Адрес: Кыргызская Республика,Баткенская обл.,Кадамжайский р-н,Кыргыз-Кыштакский а/а,с. Кыргыз-Кыштак, улица Т.Тургунов, 73
КР Өкмөтунун 2021-жылдын 16-февралы № 46 “Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна негиз
Кадамжай районундагы №14 Т.Тургунов атындагы орто мектебине көмөкчү чарба уюштуруу үчүн Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын өздөштүрүлүүчү категориясындагы жерлерден окуучуларынын тамактануусунун сапатын жакшыртуу максатында 6.48 га жер бөлүнүп берилди.
Мектеп алдындагы көмөкчү чарбаны көзөмөлдөөчү байкоочу кеңеш түзүлдү.
Көмөкчү чарбанын ишин жүргүзүү үчүн башкаруу комитети 4 жылдык мөөнөткө түзүлүп жаз алды менен жумуш баштоонун алдында турат. Ажыратылган жер таштак жер болгонуна байланыштуу көмөкчү чарба негизинен бак багытында түзүлүп, ар түрдүү мөмөлүү дарактарды отургузуу пландалууда. Көмөкчү чарба дароо эле киреше бербейт, бирок келечекте мектеп окуучуларынын тамактануу сапатын жакшыртууга жана рационун кеңейтүүгө зор салым кошот.
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика