Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
Ош шаарындагы “Багыт” окуу борбору тарабынан райондор аралык окуучулардын ортосунда 3 турдан турган сынак өткөрүлдү. Сынактын 1-турундагы тестирлөөгө Лейлек районундагы ар бир мектептен 4 мыкты окуучулар катышышты. Таймаштын 2-турунда тестирлөөдөн жогорку упайларды топтогон окуучулар эссе жазышып, жыйынтыгында 14 окуучу “Багыт” окуу борбору тарабынан уюштурулган Ош шаарында өткөрүлүүчү “Кесибим - келечегим” аталышындагы форумга катышууга жолдомого жана “Багыт” окуу борборунун ЖРТга даярдоочу курстарына катышуу үчүн жеңилдетилген сертификаттарга ээ болушту. Ал эми эң жогорку упай топтогон №1 гимназия-жатак интернатынын 11-классынын окуучусу Элнура Эркебаева жогоруда аталган сынактын 3-туруна, башкача айтканда, 2023-жылдын 16-мартында Ош шаарында өтүлүүчү “Интеллектуалдык таймашка” 9 райондон келген тогуз окуучунун катарында катышып, 2-орунду камсыз кылды жана Ташкент шаарына эс алууга жолдомо утуп алды. Жеңүүчүлөр 2023-жылдын 17-мартындагы “Кесибим - келечегим” форумга катышып, Кыргызстандагы белгилүү инсандар менен кесип тандоо боюнча баарлашып кайтышты.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика