Адрес: Баткенская область,Лейлекский район,г.Исфана, ул.Жалилова,35
№1 гимназия-жатак интернатында 2022-2023-окуу жылынын 16-ноябрынан информатика предмети боюнча 26-ноябрына чейин 10 күндүк декада өткөрүлдү. Декада өткөрүүнүн масаты:
-Бүгүнкү күндүн талабы болгон компьютерге окуучуларды кызыктыруу, тартынчаак балдарды окууга тартуу. Компьютерди эркин колдоно билүүгө, сайттар менен иштегенге үйрөтүү.
Декадада күн сайын окуучулар менен линейкалар өткөрүлдү. Линейкада окуучулар информатикага байланыштуу жаңы маалыматтарды алышты. 5-6- класстар үчүн “Ребус” сынагы өткөрүлдү, сынакта окуучулардын ой жүгүртүүсү өсүп, тапкычтыкка шыктанышты. Жыйынтыгында 1-орунду 5б-классынын окуучусу Сайпиллаев Искендер, 2-орунду 5а- классынын окуучусу Матаева Ямина, 3-орунду 5а- классынын окуучусу Камалова Сафия ээлешти. 2022-жылдын 18-ноябрында 7-8-9- класстар үчүн “Мыкты слайд” конкурсу болуп өттү. Конкурста балдардын жасаган слайддарынын маанисине, жасалгаланган фонуна, убактысына, форматтарына көңүл бурулуп, “Эң мыкты слайд” сынагында 1-орунду 7б- классынын окуучусу Турдубекова Элзада, 2-орунду 6-классынын окуучусу Калматова Кызжибек, 3-орунду 9б –классынын окуучусу Жалилова Бегимай камсыз кылды.
16.11.2022-26.11.2022-жылга чейин 8-9-класстар үчүн “Кроссворд” сынагы болуп өттү. Сынакта 1-орунду 8а-классынын окуучусу Азимова Аймончок, 2-орунду 8а-классынын окуучусу Жаркынбаев Самат, 3-орунду 8а-классынын окуучусу Абдирашитов Элес ээлешти.
22.11.2022-жылы “Менин манжаларым мыкты” аттуу минуталык жазуу иши өткөрүлдү. Бул сынакта окуучулар убакытты туура пайдаланганды, бат жазганды, манжаларын бирдей кыймылдатканды үйрөнүштү. Жыйынтыгында 1-орунду 10-классынын окуучусу Эгембердиева Айназик, 2- орунду 10-классынын окуучусу Файзуллаев Каныбек, 3- орунду 8а-классынын окуучусу Арстанбекова Насипкан ээлешти.
Ошондой эле декаданын алкагында информатика мугалими Асилхан Абдиева тарабынан 7а-7б-класстарга Microsoft Power Point программасында ачык сабак өтүлдү. Сабакта балдар Microsoft Power Point программасы жөнүндө жаңы маалымат алышты. Microsoft Power Point программасында презентация даярдаганды үйрөнүштү. Жашоодо колдонгонду билишти.
25.11.2022-жылы 5-6-класстар арасында “Сен мыктысың” конкурсу болуп өттү. Конкурска компьютердин түзүлүшүн жакшы билген, компьютерде эң мыкты сүрөт тарткан, информатикага байланыштуу эрежелерди жатка билген окуучулар катышты. 5а-классынын окуучулары Орозбаев Умар, Абдыганыева А, 6-классынын окуучусу Самидинова Сумайра , 8б-классынын окуучусу Муратов Нурканымет катышып, сыйлыктарга ээ болушту.
26.11.2022-жылы 10 күндүк декада жыйынтыкталып, линейка өткөрүлүп, окуучуларга грамоталар, кызыктыруучу белектер берилди.
“Ар бир сабак өткөн мугалим, ошол эле учурда өзү да сабак алат ”( Ш.Амонашвили) .
Жакшы мугалим болуу үчүн, окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл. (В. Ключевский).
© 2021. Министерство образования и науки Кыргызской Республики. Сайт разработан учреждением "Жаңы Китеп". Статистика