Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
№1 гимназия-жатак интернатынын медиа бурчу жөнүндө маалымыт
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 24-сентябрындагы №01-22/4414 сандуу буйругун ишке ашыруу жана “ММК колдоо борбору” фонду тарабынан мугалимдер жана окуучулар арасында медиа сабаттуулуктун элементтери камтылган сабактардын иштелмеси, окуучулардын арасында мектептин ар түрдүү жаңылыктарын камтыган “Эң мыкты медиа бурч ” сынагына катышуу максатында №1 гимназия-жатак интернатында "shattyk_fm_gimnazia" медиа бурчу уюштурулду. Ага жооптуу мугалим катары мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, "Жаш журналисттер" ийриминин жетекчиси Тойчубаева Гүлзат Базарбаевна дайындалып, конкурстун шарттарына жараша медиа бурчка маалыматтарды даярдоочу 6 окуучудан турган топ түзүлдү. Алар - Анара Гүлбаева, Улугай Исабекова, Айсымбат Ниматова, Нурланбек уулу Бегатан, Айданек Абдусалимова, Сагыналы уулу Бекболот. Биздин мектептик медиа бурч социалдык тармактарды (Facebook, instagram, telegram, youtube) колдонгон бардык окуучулар, ата-энелер, мугалимдер үчүн жеткиликтүү. Төмөндө бардык маалыматтык бурчтарыбыздын шилтемелери көрсөтүлдү.
Медиа бурчтун социалдык баракчаларынан ата-энелер балдарынын жетишкендиктери, окуу процессинин жүрүшү тууралуу маалыматтарды алып турушат. Ошондой эле алардын мектеп менен тыгыз иш алып баруусуна мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Биздин медиа мектептеги ар түрдүү иш-чараларды (спорттук, билим, коомдук) окуучулардын окууда жетишкен ийгиликтерин, дистанаттык билим берүү, дебат, маалыматты аң-сезимдүү колдонуу, кастык тили, кибербуллинг темаларын чагылдырып келет. Окуучулардын санариптик технологияларды колдонуп, дизайн менен иштөөсү, маалыматты аң-сезимдүү колдонуусу эске алынып, 2021-жылы республикалык мектептик медиа бурчтардын IV форумуна катышып, республикалык “Мыкты медиа бурч -10” сынагынын женүүчүсү болуп табылды. Ош шаарында өткөрүлгөн форумга Сагыналы уулу Бекболот жана медиа бурчка жооптуу мугалим Тойчубаева Гүлзат барып катышып, видео тартууга арналган түстүү лампа, статуетка жана сертификат менен сыйланышты. Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан сынакка быйылкы окуу жылында Ашимова Раяна, Анарбекова Айназик, Абдинабиева Жазгүл, Раимбердиева Акмарал аттуу кыздардан турган топ түзүлүп, “ Gumnazium1. Media” бурч деп өзгөртүлүп, ошол эле медиа бурчтун иштерин улантышып, медиа бурчту өнүктүрүүгө салым кошуп келе жатышат.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика