Январь айынын башы мугалимдер үчүн ары кызыктуу,ары билимин ар тараптуу өркүндөтүүгө багышталып.Заманыбыздын мыкты инсаны,педагог,улуу агайыбыз Гапыр Мадаминовдун эмгектерин жайылтуу максатында мугалимдер арасында "Китеп окуу"конкурсу болуп өттү.Алгач мугалимдер агайыбыздын балдарга,мугалимдерге,жада калса жашы улгайган инсандарга арналган "Акыл эмгегинин маданияты"аттуу китеби окулуп,январь айы ичи китепти талкуулап,тесттик суроолорго жооп берип,өздөрүнүн билимин өркүндөтүүгө шарт түздү.Ар бир жуманын аягында китепти мугалимдер талкуулап ар бир теманы майдалап окуп чыгышып ,бири-бири менен эң сонун маектерди курушуп,китеп окууга болгон кызыгууларын бекемдешти.
Китеп окуу конкурсуна катышкан ар бир мугалимге ыраазычылык билдиребиз жана ушул идеяны алып чыгып жаш мугалимдерге шык тартуулаган, өз кесибинин чебери экендигин далилдеген мектептин информатика мугалими Маатова Гүлжамал эжекеге мектеп жамааты тарабынан ыраазычылык билдиребиз жана ийгиликтерди каалайбыз.
Китеп окуу конкурсу бул менен эле токтоп калбайт,жылдын аягына чейин өзүн өзү өркүндөтүү боюнча мугалимдер арасында китептер окулуп,талкууланмакчы."Китеп билим булагы" демекчи китеп окурмандарынын саны көбөйө берсин !