Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Кыргыз-Кыштакский а/а,с. Кыргыз-Кыштак, улица Т.Тургунов, 73
Бүгүн 2023-жылдын 1-мартында Т. Тургунов орто мектебинин базасында ”Окуу керемет” долбоору тарабынан ткрлп жаткан "Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз" аттуу Республикалык сынактын аймактык туру болуп өттү. Иш чарага 11 мектеп, 18 команда, жетекчилери менен катышты. Иш чара жогорку денгээлде өттү. Бүргөндү аймагынын жаш изилдөөчүлөрү эң мыкты эмгектерди алып чыгышты. Изилдөөнүн негизинде окуучулар тандаган темасы боюнча кызыгууларын изилдеп, далилдеп, мыкты эмгектери көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгында 1-орунга “Жер шаарынын биологиялык ар турдүүлүгүн сактайлы” деген темада Т.Тургунов атындагы орто мектебинин 6-класс окуучулары, “Көп улуттуу Кыргызстандагы элдердин маданияты” деген темада А. Төралиев атындагы орто мектебинин 3-4 класс окуучулары жана “Мен жана менин дүйнөм” темасында
О.Абдрахманов атындагы орто мектебинин 2-классынын окуучулары татыктуу болушту.
Конкурска катышкан мыкты командалар жана таланттуу окуучулар “Мактоо баракчалары” менен сыйланышты. Биринчи орунду камсыз кылган үч командага райондук турга катышууга жолдомо берилди.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика