Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Мадынский а/а,с. Асанчек, улица Алымбек уулу Асанбек, 11
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 2022-2023-окуу жылынын январь, февраль, март айларында Интернационал орто мектебинде төмөндөгүдөй иш аракеттер аткарылды:
2023-жылдын 25-январынан 29-январына чейин “Адеп-ахлактык тарбиясын өнүктүрүү” жумалыгы өткөрүлдү. Жумалыктын алкагында 5-8-класстарда ачык тарбиялык сааттар өтүлдү. Асан-Чек айылынын жаштар комитетинин мүчөлөрү менен биргеликте “Жаркын келечекке карай жол” деген темада жолгушуу болуп, чыгармачыл жаштардын изденүүсү, ишкерликке карай багыт алуу, кесип тандоо боюнча аңгемелешүү болуп өттү. “Менин адебим-менин келечегим” деген темада сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, жыйынтыгында активдүү катышкан окуучулар жаштар комитетинин тарабынан уюштурулган белектер менен сыйланышты.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика