ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 20 Февраль 2023 ж. 18:46

"Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылышын алдын алуу" деген темада талкуу өтүлдү

2023-жылдын 10-февралында №1 гимназия-жатак интернатындагы ата-энелер, класс жетекчилер үчүн "Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылышын алдын алуу" деген темада онлайн форматта талкуу болуп өттү. Талкууда соцпедагог Таалайкан Бурханова "Миграциянын окуучуларга тийгизген таасири", 8а-классынын жетекчиси Таалайхан Туратова "Өспүрүм балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү", үй-бүлөлүк психолог Гүлнур Жапарова "Ата-эненин балдарды тарбиялоодогу ролу", кыргыз тили жана адабияты мугалими Максатай Нийматова " Z муундар" деген темаларда докладдарын окушту. Талкуунун жүрүшүндө №1 гимназия-жатак интернатынын 21 ички жана тышкы миграцияда жүргөн ата-энелери, класс жетекчилери өз ой-пикирлерин билдиришти. Бул иш-чара "Тынчтык демилгелери" коомдук фондунун "Тынчтык демилгелерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү" долбоорунун алкагында өтүүдө. 

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика