СШ Учреждение Средняя школа №1 имени "Токтогула" Кадамжайского района

Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Халмионский а/а,с. Халмион, улица Абдыкадыр Орозбеков, 81

Автор: СШ Учреждение Средняя школа №1 имени "Токтогула" Кадамжайского района 24 Февраль 2023 ж. 8:53

Президент Садыр Жапаровдун ,, Улуттук нарктуулукту сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө,,гу жарлыгынын негизинде Токтогул атындагы орто мектебинде ,,Улут наркы-улуу мурас" аттуу достук фестивалы болуп өттү.

2023-жылдын 23-февраль күнү Исхак Полотхан айыл өкмөтүнүн Маданият үйүндө ,,Улут наркы-улуу мурас" аттуу  достук фестивалы өткөрүлдү.Бул иш чара Кыргыз Республикасынын президентинин ,,2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө" гү  жарлыгы негизинде  Токтогул атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты тарабынан уюштурулду.
Бул иш чаранын максаты: Руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдердин наркын сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу Кыргызстандык жаранды  тарбиялоо болуп эсептелет.
Бул фестивалга Кадамжай район мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары Асанова Меерихан, Кадамжай райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаевич, Исхак Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы орун басары  Түгөлбай Кудайкулов,  Баткен облусунун ,,Тынчтык демилгелери" долбоорунун жетекчиси Айбек Муратов жана бир нече кадырлуу коноктор катышышты.
Бүгүнкү иш чарага келген коноктор  достук фестивалын  эң жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилешти.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика