ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 21 Февраль 2023 ж. 21:59

Эне тил - биримдиктин жана достуктун тили

2023-жылдын 20-февралында № 1 гимназия-жатак интернатында 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата "Эне тил - биримдиктин жана достуктун тили" деген темада фестиваль болуп өттү. Фестивалда 8а-класстын окуучулары түрк, 8б-класстын окуучулары өзбек, 9а-класстын окуучулары орус, 9б-класстын окуучулары кыргыз, 10-класстын окуучулары казак элинин маданиятын, тарыхын ар бир элдин эне тилинде чагылдырып берүүгө аракет кылышты. Иш-чараны уюштуруп, окуучуларга эне тилдин ыйыктыгын, улуулугун сиңирүүгө аракет кылган мугалимибиз -  кыргыз тили жана адабияты мугалими Туратова Таалайхан Сапаровна.  

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика