Адрес: Кыргызская Республика,Ошская обл.,Кара-Сууйский р-н,Сары-Колотский а/а,с. Сары-Колот, улица 25, 43
Бүгүн Сары-Колот айыл аймагынын Сары-Колот айылында «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында №95 К.Жантөшев атындагы орто мектебинин китепканасынын ачылышы болуп өттү. Китепкананын ачылышына ОшМунун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты доцент Мастура Шарипова, ОшМУнун филология илимдеринин кандидаты доцент Камардинова Уялкан, ОшМУнун педагогика илимдеринин кандидаты доцент Байтикова Бактыгуль, "Каректен аккан көз жаш" китебинин автору Абилов Рустам жана башка коноктор, ата-энелер, китеп сүйүүчүлөр келип катышышты. Келген конокторго окуучулар тарабынан чакан концерттик программа тартууланды. Китепкананын ачылышына келген конокторго жана китеп чогултууда өз салымын кошуп жардам көрсөткөн активист окуучуларга жана уюштуруучуларга Сары-Колот айыл өкмөтү тарабынан "Ыраазылык баракчасы" ыйгарылды.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика