгүнкү  күндө Польшада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунда стажировка өтүүдө. Кайрылай менен да бир айда 4-5 жолу зуумдан жогорку класстын окуучулары англис тилинде маектешип, окуучуларга англис тилин оңой үйрөнүү боюнча  өзүнүн кеңешин берип жатты.

            Ар бир класстарда ачык сабактар өтүлүп, окуучулардын англис тилинде оозеки сүйлөөсүнө басым жасалды. 2-март күнү англис тили айлыгынын жыйынтыктоочу иш-чаралары өтүлдү. Мында 9-10-11-класстардын окуучулары “Англис тили менин жашоомдо” деген темада көрүнүштөрдү аткарышты.

            Бул иш-чаранын максаты - окуучуларды практика жүзүндө англис тилин өздөштүргөнүнө ынануу жана тил үйрөнүүгө кошумча мотивация берүү. Кечени 8 а-классынын окуучусу Асрарова Аксаамай эң жакшы алып барды, ал жерде конкурстан сырткаркы номерлер болду. Мисалы, 8а-классынын окуучусу Адыбаева Бурмакан Уилям Шекспирдин “ Быть или не Быть” чыгармасын сонун айтып берди, Сайдиллаев Курманбек Чыңгыз Айтматов жөнүндө англис тилинде маалымат берди, 7- класстардын окуучулары жомоктордон же бийлер аркылуу кыска сахналык көрүнүштөрдү аткарышты, ал эми жогорку класстардын окуучулары “Англис тили менин жашоомдо” деген темада сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Жыйынтыгында, 5 а-классынын окуучулары “ Best story-teller” номинациясына жана сыйлыкка ээ болду. 8 а-классынын окуучусу Адыбаева Бурмакан да сыйланды. STEAM видео сабактары конкурсунан “Best Instructor” номинациясы менен 8а-8б-б- класстарынын окуучулары Асрарова Аксаамай, Арткбаева Асема, Акимбаева Дамира жана Файзуллаева Айнура сыйланышты. “ The best role-play” номинациясына 9 б-класстын окуучулары татыктуу болду. Булардан сырткары активдүү катышкан окуучуларга ар түрдүү белектер берилди. Англис тили айлыгы эң жогорку деңгээлде өткөрүшкөн англис тили мугалимдери Ырысова Наргүлгө, Хамидинов Нуридинге жана Мурзалиева Нафисага окуучулар ыраазычылык билдиришти.    

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика