ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района

Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35

Автор: ГИ Гимназия-интернат №1 Лейлекского района 7 Февраль 2023 ж. 13:44

Гимназиядагы ЮНИСЕФтин жаш ыктыярчылары

Биздин окуучулар билим алуу менен бирге коомдук иш-чараларга да активдүү катышып, коомго өз пайдасын тийгизип келе жатат. Атап айтсак, 2022-2023-окуу жылында биздин мектепте аталаган уюмга мүчө болгон окуучулар: Анарбекова Айназик (9а-класс), Ашимова Раяна (9а-класс), Тажибаева Батма (11-класс), Эгембедиева Айназик (10-класс), Бурубаева Каныкей (10-класс), Жунусова Таттыбүбү (10-класс), Аманов Даниел (11-класс), Туранов Сыдык (11-класс), Сагыналы уулу Бекболот (11-класс), Калыкова Мээркан (10-класс) ЮНИСЕФтин  “Мектеп чөйрөсүндөгү гигиена”,  “Коопсуз мектеп” долбоорлору боюнча 2022-жылдын 29-30-31-август күндөрү Ош шаарында өткөн окуу-семинарга катышып, Лейлек районундагы мектептердин 3-4-5-класстардын  окуучуларына гигиена тууралуу маалыматтарды жеткиришти.

  Ал эми 2021-2022-окуу жылындагы волонтер окуучуларыбыз Базарбаева Мырзайым, Эгембердиева Айгүл, Камалова Асемалар да өз милдеттерин мыкты аткарышты. American  councils уюму тарабынан 18-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулган акцияга биздин мектептин 8-9-10-11-класстарынын ыктыярчылары катышып, Лейлек районунун аймагында тазалык иштерин жүргүзүштү. Бул долбоорго мектебибиздин бүтүрүүчүсү, “FLEX” программасынын жеңүүчүсү Абдурайимова Маржана жетекчилик кылды.

       Мындан сырткары 2021-жылдын апрель-май айларында “Табият кырсыктарынын  тобокелдигин азайтуу” жана “Кызыл Ай коомунун” өзгөчө кырдаалдар учурунда биринчи жардам көрсөтүү боюнча тренингдерине Камалова Асема, Эгембердиева Айгүл, Анарбекова Бегимай, Базарбаева Мырзайым катышып, Раззаков шаарындагы мектептердин  окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Окууларды өтүшкөн.

© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика